Иран өкүмдарлары яхудий вужудунун жооп кайтарууну талап кылган катасы дегенде эмнени түшүнүшөт?!

406
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Иран өкүмдарлары яхудий вужудунун жооп кайтарууну талап кылган катасы дегенде эмнени түшүнүшөт?!

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү Иран армиясы кургактык күчтөрү командасычынын «Эгер бул душман ката кыла турган болсо, биз Тель-Авив менен Хайфаны жер менен жексен кылабыз» деген сөздөрүнө түшүндүрмө катары мындай деди: «Иран режими яхудийлер мубарек жер менен Расулуллах ﷺдын Исра жерин басып алып, ал жерди өздөрүнүн ибадатканасына айлантууга урунуп жатышканын ката деп эсептебесе, анда, аракетке келиши үчүн яхудийлердин дагы кандай катасын күтүп жатышат?! Алардын мусулмандарды өлтүрүү, блок-посттордо муслималарды атуу, Фалестин калкын качкынга айлантып, үй-жайларын бузуп, камакка алуу, жаназаларына чабуул кылуу сыяктуу кылмыштары Иран режиминин назарында ката эсептелбесе, анда, эмнеси ката болуп эсептелет?! Иран режими яхудий вужуду анын уламаларын өлтүрүшүн, жетекчилерине кол салышын, объекттерин бомбалашын ката эсептебесе, анда, Иран армиясы аракетке келишин талап кылган кызыл сызык кандай?! Баскынчылардын бул жана башка кылмыштары Иран режиминин назарында ката эсептелбесе, демек, жер менен жексен кылуу туурасындагы бул билдирүүнүн мааниси «кадыржам болгула жана каалаганыңарды кылгыла, эмне кылсаңар да биз аны олуттуу аракетти талап кылган ката деп эсептебейбиз, биз силерден бир даана ок атууга ылайык бир да катаны көрбөдүк» дегенди түшүндүрөт! Себеби, Иран режими, мусуман өлкөлөрүндөгү башка режимдерден айырмасыз түрдө, проблеманын бир бөлүгү болуп эсептелет. Иран режими – Умматты талкалоого жана яхудийлерди өлкөлөрүбүздөгү алдыңкы базасы катары бекемдөөгө урунуп жаткан колонизатор Батыштын колундагы куурчак. Ошондуктан, бул мубарек жердин маселеси ушул вужудду түп-тамыры менен кулатуу менен гана чечилет, башка жол менен чечилбейт. Умматтан бул иш талап кылынышы менен бирге, колонизатор Батыштын өлкөлөрүбүздөгү режимдерин жана өкүмдарларын кулатуу жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөнү да талап кылат.

 

Роя гезити, №396, 2022-жыл, 22-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here