Эмираттар жана өлкөлөрүбүздөгү режимдер эң ыплас душмандарыбыз менен бир катарда турушат!

131
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эмираттар жана өлкөлөрүбүздөгү режимдер эң ыплас душмандарыбыз менен бир катарда турушат!

Яхудийлердин «Channel 12» телеканалы билдиришинче, (израиль) армиясы Ирандын ракета коркунучтарына каршы туруу жана тез эскертүү системасын түзүүдө кызматташуу алкагында Жакынкы Чыгышта, Эмираттар жана Бахрейнде радар системасын орноткон. Жакында АКШ Koнгрессинин мүчөлөрү мыйзам долбоорун алга сүргөн, бул долбоор АКШ Коргоо министрлиги (Пентагон) яхудийлер менен араб мамлекеттеринин аба коргоосун бириктирүүнү камтыйт. Мындай жаңылыктар яхудийлердин премьер-министри Нафтали Беннет бейшемби күнү президент Мухаммад ибн Зайиддин чакыруусу менен Эмираттарга сапар кылган убакта ачыкталды.

Баса белгилеп айтсак, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өз сайтында бул жөнүндө түшүндүрмө жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Яхудийлер менен Эмираттар жана башка исламий өлкөлөрүбүздөгү өкүмдарлар ортосунда мамилелерди нормалдаштырууга багытталган сапарлар көбөйгөндүгү бул режимдердин баары Ислам Умматынын душмандары менен бир сапта турганын дагы бир ирет баса белгилеп жатат… Өлкөбүздө яхудий вужудун пайда кылып, Сайкс-Пико мамлекетчелери негизиндеги өкүмдарларды жараткан жана аларды яхудий вужудуна дос кылган Батыш колонизаторлорунун кызыкчылыктары ушул өкүмдарлардын яхудийлер менен кызматташууну о.э. өлкөлөрүбүздөгү колонизатордук фитналарды ишке ашырууну талап кылат! Саткын өкүмдарлар жана максаттары бир шериктештери Умматка каршы күрөштө жана анын бир Халифалык мамлекетинде биригишин алдын алууда жан үрөп аракет кылышууда. Демек, алар үчүн кооп-коркунуч – бул тактылары жана жасалма мамлекетчелерине Умматтын коркунуч салып жатканы. Уммат бүгүн тартып алынган бийлигин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу кайтарып алууга ылдам кадам таштоодо. Ошондуктан, саткын башчылардын сапар жана жолугушууларынын көбөйүп жатканы таң калычтуу эмес».

Түшүндүрмөнүн акырында мындай делет: «Эмираттар жана башка малай режимдердин яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу сапарларынын тушунда Умматтын өзгөргүс максаттарына каршы күрөшү да көбөйүп барууда. Бул болсо, аларга каршы отко май чачуудай кеп. Бул абал бир күнү жарылып, аларды тактыларынан кулатат о.э. Умматка яхудий вужудун жана Батыштын өлкөлөрүбүздөгү башка малайларын түп-тамыры менен кулата турган бардык мусулмандарды бириктирүүчү мамлекетин алып келет. Демек, армияларыбыздын командачылары үчүн Умматты мындай саткындардан жана кресттүүлөр өлкөлөрүбүзгө отургузган малайлардан тазалоонун о.э. рошид Халифалыкты тикелөө үчүн тезинен аракетке келүүнүн убагы келди».

 

Роя гезити, №396, 2022-жыл, 22-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here