Даъватты көтөрүп чыгуу – мусулмандар үчүн коргонуу дубалы

51
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Даъватты көтөрүп чыгуу мусулмандар үчүн коргонуу дубалы

 Устаз Абу Хамза Хутаоний

Даъватты көтөрүп чыгуу эң улуу жана даражасы бийик амалдардын бири болуп, ар бир мусулманга фарз. Бул аракет менен Ислам мамлекети тикеленет, сакталат жана корголот жана ал адам да, хизб да, мамлекет да кыла турган аракет. Ошондуктан, мусулмандар даъватты алардын кызыкчылыктары анын айланасында айлана турган борборго жана бүт жашоосунда ажырабай турган туруктуу максатка, бүткүс максатка айлантышы, анын кыйынчылык жана акыбеттерин көтөрүүдө чарчоону жана үмүтсүздүктү билбеши керек.

Тирмизий жана Табароний Абдуллах ибн Масъуддан риваят кылат, Набий ﷺ айтты:

«نَضَّرَ اللهُ عَبْداً سَمِعَ مَقَالَتِي، فَحَفِظَهَا وَوَعَاهَا وَأَدَّاهَا، فَرُبَّ حَامِلِ فِقْهٍ غَيْرُ فَقِيهٍ، وَرُبَّ حَامِلِ فِقْهٍ إِلَى مَنْ هُوَ أَفْقَهُ مِنْهُ»

«Менин сөзүмдү угуп, аны жаттаган, аң-сезимдүү түрдө түшүнгөн жана аткарган кишинин жүзүн Аллах жарык кылсын. Анткени, кээде фикхти көтөрүп жүргөн киши факих болбостугу жана кээде ал өзүнөн факихирээк кишиге жеткириши мүмкүн».

Аллах Субханаху жүз жарык жана нурдуу болушун Китеп-сүннөттөгү вахийди угуп, жаттаган, аң-сезимдүү түрдө түшүнгөн, аны адамдарга жеткирген мусулманга таандык кылууда. Фикхти желкеде көтөрүп чыгып, жеткирүү – бул фикхтен сабак алып, аң-сезимдүү түрдө түшүнүүнүн мөмөсү. Мусулман киши үйрөнгөн шаръий маалыматтар анын ичинде сакталып калбашы керек, аны жеткирүү жана адамдарга жаюу анын милдети. Даъватты көтөрүп чыгып, адамдарга жеткирүүнүн мааниси мына ушундай.

Расулуллах ﷺ Минадагы Хайф мечитинде адамдарга кайрылып айткан хадисин ушул сөздөр менен аяктаган:

«ثَلاَثٌ لَا يُغِلُّ (من الخيانة) – أو يَغِلُّ (من الحقد) – عَلَيْهِنَّ قَلْبُ امْرِئٍ مُسْلِمٍ: إِخْلاصُ الْعَمَلِ لِلَّهِ، والنَّصِيحَةُ لِلْمُسْلِمِينَ، وَلُزُومُ جَمَاعَتِهِمْ، فَإِنَّ دَعْوَتَهُمْ تُحِيطُ مِنْ وَرَائِهِمْ»

«Мусулмандын жүрөгүндө үч сыфат болсо анда кыянаттык же капалык болбойт: Аллах үчүн калыс амал кылуу, мусулмандарга насаат кылуу жана мусулмандардын жамаатын бекем кармоо. Мусулмандардын мына ушундай даъваты аларды артынан коргоп-сактап турат».

Анас риваят кылган хадисте:

«وَمُنَاصَحَةُ وُلَاةِ الْأَمْرِ، وَلُزُومُ جَمَاعَةِ الْمُسْلِمِينَ»

«Иш ээлерине насаат кылуу жана мусулмандардын жамаатын бекем кармоо» деп айтылган.

Жабир риваят кылган хадисте:

«وَمُنَاصَحَةُ وُلَاةِ الْمُسْلِمِينَ، وَلُزُومُ جَمَاعَتِهِمْ»

«Мусулмандардын иш ээлерине насаат кылуу жана алардын жамаатын бекем кармоо», делген.

Абу Саид Худрий риваят кылган хадисте:

«وَالْمُنَاصَحَةُ لِأَئِمَّةِ الْمُسْلِمِينَ، وَلُزُومُ جَمَاعَتِهِمْ»

«Мусулмандардын имам-халифасына насаат кылуу жана алардын жамаатын бекем кармоо», делген. Муну Муслим, Абу Давуд жана Насаийдин Абу Хурайрадан кылган төмөндөгү риваяты да тастыктайт: Расулуллах ﷺ айтты:

«إِنَّمَا الدِّينُ النَّصِيحَةُ. قَالُوا: لِمَنْ يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: لِلَّهِ وَلِكِتَابِهِ وَلِرَسُولِهِ وَلِأَئِمَّةِ الْمُسْلِمِينَ وَعَامَّتِهِمْ»

«Дин – ак ниеттүүлүк”. Ким үчүн ак ниеттүү болуш керек?”, – деп сурашты. Пайгамбар алайхиссалам мындай жооп берди: Аллах үчүн, Анын Китеби үчүн, Расулу үчүн, мусулмандардын имамдары жана катардагы мусулмандар үчүн».

Расулуллах ﷺдын «Мусулмандын жүрөгүндө үч сыфат болсо, анда кыянаттык же капалык болбойт…» деген хадиси мусулмандын даъватта ээ болушу шарт болгон үч сыфатты белгилеп жатат. Эгер, мусулман кишиде ушул сыфаттар болсо, кыянаттык, капалык жана бул экөөсүнө окшогон бардык иллеттерден сактанат. Себеби, бул сыфаттар болгон жайда кыянаттык, ичи тардык жана жек көрүү болбойт.

Биринчиси, Аллахка калыс амал кылуу, экинчи жана үчүнчү үчүн шарт экенин түшүндүрөт.

Экинчиси, өкүмдарларды маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу, насаат кылуу жана адашууга барышса аларга каршы күрөшүү жөнүндө болуп, бул даъватты көтөрүп чыгуу иши өкүмдарларды да камтышы керектигин, башкача айтканда, саясий форманын болушун түшүндүрөт.

Үчүнчүсү, мусулмандардын жамаатын бекем кармоо дегени Ислам мамлекетин түшүндүрөт. Себеби, мусулмандар жамааты имам-халифага туура байъат берген мусулмандарды түшүндүрөт. Т.а. жамаат, үч негизден: мусулмандар, байъат жана имамдан турат.

Ушул мааниде жамаатты бекем кармоо – Ислам (Халифалык) мамлекетин бекем кармоо. Аны бекем кармоо болсо, Ислам перзенттеринин эң маанилүүсү жана улуусу. Бул Ислам мамлекети бар болгон учурдагы. Ал эми, Ислам мамлекети жок болсо, анда, жамаатты бекем кармоо үчүн Ислам мамлекетин тикелөө керек болот жана бул «Фарзды аткаруу үчүн зарыл болгон нерсе да фарз» деген шаръий эрежеге кирет.

Расулуллах ﷺ хадистин акырында мусулмандар өкүмдарларды жана жарандарды даъват кылышы, аларга насаат кылып, аларды тергеп-тескеши, жамаатты жана мамлекетти бекем кармашы кудум коргоочу дубал сыяктуу, ал мусулмандарды сактап турат деп айтылууда.

Бул хадиси шариф даъватты көтөрүп чыгуу адамдарды өз ичине алгандай, өкүмдарларды да өз ичине алышын түшүндүрүүдө. Себеби, эгер даъватты көтөрүп чыккандар даъватты катардагы кишилерге гана чектеп коюшса, анда даъватта аларды артынан коргоп туруу сыфаты калбайт. О.э. даъватта мусулмандардын мамлекети айтылбаса, мамлекеттин бар экенинде бекем кармоо, жоктугунда аны тикелөөгө аракет кылуу керектиги айтылбаса да, мындай абалда да даъват коргоо сыфатын жоготот.

Демек, даъват майданында аракет кылып жаткан бардык кишилерге эстетип коёлу, эгер даъватыңар мамлекет, имам-халифа жана ага байъат кылууну камтыбаган даъват болсо, ал кемчиликтүү даъват болот.

Эгер, ким өкүмдарларга аралашпастан жана аларды тергеп-тескебестен даъват кылып жаткан болсо, билип койгула, бул аракети шарияттын шарттарына тескери келет. О.э. даъватта жамаатты бекем кармоону жана мойнунда халифа үчүн байъат кылуу тургандыгын айтышпаса, бул иштери да ушул шарттарга тескери болот.

Биз жашап жаткан заманда т.а. Халифалык жок доордо даъваттагы негизги этибар шариятты адамдарга толук колдонууга о.э. Исламды бүткүл дүйнөгө жеткирүү үчүн Исламий Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоого багытталышы керек.

 

Роя гезити, №391, 2022-жыл, 18-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here