Тажикстанда дрон чыгаруучу завод ачылды
Кабар: Тажикстандын борбору Душанбе шаарында Иран куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысы жана Тажикстан коргоо министринин катышуусунда Ирандын “Абабил 2” аскерий дрондорун чыгаруучу завод ачылды.
Иран телерадиокомпаниясынын өзбек тилиндеги сайтында айтылышынча, Иран менен Тажикстандын ортосундагы аскерий кызматташтыкты бекемдөө о.э. өнүктүрүү максатында Иран куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысы Мухаммад Бокири жана Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзонун катышуусунда Ирандын “Абабил 2” учкучсуз башкарылуучу учактарын чыгаруучу заводдун ачылышы болду.
Аталган иш-чарада генерал Мухаммад Бокири Иран өзүнүн ишенимдүү адистери жана окумуштууларынын аракетинен о.э. ички мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланган абалда бардык аскерий жана коргоо түзүмдөрү, айрыкча учкучсуз башкарылуучу учактар жаатында өсүүгө жетишкенин билдирип, бүгүн биз коопсуздук жана бекем тынчтыкты камсыздоо максатында ички керектөөдөн тышкары союздаш жана дос мамлекеттерге аскерий техника экспорт кылуу мүмкүнчүлүгүнө жеттик деп кошумчалады.
Иран куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысы Тажикстанда “Абабил 2” үлгүсүндөгү учкучсуз башкарылуучу учактарды чыгаруучу заводдун ачылышын эки мамлекет ортосундагы аскерий кызматташтыктагы бурулуш чекити катары баалап, келечекте биз Иран менен Тажикстандын ортосундагы аскерий коргоонун бардык деңгээлинде көбүрөөк кызматташтык жана өз ара мамилени курабыз деп айтты.
Комментарий: Быйыл жылдын башында Кыргызстан өкмөтү УКМКнын чек ара кызматы үчүн Түркиядан учкучсуз башкарылуучу “Байрактар” учактарын сатып алган эле. Президент Садыр Жапаров 18-декабрда “мамлекет коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткан жаңы-жаңы проблемалар пайда болууда” деген. Кийинчерээк Түркиянын Тажикстанга да “Байрактар” сатканы тууралуу кабарлар пайда болду. Ал кабардын артынан кыргыз бийлиги Түркияга кошуна мамлекеттерге учкучсуз башкарылуучу учак сатпоо суранычы менен кайрылды. А бирок, түрк өкмөтү “бул бизнес, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси экендигин” шылтоолоп кыргыз өкмөтүнүн суранычын канааттандырбады.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан Түркия жетекчилигиндеги Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө. Негизи бул куралдануу байгесинин артында АКШ турат. Ал Түркия аркылуу Кыргызстанды куралдандыруу менен мамлекетти өзүнө аскерий-техникалык жактан көз каранды кылууга аракет кылып жаткан болсо, башка тараптан, перс тилдүү Иран аркылуу Тажикстанга аскерий жардам берип аны да өзүнө байлап алмакчы болууда. Мындан тышкары, АКШ Тажикстанга чек ара көзөмөлүн күчөтүү үчүн “Puma” үлгүсүндөгү учкучсуз башкарылуучу учактарды жеткирип бере турган болду. Эки кошуна республика көптөгөн жылдардан бери чек ара маселесинде карама-каршылыкка барып, бул каршылыктар куралдуу кагышууларга чейин жеткенин жана эки тараптан ондогон адамдар каза болуп жатканын эсепке алганда, АКШнын мындан көздөгөн максаты мамлекеттерди аскерий жактан көз каранды кылып алуу эле эместигин түшүнсөк болот. башкача айтканда, Америка да Россия сыяктуу эле Борбор Азия республикалары ортосунда чек ара проблемалары чечилишине кызыкдар эмес. Ошондуктан да ар түрдүү материалдык жана аскерий жардамдар аркылуу чек араларын бекемдөөгө үндөп келет. Түркия Кыргызстанга “Байрактар” жеткирип берген болсо, Иран Тажикстанда аскерий учактарды чыгаруучу завод ачууда, АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниэл Розенблюм Өзбекстандын чек ара аскерлерине 50 даана “Toyota Hilux” жана “Fortuner” автонууларын тапшырды.АКШ да кошуна мамлекеттердин аскерий мүмкүнчүлүгүн күчөтүү аркылуу алардын көптөгөн жылдардан бери уланып келе жаткан чек ара жаңжалдарын өзү үчүн пайдалуу болгон убакта кайрадан козгоп, андан бул же тигил республикага басым өткөрүүдө пайдаланууну көздөйт. Ал тургай, зарылдык болсо башкарыла турган согуш чыгаруу аркылуу, Россияга кошумча проблема жаратууга аракет кылышы да мүмкүн.
Абдурахман Адилов
lasuna tablet – buy lasuna medication order generic himcolin
order gabapentin pill – cheap neurontin for sale azulfidine drug
probalan ca – buy generic monograph order carbamazepine generic
buy cyproheptadine generic – buy cyproheptadine sale order tizanidine online cheap
order betamethasone creams – purchase betamethasone creams monobenzone online