بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Америка Ливия кризисин дагы да татаалдаштырууда
Устаз Ахмад Мухаззиб
- «The Libya Observe» гезитинде жарыяланган кабарда «Ливиядагы АКШ элчилиги Ливия нефть кирешелерин убактылуу тоңдуруу чечимин колдору» айтылат.
- Байкоочулар «азык-түлүк акысына нефть» программасынын ишке ашышына дагы да кабатырда.
- Ушул айдын сегизинчи күнү АКШ элчиси Норланд Табрук парламентинин төрагасы Акила Салих менен жолугушту. Табрук өкүлдөр палатасынын спикери Абдулхамид Сафи массалык маалымат каражатынын өкүлүнө: «Жолугушууда бир нече документтер каралды, алардын эң маанилүүсү нефть кендерин жабуу жана Сирт шаарындагы Пашага өкмөтүнүн аракети жөнүндө болду», – деп билдирүү берди. Ал: «Нефть кендеринин ачылышы андан түшкөн кирешелердин вилаяттарга адилеттүү бөлүштүрүү механизми орнотулгандан кийин гана ишке ашат», – деп ачыктады. Ооба, Америка Ливия калкына каршы өзүнүн мындай кылмыштуу аракеттери менен малайы Акила Салих жардамында ливиялыктар алдына эки вариантты коюуда, экөөсү тең уу: Хафтардын коргоосу жана буйругу астындагы үчүнчү өкмөткө моюн сунуу же Ливияны «вилаяттар» деген аталышта экиге же андан көбүрөөккө бөлүүгө макул болуу.
- АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөр палатасы менен Мамлекеттик Жогорку кеңештин талкуулары маанилүү экенин баса белгиледи. Белгилүү болгондой, бул жыйын 2022-жылы 13-апрель күнү конституциялык негизди белгилөө үчүн Каирде өткөрүлгөн. (The Libya Observe).
- АКШнын Ливиядагы элчиси бир демилгени ортого салды. Т.а. Дабиба анын өкмөтү шайлоолорду өткөргөнгө чейин премьер-министрлик кызматта болот. Бир шарт менен, ал президенттикке өз талапкерлигин койбоого жазуу түрүндө убада бериши керек.
- 18-май күнү Мисир режими эки өкмөттү т.а. БУУ колдогон Дабиба өкмөтү менен Акила Салих жана анын парламенти тарабынан ачык жасалмалуулук менен дайындалган Пашага өкмөтүн таратуу менен чечимге жетишилет, деген өзүнүн «жаңы демилгеси» менен чыкты. Анда бул өкмөттөрдүн ордуна жаңы өкмөт түзүлүп, (Өкүлдөр Палатасы комиссиясы жана Мамлекеттин Жогорку Кеңешинин комиссиясынан) турган Каир жолугушуусунун катышуучулары тарабынан конституциялык база жаратылганга чейин проактивдүү кадам катары шайлоолор өткөрүлүшү айтылган. Эч кимге сыр болбогондой, мисирликтер Ливияда Американын тымызын көрсөтмөсү негизинде кадам шилтеп, беш чоң мамлекетке «жаңы демилге» сунушташты. Демилгеде Пашага өкмөтү менен Дабиба өкмөтүнөн тышкары жаңы өкмөт түзүүгө чакырылган. Ошол эле убакта, Пашаганы Хафтардын жардамында Триполиге кирүүгө үгүттөп жатышат. Эгер, Пашага Триполиде кала алса жакшы, муну менен демилге да унутулат. О.э. алар Акила Салихти Каирге чакырып жатышат. Белгилүү болгондой, 2013-жылы шайланган алтымыш комиссиясы конституциялык долбоор иштеп чыккан… Ага карабастан, мисирлик расмийлер Акила Салих жана Пашага экөөсү менен конституциялык база жаратуу зарылдыгын талкуулашмакчы. Бул Каирде чогулгандар эгер конституциялык базаны тастыкташса, анда, Пашага – эгер Триполиде калуу жана Дабибаны кууп чыгаруу колунан келсе – Хафтардын коргоосунда ушул базаны колдонот. Эгер, муну ишке ашыра албаса да, конституциялык база Дабиба жана анын өкмөтү үчүн басым кылуу документи болуп калат. Анткени, анын текстинде Американын Дабиба жана Пашага өкмөттөрүнөн каалаган нерсеси жана Дабибанын президенттикке өз талапкерлигин койбошу жазылган, бул Мисир демилгеси текстинде да келген. Учурда Пашага Хафтардын калган-куткан кошуундары жардамында Батыш райондордо ишке ашырып жаткан иштер жөнөкөй-кызык иштер болуп, адамдар алдында анын аброюна зыян жеткирет. Мисалы, адамдар Стефани менен АКШнын убактылуу иштер өкүлүнүн талабына ачууланышты… Себеби, анда, Хафтар жана Пашаганын кылмыштары караланбаган абалда шейшемби күнү Дабиба өкмөтүнөн тынчтанышы талап кылынган.
Пашаганын ийгиликсиз аракеттеринин дагы бири – 2022-жылы 15-майда «Навасий» тобу менен ыкчам күчтөр коргоосунда Триполиге жашыруун кирип, бир нече саат өкүмдарлык кылууга урунган, кийин заматта ал жерден кууп чыгарылган… Бул маселе Триполидеги башка куралдуу күчтөрдөн буга кандай позицияда болушканы туурасында түшүндүрмө талап кылат.
Табрук парламентинин басма сөз катчысы Абдуллах Малихак кезектеги сессия Сырт шаарында өткөрүү пландаштырылганын жарыялады. Белгилүү болгондой, Пашага өз өкмөтүнүн (Акила Салих жана Хафтар өкмөтүнүн) кеңсесин Сырт шаарына жайгаштырууга чечим кылган. Ал мурда Дабиба өкмөтүнүн башкы кеңсеси жайгашкан борбор Триполиде кала албаганы үчүн ушундай чечимди кабыл алган. Пашага менен Акила Салихтин бу чечиминен эртең мындай өкмөттүн өлкөнү башкаруу келечеги жок экендиги, Сирт кумдарына көмүлүп, унутта калып кетиши анык көрүнүп турат.
Эми, Алжир президенти Абдулмажид Тиббундун Түркияга келиши жана мунун Ливиядагы абалга болгон акыбетине токтоло турган болсок, ал ушул сөздөрдү айтты: «Tүркиядагы досторубуз менен Ливиядагы проблеманы шайлоо аркылуу чечүү жөнүндө негизги келишимибиз бар… Шайлоодон башка чечим жок… Биз сак турабыз. Ливия маселеси боюнча кеңешүү жана сүйлөшүү болот… жана бир маңызынан ыраазыбыз». О.э. ал Ливия маселесин Түркия президенти Эрдаган менен талкуулаганын да айтты. Ал Түркия Хафтарга олуттуу каршы чыгат, анын Ливия бийлигинин башында болушун каалабайт деп ойлоп жатат. Хафтар менен Акила Салихтин бийликте турушу Түркиянын ачуусун келтирет жана Түркиянын Ливиядагы кызыкчылыктарына кооп-коркунуч туудурат о.э. континенталдык шельфке жана Жер ортолук деңиздин сууларын бөлүү жөнүндөгү Түркия менен Сарраж ортосундагы келишимге көлөкө түшүрөт деп билүүдө.
Бул мыкты-туура сөз эмес. Себеби, түрктөр Халид Мушрий башчылыгындагы Триполи делегациясын Анкарага чакырып, аларга «Биз качан шайлоолор болуп өтүп, анда Хафтар жеңишке жетишсе, аны тааныйбыз жана аны менен алака орнотобуз», – деп билдирүү беришкен. Биз жакшы билгендей, Алжир үчүн Ливияда эч кандай экономикалык кызыкчылык жок, Алжир Ливияда Американын буйругу менен иштөөчү бийликтин болушунан катуу коркуп жатат. Алжир Америка ага каршы Ливия менен болгон чегараларда коопсуздук проблемаларын пайда кылууга аракет кылып жатканын билет. Америка бул үчүн ылайык чөйрө жаратууга урунууда, айрыкча, Ливия бийлигине Хафтар келе турган болсо ушундай болот. Себеби, бул киши Американын ишеничтүү малайы.
Тыянактап айтканда, Америка Ливия үчүн туруктуулукту камсыздаган бирер чечим болушун каалабайт жана анын өзү ыплас ыкмаларды колдонуп келет, бул ыкмалары ийгиликсиз болушуна карабастан, кайталап колдоно берет. Америка нарциссизм-жүзсүздүк характерине ээ болгон жана Ливияны – ал тургай, Батыштын бузук ыкмасында болсо да – башкаруу колунан келбей турган адамдарды тыгыштырууда. Буга Пашага ачык мисал болот. Муну менен бирге, керек болгондо пайдалануу үчүн өлкөдө ар дайым өзүн жардыруучу элементтердин, Хафтар сыяктуулардын болушун да камсыздоодо. Негизи, бул сыяктуу адамдарды адамдар ар дайым жаман көрүп келген.
Американын дагы бир ачык көрүнүп турган чоң максаттарынын бири – ал байлык жана ресурстар көп болгон өлкөнү жакыр кылууга тынымсыз урунууда. Мына, нефть кендерин жабуу жана кайра чыгаруу керек болгондо кирешелерин тоңдуру үстүндө иштеп жатканы мисал болот.
Ливия жергиликтүү валютасынын инфляцияга учурап жатканын болсо эч бир илимий негиз менен актап болбойт. Акыйкатта болсо, Африкада экинчи эң чоң валюта запасына Ливия ээлик кылат о.э. нефть запасы көп жылдар жетише албаган жогору бааларга көтөрүлүүдө. Демек, жергиликтүү валютадагы бул инфляциянын бирден-бир себеби ыплас Америка администрациясынын көрсөтмөлөрүнө моюн сунуп жатышканында.
Роя гезити, №392, 2022-жыл, 25-май.