Ирактагы каргалар күрөшү жана Умматтын азап-кыйынчылыктары

239
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ирактагы каргалар күрөшү жана Умматтын азап-кыйынчылыктары

 Устаз Мазин Даббаг

Иракта мөөнөтүнөн мурда болуп өткөн парламенттик шайлоонун натыйжалары жарыя кылынгандан кийин бүтүндөй өлкө саясий башаламандыкка кептелди. Белгилүү болгондой, өткөн жылдын онунчу октябрында болуп өткөн шайлоодо Ирак шайлоолору боюнча көз карандысыз Жогорку комиссия менен Федералдык сот Муктада ас-Садр жетектеген Садрчылар кыймылы 329 орундуу парламенттин 73 орунун алып, эң көп орунга ээ болгонун, парламенттеги Эл сапарбарлыгы фракциясынын негизги өкүлү болгон Фатх кыймылы 17 орунду алганын тастыктады. Алгач Фатх кыймылы шайлоонун алгачкы натыйжаларына «фалсификация болду» деп нааразылык билдирген эле.

Мына, Ирак өкмөтү шайлоолордо Багдад жана түштүктөгү шаарлардагы элдик демонстрацияларды басуу үчүн мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүүгө убада берген шайлоолордон бери жети айдан ашык убакыт өттү. Бирок, саясий тараптар т.а. Садрчылар кыймылы менен шайлоодо жеңилген шиалардын Координациялык кеңеши ортосунда күрөш жана чыр-чатактар уланууда… Садрчылар кыймылы шайлоонун натыйжаларына ылайык, өз жеңишине таянып улуттук биримдик өкмөтүн түзүүгө чакырып жаткан болсо, жеңилген шиалар кыймылы баштапкыдай консенсуалдуу өкмөт түзүүгө чакырууда. Ошондон бери, өлкөдөгү негизги күчтөр ортосунда жаңы өкмөт түзүү боюнча келишүүгө жетишүү мүмкүнчүлүгү болбой жаткан жана шиа шиадан бөлүнүп кеткен көрүнүштө Ирак саясий сахнасы дагы да татаалдашууда. Ушул көз караштан алганда, белгилүү саясатчы жана Садрчылар кыймылынын Нажаф шаарындагы мүчөлөрүнүн бири «Арабий Жадидге» берген маегинде өкмөт түзүүдөн да, өкмөт түзүү менен алектенүүчү парламенттеги ири фракция түзүүдөн да татаал проблема эки тараптын келишпестиги деди. Ал Садр 2003-жылдан бери Ирак азап-кыйынчылыкта жашап жаткан башаламандыктардан чыгууну каалап жатканын баса белгилеп: «Садр менен Координациялык кеңештин ортосундагы келишпестик узак жылдардан бери уланууда, бирок, бул ирет Садрдын башка атаандаштары бир союзга келишкени жаңылык болду… Садр эгер азыркы саясий карама-каршылыкта жеңилсе, Садрчылар саясий кыймылы өз келечегинин чоң бөлүгүн атаандаштарына тарттырып жибериши мүмкүн экенин билип турат», – деди.

Бүгүн Ирактагы саясий блоктору ортосунда болуп жаткан баш аламандык жана күрөштөрдү күзөтүп жаткан киши бул саясатчылар менен Ирак калкы ортосунда чоң ажырым бар экенин түшүнөт. Саясатчылар калктын кыйынчылыктарын, айрыкча, кымбатчылыкты жана жумушсуздук күчөп, жакырчылык жайылганын көрүп туруп, буга көңүл бурбай жатышат. Алар момун жөнүндө убадага да, милдетке да карашпайт. Алар адамдардын акы-укуктарын бузуп, бул кылмыштарын бюджет жана өкмөт түзүү менен «түшүндүрүшүүдө»! Мисалы, Ирактагы эң чоң бийлик эсептелген Федералдык Жогорку сот 2022-жылы 15-май күнү азык-түлүк коопсуздугу жана өнүктүрүүнү колдоп-кубаттоо мыйзам долбоорун Хашшан деген бир депутаттын арызы негизинде бекер кылуу туурасында токтом чыгарды. Муну Казимий өкмөтү убактылуу өкмөт болуп, мыйзам долбоорлорун жана кредит келишимдерин түзүүгө акысы жок экени менен түшүндүрдү.

Демек, тээ тараптардын бири жан берүү кадамын таштамайынча өкмөт түзүп болбойт. Кудум, Садрчылар кыймылы Координациялык кеңешти кыйын абалга салып коюу ниетинде бир нече сунуштарды ортого салышты. Алардын бири Координациялык кеңешке – алардын колунан келбешин билип – өкмөт түзүү үчүн кырк күн мөөнөт бериши жана ошондон кийин көз карандысыз депутаттарды Координациялык кеңеш катышпай он беш күн ичинде Ирак өкмөтүн түзүүгө чакырышы болду.

Ушул себептен улам, Садрчылар кыймылынын бир аз жан берүүдөн башка чарасы калбагандай көрүнөт. Себеби, абал баары үчүн татаалдашып кетти, айрыкча, Координациялык кеңеш менен Иран тарабынан колдоп-кубатталган күчтөр өз позицияларында бекем турушкандан кийин. Шафак Ньюздун кабарына ылайык, Асаиби Ахлул Хак уюмунун башкы катчысы Кайс Хазаълий «Садрчылар кыймылынын делегациясын кабыл алганын жана делегацияны Садрчылар түзмөкчү болуп жаткан жаңы өкмөттөгү Нурий Маликий өкүлдөрү болгон Координациялык кеңештин бир топ депутаттары коштоп келгенин билдирди». Ал: «Чоң уюмдан баш тартуу акыйкатты текке кетирүү дегени. Ошондуктан, Садрчылар кыймылы жакшыраак жан берүүлөрү керек», – деди.

«Асаиби Ахлул Хак»тын башкы катчысы эки күрд партиялары (Күрдстан Демократтар партиясы менен Күрдстан Мекенчилдер Союзу партиясы) ортосундагы келишүүнү чечим тарапка ташталган салмактуу кадам деп баалады. О.э. ал «Бул күрддөр келишүүсү шиа партияларын да келишүүгө үндөшүн жана үч тараптуу союз теңдемесин жок кылышын» баса белгиледи. Хазаълий: «Садрчылар кыймылы Координациялык кеңешти өз ичине алууга жана ага саясий артыкчылыктарды берүүгө даяр эмес о.э. Садрчылар кыймылы премьер-министрдин талапкерлигин көрсөтүүгө акылуу, биз четке кагууга акылуубуз», – деп кошумчалады.

Эй Ирак мусулмандары!

Силерге эң ыплас адамдар жана рувайбизалар өкүмдарлык кылгандан кийин абалыңар ушул болду. Өз көзүңөр менен көрдүңөр, силердин кыйроо жакасына келгениңер аларды кымындай кабатырга салбайт. Себеби, алар үчүн эң маанилүүсү өздөрүнүн кызыкчылыгы жана жеңиштери. Демек, «улуттук мекен» деген ураандарга алданып калбагыла. Мындай ураандар эч нерсе алып келбейт. Анткени, баары өз кызыкчылыгын ойлошот!

Ошондуктан, бүгүн өз тагдырыңарды өзүңөр белгилешиңер о.э. өзүңөргө келип, акылыңарды жыйнап, Роббиңердин шариятына кайтышыңар важиб. Силер аянычтуу абалыңарды пикирлөө булагына эмес, пикирлөө ордуна айлантып, аны өзгөрткүлө жана жашооңорду ошого ылайык калыптандыргыла. Аллах Таала мусулмандарга тогуттун өкүмү астында жашоону харам кылып, мындай деген:

﴿أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ آمَنُوا بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَنْ يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَنْ يَكْفُرُوا بِهِ وَيُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَنْ يُضِلَّهُمْ ضَلالا بَعِيداً﴾

«(Эй Мухаммад), өздөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге  (Куръанга) жана сенден мурда түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтирген деп эсептеген  (айрым) кимселер шайтанга өкүм сурап барууну каалап жатышканын көрбөдүңбү, акыйкатта болсо аларга ага ишенбөө буйрулган эле. (Себеби) шайтан аларды бүтүндөй жолдон азгырууну каалайт»                                                                   [4:60]

Силер Батыш киргизген демократияны да, ал силерге кыргын, качкындык, жакырчылыкты алып келгенин да, бузукулук жана баңгизатты кеңири жайганын да көрдүңөр. Ал эми, Аллах силерди Анын өкүмү астында жашоону жана кожоюндукту кайра Аллахка берүүнү буйруду.

Ошентип, маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу о.э. Аллахка ыйман келтирүү менен гана силерде жакшылык жүзөгө келет, себеби,

﴿إِنَّ اللهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ﴾

«Аныгында бир коом өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Аллах алардын абалын өзгөртпөйт»

                                                                                                                                   [13:11]

Демек, силер Роббиңердин өкүмүсүз жана шариятысыз кутула да албайсыңар, абалыңар да оңолбойт, бытыранды-бөлүнүүдөн бийиктик-өнүгүүгө да чыга албайсыңар, кыйынчылык-бактысыздыктан бейпилдик жолун да таба албайсыңар. Жападан-жалгыз кутулуу Роббиңердин өкүмү жана шарияты болуп, мындан башкасында кутулуу жок.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (т.а. динге) даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»             [8:24]

 

Роя гезити, №392, 2022-жыл, 25-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here