“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу башталды
Кабар: 8-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна старт берди.
Иш-чара түз эфирде көрсөтүлүп, мамлекет башчы бул курулуштун алгачкы баскычына 1,5 миллиард сом каражат бөлүнгөнүн билдирди.
Анын айтымында, кошуна Казакстан менен Өзбекстан бул долбоорго инвестиция салууга даяр экендигин билдиришкен.
“Камбар-Ата -1” долбоору бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгөн, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт. Курулуштун мөөнөтү 8-10 жылга чейин деп белгиленген о.э. биринчи гидроагрегатты ишке киргизүү, туруктуу каржылоо болгон шартта, 4 жылда ишке ашары пландаштырылган.
Комментарий: 2012-жылы Кыргызстан менен Россия өкмөттөрү “Камбар-Ата-1” жана төрт ГЭСтен турган Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча келишим түзгөн. Бирок, 2016-жылдын август айында Россия ошол кездеги экономикалык абалында келишимдеги ири долбоорлорду каржылай албастыгын моюнга алгандан кийин, Кыргызстан өкмөтү 31-декабрда “Камбар-Ата -1” жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу жана эксплуатациялоо боюнча Россия менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарып, ГЭСтердин курулушуна жумшалган 37 миллион долларды Россияга кайтарып берүү керектигин билдирген.
Садыр Жапаровдун 2021-жыл, 11-12-марттагы Ташкентке сапары учурунда “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргеликте куруу боюнча келишим түзүлдү.
Ошондо Садыр Жапаров: “Биз “Камбар-Ата-1” ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте куруу тууралуу келишим түздүк. Жумуштар ошол эле күнү башталды. Кудай буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун 3 жылда бүтүрүүнү максат кылабыз. Долбоор толугу менен ишке ашырылат. Биз аны 30 жылдан бери кура албай келдик. Азыр аны 3 жылда бүтүрүүнү пландаштырып жатабыз”, – деген эле. Быйыл май айында болсо Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга катышышы мүмкүн экендигин билдирди.
Россия “Камбар-Ата-1” жана Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу боюнча келишимди аткара албастыгын билдиргенине карабастан, өзүнөн башка тараптын бул долбоорду ишке ашырышына тымызын тоскоолдук кылып келет. Мисалы, 2017-жылы Кыргызстан өкмөтү Жогорку-Нарын ГЭС комплексин куруу боюнча тендер жарыялады. Ал тендерди Чехиянын “Liglass Traiding CZ” компаниясы утуп алды. “Liglass Traiding CZ” компаниясы “Электр станциялары” ишканасы менен инвестициялык келишим тастыкталгандан кийин бир айдын ичинде Россияга 37 млн доллар төлөшү керектиги белгиленди. Бирок, компания ишмердүүлүгүн баштабай туруп келишим жокко чыгарылды.
Кудум, 2000-жылдардын башында көтөрүлгөн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунда Россиянын аралашуусу камсыздалганга чейин ага тоскоолдуктар болуп келгени сыяктуу эле, буга да тоскоолдук болду. Кытай-Россия сүйлөшүүлөрү натыйжасында темир жол долбооруна Россия да катышуусу о.э. темир жол анын көзөмөлүндө болушу шарты менен бул долбоорго макул болду. Кытай анын талаптарынын кээ бирлерин кабыл алгандан кийин, 2019-жылы Россия долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн 200 миллион рубль ажыратты. Ошондон кийин долбоорду ишке ашыруу кайрадан жанданды. 8-июнда Садыр Жапаров темир жол курулушу 2023-жылда башталарын билдирди.
Темир жол сыяктуу эле “Камбар-Ата-1” ГЭСи да стратегиялык мааниге ээ болуп, кайсы мамлекет муну колго алса, биринчиден үлкөн кирешеге, экинчиден расмий өкмөткө таасирин күчөтүүгө жетишет. Ошол себептен да региондогу мамлекеттер өз ара биригип бул долбоорду ишке ашырмакчы болсо, бул долбоорлорду бирер колонизатор мамлекеттен же алардын куралы болгон эл аралык финансылык уюмдардан жардам албастан өз алдынча курушу керек болот. Антпесе, “Кумтөр”, “Жерүй” алтын кендери жана башка байлыктар сыяктуу эле үзүрүн колонизаторлор көрүп, зыяны элдин мойнуна түшө берет.
Абдурахман Адилов