Сириялык качкындарды өлкөсүнөн алыска жайгаштыруу – Эрдагандын аларды канкор режимге кайтаруу үчүн түзгөн айлакер планы

35
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Сириялык качкындарды өлкөсүнөн алыска жайгаштыруу Эрдагандын аларды канкор режимге кайтаруу үчүн түзгөн айлакер планы

 Устаз Насиршайх Абдулхай

Бир нече күн мурун Эрдаган «Tүркияда жашап жаткан бир миллион сириялык качкындын Сирияга кайтарууну кепилдеген жаңы долбоорду» ачыктап мындай деди: «Tүркия ыктыярдуу кайтуу долбоорлору менен трансчегаралык миграцияны көзөмөлдөө стратегиясын колдоо үстүндө иштеп жатат… Биз сириялык туугандарыбызды ыктыярдуу түрдө жана сыймык менен кайтышы үчүн колубуздан келгенче аракет кылабыз».

Эрдагандын Сириянын түндүгүндө кыштан салынган үйлөр долбоорунун ачылышында сүйлөгөн видеокайрылууда айткан планына келсек, бул саясий жана аскерий туруктуулук өкүм сүргөн аймактар Түркиядагы бир миллион сириялык качкынды кайра өз мекенине кайтаруу долбоорун ишке ашырууда маанилүү экендигин баса белгилеп, мындай деди: «Түркия Сирияда операцияларды баштагандан бери 500 миңге жакын сириялык коопсуз аймактарга кайтты».

Эртеси күнү «Улуттук Кыймыл» партиясынын жетекчиси Бахчели: «Мыйзамсыз миграция баскынчылыкка айланып барууда», – деди. Бир учурда жарыяланган бул эки билдирүүдөн эки тарап тең саясий чечимге ылайык жана 2023-жылдагы шайлоого байланыштуу Америка планы боюнча аракет кылып жатышканы көрүнүп турат.

Көчүрүлгөндөр үчүн Идлибде үч турак-жай районунун ачылышына катышуу үчүн Бабул Хава өткөрүү пунктунан Идлибдин Батаба районундагы Камуна лагерине келген Түркия тышкы иштер министри Сулайман Сойлу мындай деди: «Түркиядан бир миллион сириялыктын ыктыярдуу түрдө кайтышын камсыздоо максатында Сириянын түндүгүндө 250 миңге жакын үй курууну пландаштырдык». Ал Түркия Сириянын Баб, Жераблус, Бабул Айн жана Талли Абяз райондорунда 250 миң турак-жайды өз ичине камитыган 13 долбоорду даярдаганын, бул долбоорлор эл аралык уюмдар тарабынан каржыланышын о.э. бул долбоор Түркияда убактылуу коргоо алган сириялыктарга болжолдонгонун жана аларга бул турак-жайлардан 5 же 10 жыл мөөнөткө пайдалануу укугу берилишин баса белгиледи.

«Айтты Сирияда өткөрүү үчүн кеткендердин кайтуусуна уруксат бербейбиз, андай кылмакчы болгон сириялыктарга кетүү уруксаты берилишин токтотобуз, Стамбул шаарынан жаңы башбаанек сурагандарга да уруксат бербейбиз», – деп Айттан мурун сириялыктарга басым кылган да мына ушул Сойлу болот.

Биз жогоруда айтылгандарга кыскача токтолуп өтмөкчүбүз:

Алгач, бул план акыркы учурда Түркиядагы качкындарга басым күчөп жаткан, 2023-жылы белгиленген президенттик жана парламент шайлоолор жакындашып жаткан убакта ачыкталды. Учурда оппозициячыл партиялар шайлоолор алдында качкындар картасын ойноп жатат, Эрдаган өз адатынча, алардын жолун тороо үчүн качкындар проблемасынан пайдаланууда жана аларды өз өлкөсүнө кайтаруу жөнүндө көп сүйлөп жатат.

Түркия режими Американын буйругу менен ушунча убакыт Шам козголоңун кысымга алып келгенден кийин, бүгүн Эрдаган шайлоолор темасына шайкеш түрдө шамдык мусулмандарды канкор Асад режимине акырындап тапшырууга аракет кылып жатат. О.э. Түркиянын бул позициясы бир нече араб мамлекеттери залим Асад режими менен мамилелерди нормалдаштырып жаткан учурда болууда.

Белгилүү болгондой, сириялык качкын мусулмандарга каршы түрк элинде ачууланган мамиле пайда болгон. Ушул себептен улам, Эрдагандын бул долбоорунан аларды акырындап залимдин колуна тапшыруу жана муну менен аларды тынч делип жаткан райондорго жайгаштыруу көздөлгөн. Негизи, Эрдаган режими качкындарды өз өлкөсүнө мажбурий кайтаруу мүмкүн эместигин билет. Мындан улам, алардын ыктыярдуу кайтуусун камсыздоо үчүн качкындарга басым өткөрүлүшүнө, адамдарды аларга каршы тукурууга жана көчөдө зыян жеткирилишине көз жумууда.

Бул билдирүүлөргө көңүл бурсак, Эрдаган жана анын министрлери дагы эле алдоо жана адаштыруу саясатын жүргүзүп жатышканына күбө болобуз. Шам калкы вакиъликке тескери болгон жана атайылап акылдарды иштен чыгарууга каратылган мындай билдирүүлөрдүн ачуу мөмөлөрүн көп татып көргөн. Түрк саясатчылары дагы эле сириялыктарды куру кыялдарга туш кылууну жана үйлөрүнө кайтуу иллюзиясы менен алдоону улантып жатышат. Ошол эле учурда, алар малай режимди куткарып калуу үчүн АКШнын планы алкагында аракет кылып жатышат. Муну ишке ашыруу үчүн аларга байланган согушкер топтордун жетекчилери аркылуу Сириядагы ар кандай калыс аракетти бастырышууда. Бирок, эң жаманы – качкындардын Сириянын түндүгүндөгү калк жыш, жумушсуздук даражасы жана шарты оор регионго… адамдын кадыр-кыйматына ылайыксыз, жашоо үчүн зарыл болгон эң төмөн даражадагы каражаттарга да ээ болбогон үйлөргө жайгаштырылышы. Бул качкындар өздөрүнүн түпкү шаарларынан т.а. Түрк режими менен тил бириктирилип, мажбурий көчүрүлүп жиберилген шаарларынан алыс. Мындан тышкары, адамдардын басымынан чарчаган, өз өлкөсүнө азиз абалда кайтарылышын талап кылып тажаган качкындар үчүн бул регионго келип жайгашуу ооруну айыктырбаган дары болот.

Бизде мындай суроо бар: Баб шаарын, өз кызыкчылыктарынын жана чегараларынын коопсуздугу акысына Халабды канкорлорго тапшырган жана калкын көчүргөн мына ушул Эрдаган эмеспи беле?! Муну Путин да айткан го!

Астана жана Сочи келишимдерине аралашкан мына ушул кимсе эмеспи, акыры, бул эки келишимге ылайык азат кылынган региондор душманга тапшырылып, калкы көчүрүлдү го?! Дагы эле Эрдаган фронттордун ачылышын алдын алуу, ал тургай, буга аракет кылгандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн ага байланган согушкер топтордун жетекчилерине басым кылууда. Тадаф шаарынан Абу Хавла жана башкалардын жоопко тартылганы буга мисал болот!

Эрдагандын Халаб жана башка шаарлардагы кызыл сызыктары да, «силер мухажирсиңер, биз ансарларбыз» деген жалгандары да эсибизде… Учурда, бул «ансарлык» укугу бүтүп, түпкү максаттары ачылып калды. О.э. анын «Биз экинчи Хамага эч качан жол бербейбиз» деген сөздөрүн, көп өтпөстөн анын жардамы менен үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи Хама болгонун да эч ким унуткан жок!

Ооба, Эрдаган өлгөндүн үстүнө чыгып тепкилей турган, кийин жаназасына катыша турган, жалган көз жаштарды төгүп, мунафыктыктан усталык менен пайдалана турган кимсе. Ошол эле убакта, ал Шам калкын курчоого алып, азап-кыйынчылыктарын, көчүү кыйынчылыктарын көбөйтөт. Өзү менен алакада болгон куралдуу топтордун чечимин тартып алып, алардын милдетин режимдин фронтторун коргоого өзгөртүп, муну менен алардын региондорду кайра колго алуусуна жана адамдардын ал айткан сый менен кайтуусуна жол бербейт… Американын козголоңду жок кылуу жана козголоңдорду кайра Асад режиминин чеңгелине кайтаруу планы алдыга жылмайынча, Эрдагандын бул кылмыштары улана берет.

Туура, Түркия президенти качкындарды кайтармакчы. Бирок, муну ал айткандай сый менен эмес, Американын саясий чечими менен ишке ашырып жатат. Чар тарапка уу чачып жаткан бул чечимден максат – алгач козголоңду жок кылуу, кийин адамдарды кылмышкер режимдин чеңгелине кайтаруу, муну менен бирге, бүгүн болуп жаткандай, канкор Асад тарабынан ушул мазмунда жана ушул максатта маскарапоздук амнистиясын чыгаруу. Бул тарапта Эрдагандын да Эмираттар, Саудия, Армения жана Мисир менен мамилелерди нормалдаштырууга урунуп, ушул аркылуу канкор режим менен да ушул нормалдашууга чөйрө даярдап жатканынын белгилери көрүнүүдө.

Баса белгилеп айтсак, Эрдаган Шам калкынын кайратын сындыруу, козголоңдун багытын буруп адаштыруу үчүн бардык аракетин, пландарын жана тузактарын аябай ишке салды, дагы эле салып келүүдө. Ал шам козголоңун эл аралык коомчулукка о.э. Американын малайына жат нерсе деп билет. Ошондуктан, Америка чечимин БУУнун №2254-резолюциясы аркылуу колдонуу менен козголоңдун нусратка жетишин алдын алууга жана малай режимди бекемдөөгө аракет кылып жатат. Максат, режимди башы калабы же кетеби, айырмасыз, режимди жаңы жүз менен кайра тикелөө. Ал козголоңчуларды кордук моюн сунуу чечимин кабыл алууга мажбурлоодо жана кордоодо ага байланган согушкер топтордун жетекчилеринен жана жасалма өкмөттөрдөн пайдаланып жатат.

Сириялык качкындарды «ыктыярдуу кайтуу» деген ыплас ураан астында Түркия-Сирия чегараларындагы «үй мүрзөсүнө» жайгаштыруу аракеттери Түркия-Американын айла-амалынын, тузактарынын бир бөлүгү гана. Бул аракеттер кылмышкер Асад режиминин пайдасы үчүн кийинки кара мүртөз кадамдарга жол ачат. Айрыкча, учурда Түркия ачык ойной баштады жана Шамдагы тогут режими менен ачык-нормалдуу алакалар жолуна өттү… Негизи, ушул убакытка чейин аны менен алакалары бир күн да үзүлбөгөн о.э. учурдун жана тил бириктирүүлөр талабына ылайык, козголоңчу сириялыктарды адаштыруу үчүн парда артынан ойноп келишкен.

Бул алардын айла-амалы, албетте, Аллахтын айла-амалы катуу… Аллах Таала Шамдагы пенделеринин ырызкыларына жана сабырларына Өзү кепил. Алар жакшы билишкендей, өз өлкөсүнө азиз-сый менен кайтуусу Исламды жана Шам элин жек көргөн БУУ аркылуу да, алардын канын ичүүдө режимге шерик болгон эл аралык коомчулук аркылуу, өздөрүн «Сирия калкынын достору» деп мунафыктык кылып жаткан адамдар аркылуу да ишке ашпайт. Тескерисинче, кордукта бекем турган, моюн сунуудан жийиркенип, максаттарына жеткенге чейин жолун уланта турган калыс козголоңчу калктын каалосу аркылуу ишке ашат.

Аллахтын уруксаты менен, Шам калкынын козголоңдо бекем турушу жана чечимдерин өзгөртпөөшү эл аралык өлчөөнү кыйратат, тузак койгондорду өздөрүн тузакка түшүрөт. Бул үчүн чынчыл адамдар нажат эшигин такылдатышы керек. Бул эшиктин ачкычы – колунда режимди кулатып, ордуна Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык көлөкөсүндө Ислам башкаруусун тикелөөдөн турган амалий долбоору жана жол картасы болгон саясий жетекчиликтин айланасында биригүү. Халифалыкты тикелөө үчүн Аллахтын ыраазылыгын жана Ахырет сыйлыгын үмүт кылган ар бир калыс момун аракет кылууда. Биз мунун тез күндө ишке ашарын Аллахтан сурайбыз.

 

Роя гезити, №391, 2022-жыл, 18-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here