Бузгунчу массалык маалымат каражаттары жана алардын адамдарды адаштыруу ролу

36
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Бузгунчу массалык маалымат каражаттары жана алардын адамдарды адаштыруу ролу

 Шейх Исам Амира

Шексиз, массалык маалымат каражаттары адамдар жашоосунун ажырагыс бөлүгү. Адамдар бул дүйнө турмушунда өз элинин жана башка элдердин кабарларын билбеген абалда жашашын элестетип болбойт… Адамдар дос-туугандардын абалынан кабар алып, аларды колдоп-кубаттоону, душмандарынын кабарларын күзөтүп, алардын карамүртөздүгүнөн сактанууну каалашат.

Коомдук пикирди калыптандырууда жана багыттоодо массалык маалымат каражаты маанилүү орунда турат. Ал бир жагынан өкүмдарларды бекемдөөдө, дагы бир жагынан алардын максаттары ишке ашып, кулабай турушун камсыздоодо маанилүү каражат. Куръани Карим Аллах Тааланын ушул аятында массалык маалымат каражатынын өкүмдарлар менен болгон алакасынын бир тарабын икая кылат:

﴿وَقِيلَ لِلنَّاسِ هَلْ أَنتُم مُّجْتَمِعُونَ * لَعَلَّنَا نَتَّبِعُ السَّحَرَةَ إِنْ كَانُوا هُمُ الْغَالِبِينَ﴾

«Ошондо адамдарга: «Силер да топтолуп болдуңарбы? А балким, биз, эгер сыйкырчылар жеңип чыгышса, ошолорду ээрчирбиз», делди»                                                                       [26:39-40]

Бул бир тарапка т.а. Фиръавн тарабына өтүп алган бузгунчу маалымат каражатына мисал. Массалык маалымат каражаттары кудум сот системасына окшойт. Сот чыр-чатакты чечүүдөн мурун эки тараптын далилине кулак салышы, бир тарапка өтүп албай, акыйкаттарды текшериши керек. Массалык маалымат каражаттары тарых жазат. Себеби, алар кече эмнени жазган болсо, бүгүн ал тарыхка айланат. Бүгүн эмнени жазса, ал эртеңки тарых болуп калат. Бул темада биз бузгунчу массалык маалымат каражаттарын жана алар адамдарды терс тарапка багыттап, жакшы тараптан буруп-чалгытып жатканын үйрөнүп чыгабыз.

Белгилүү болгондой, Фиръавн заманындагы массалык маалымат каражатынын аракети коомчулуктун этибарын Фиръавндын күрөштөн көздөгөн натыйжага буруу болгон. Фиръавн ошол сыйкырчыларды Муса алайхиссаламды жеңет деп ишенген, ишенгени үчүн адамдарга чакырык кылып «бул сыйкырчылар жеңет» деген. Чынында, бул сөздөр мыкты үйрөнүлгөн. Ошондуктан, массалык маалымат каражаттарынын ар бир кабары ушундай үйрөнүлүшү керек.

Мунун каршысында, чынчыл массалык маалымат каражаттары чындыкты калыс жеткириши жана мусулмандардын кызыкчылыгына кызмат кылуу үчүн өз кесибине кесипкөй жандашуусу шарт. Аллах Субханаху ва Таала муну баяндап айтат:

﴿وَإِذَا جَاءَهُمْ أَمْرٌ مِنَ الْأَمْنِ أَوِ الْخَوْفِ أَذَاعُوا بِهِ وَلَوْ رَدُّوهُ إِلَى الرَّسُولِ وَإِلَى أُوْلِى الْأَمْرِ مِنْهُمْ لَعَلِمَهُ الَّذِينَ يَسْتَنبِطُونَهُ مِنْهُمْ وَلَوْلاَ فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ لَاتَّبَعْتُمُ الشَّيْطَانَ إِلَّا قَلِيلاً﴾

«Качан аларга тынчтык же коркунуч кабары келсе, аны жайып жиберишет. Эгер (алар өздөрүнө келген кабарды ар кимге жайып жүрбөстөн) Расулуллахка жана өздөрүнөн чыккан башчыларга жеткиришкенде, аны (мына ушул кабардын акыйкатын) билмекчи болгон кишилер ошолордон билишкен болоор эле. Эгер, силерге Аллахтын кеңдик жоомарттыгы болбогондо айрым адамдардан тышкары баарыңар шайтанды ээрчип кетээр элеңер»                                      [4:83]

Бул аят каримадан уламалар алган өкүм жана адептердин бири ушул – кабардын тууралыгын жана мусулмандардын кызыкчылыгына зыян жетпешин далилдебей жатып таратпоо керек, айрыкча, согуш абалында. Бул жөнүндө имам Ибн Касир мындай дейт: «Бул жерде иштерди үйрөнбөстөн шашылып, кабар берип, бардык жакка жайып жиберген кимселер караланууда, себеби, ал иштер туура эмес болушу мүмкүн». «Сахихи Муслим»де Абу Хурайрдан риваят кылынат, Расулуллах ﷺ айтты:

«كَفَى بِالْمَرْءِ كَذِبًا أَنْ يُحَدِّثَ بِكُلِّ مَا سَمِعَ»

«Киши ар бир уккан нерсесин айта бериши анын жалганчылыгына жетиштүү».

«Сахихайн»да Мугийра бин Шуъбадан риваят кылынат, Расулуллах ﷺ айтты:

«مَنْ حَدَّثَ بِحَدِيثٍ وَهُوَ يَرَى أَنَّهُ كَذِبٌ فَهُوَ أَحَدُ الْكَاذِبِينَ»

«Ким бир сөздү сүйлөсө, анын жалган экендигин билсе, анда, ал да жалганчылардын бири».

«Сунани Абу Давуд»да Расулуллах ﷺ мындай дегени риваят кылынат:

«بِئْسَ مَطِيَّةُ الرَّجُلِ زَعَمُوا»

«Киши «эсептейт имиш» сөзүнөн пайдаланышы кандай гана жаман».

Тыянактап айтканда, жаңылык-кабарларды тастыктоосуз таратуу, айрыкча, согуш учурларында эң жаман иштерге жана карамүртөздүктөргө алып барат. Мындай кабарлар эгер коопсуздукка байланыштуу болсо, кайдыгерликти жана этиятсыздыкты пайда кылат. Эгер, мындай кабар кооп-коркунучка тиешелүү болсо, сапта тартипсиздик жана бузулууну пайда кылат. Кабарлар түпкү булагынан алынып таратылган коом акылы жетик жана тапкыр адамдары көп коом болуп эсептелет, себеби, мындай коомдо адамдар акыйкаттарды билүүдө калыс уламаларына кайрылышат.

Кабар жөнүндө дагы бир мисал:

Расулуллах ﷺга жана мусулмандарга Бану Курайза Пайгамбарыбыз жана мусулмандар менен түзгөн союзду бузушканы туурасында кабар келет. Ошондо Расулуллах ﷺ кабарды тактоо үчүн Саъд ибн Муаз ибн Нуъман, Саъд ибн Уббада ибн Далим, Абдуллах ибн Раваха жана Хувват ибн Жубайрларды жиберди. Расул акрам аларга айтты:

«انْطَلِقُوا حَتَّى تَنْظُرُوا أَحَقّ مَا بَلَغَنَا عَنْ هَؤُلَاءِ الْقَوْمِ أَمْ لَا؟ فَإِنْ كَانَ حَقًّا فَالْحِنُوا لِي لَحْنًا أَعْرِفُهُ، وَلَا تَفُتُّوا فِي أَعْضَاءِ النَّاسِ، وَإِنْ كَانُوا عَلَى الْوَفَاءِ فِيمَا بَيْنَنَا وَبَيْنَهُمْ فَاجْهَرُوا بِهِ لِلنَّاسِ»

«Барып, бизге алар жөнүндө келген кабар туурабы же жокпу, үйрөнгүлө. Эгер, кабар туура болсо, мен өзүм түшүнө турган түрдө айткыла жана адамдардын ишеним-кубатын сындырбагыла. Эгер, алар биз менен келишишкен убадага турушкан болсо, муну бардык адамдарга ачык айткыла». Элчилер жолго чыгып, Бану Курайзага барып, аларга жеткен кабардан да жаманына т.а. Расулуллах ﷺды акаараттап жатышканына күбө болушту. Алар: «Расулуллах ким? Биз менен Мухаммаддын ортосунда убада да, келишим да болбогон», – дешти. Саъд ибн Абу Ваккас аларды тилдеди, алар да аны тилдешти… Саъд ибн Абу Ваккастын ачуусу тез адам эле. Саъд ибн Уббада ага: «Токтоңуз, алар менен тилдешпеңиз, биз менен алардын ортосундагы нерсе тилдешүүдөн жакшыраак», – деди. Кийин эки Саъд шериктери менен Расулуллах ﷺдын алдына кайтып келип, ага салам беришип: «Азал ва Карра» (уруулардын аты), – дешти. Т.а. Ражиъ (Меккенин түндүгүндөгү жайдын аталышы) сахабаларына о.э. Хубайб жана анын шериктерине Азал жана Карра уруусунун кыянаты сыяктуу. Ошондо Расулуллах ﷺ: «Аллаху Акбар, эй мусулмандар, кубангыла», – деди.

Баса белгилеп айтсак, азыркы замандын массалык маалымат каражаттары мусулмандарды амри маъруф жана нахий мункардан тосууда чоң роль ойноп жатат. Акыйкатта болсо, амри маъруф жана нахий мункар оң өзгөрүүгө жана Аллахтын шарияты пенделерине колдонулушуна алып келет. Бүгүнкү күндө амри маъруф жана нахий мункардан тосуу ролун ойноого маалымат каражаттары жана кем акыл уламалар армиясы аракетке келтирилген… Булар дагы эле өкүмдарлардын батылын үгүттөп, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн олуттуу аракет кылып жаткан адамдарга каршы күрөш алып барышууда. Себеби, бул адамдардын айланасында адамдар чогулбастыгын жана бузгунчу абал сакталып калуусун көздөп жатышат. Мындан тышкары, бул бузгунчу массалык маалымат каражаттары адамдардын сезимин бузууга жана пайдасыз телесериалдары менен убактыларын текке кетирүүгө күнү-түнү аракет кылышууда… алардын мээлерин уулап жатышат. Демек, массалык маалымат каражаттарынын ушунча кылмыштарынан кийин мусулмандардын динин да, баалуулугун да, тарыхын да, эч нерсесин билбеген муун пайда болушу таң калычтуу эмес. Көпчүлүк мусулмандардын пикир жана туйгулары болуп көрбөгөн даражада бузулуп кеткен жана буга мына ушул бузгунчу массалык маалымат каражаттары, бузгунчу өкүмдарлар жана жамандык уламалары себепкер. Бизге Аллахтын Өзү жардам берсин.

Мусулмандардын акылдарына өкүмдар болуп алган мындай маалымат каражаттарынын баткагынан чыгуу үчүн жалгыз жол – өкүмдарларга каршы козголуу жана бул зыянкеч падышалыктарды кулатып, урандылары үстүнө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө. Мына ошондо мусулмандарды шарият менен өкүм жүргүзө турган, динден таалим бере турган, раббоний уламалар башкарат.

﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَن يَكُونَ قَرِيباً﴾

«Ал (күн) качан болот? деп (сурашат). Балким, жакында болоор, деп айткын!»             [17:51]

 

Роя гезити, №391, 2022-жыл, 18-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here