Сирия канкору Башар Асад жана кыргын астындагы амнистия!

188
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Сирия канкору Башар Асад жана кыргын астындагы амнистия!

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн радиосунун кабарына ылайык, социалдык тармактагы активисттер «Кыргын астындагы амнистия» хештегин башташты. Муну менен Башар Асаддын Тазамун районундагы кыргыны ачыкка чыгышы менен бирге өткөн аптада амнистия жарыялаганына көңүл бурушту. Активисттер Асад режими өз кыргындарын жашыруу максатында ондогон туткундарга амнистия жарыялаганын, негизи, камактарда миңдеген күнөөсүз адамдар жатканын баса белгилешти. Ахрари Хивран уюму маалымдашынча, бейшемби күнү азат кылынгандардын баары 2018-жылы камакк алынган, алардын 17си режимдин күчтөрүнүн аскери болгон о.э. азат кылынгандардын жалпы санынын кеминде 13ү уурулук, баңгизат жана башка кылмыштар менен камалгандар болуп эсептелет. О.э. бейшемби күнү режим фалестиндик туткундардын бешөөсүн азат кылды, алардын арасында кыйноо акыбетинде эс тутумун жоготкон бир качкын да бар. Асаддын камактарында – «Сириялык фалестиндиктер үчүн аракет тобунун» отчётуна ылайык – дагы эле 1800дөн ашык фалестиндик туткундар калууда, алардын абалы жөнүндө да, тагдыры жөнүндө да маалымат жок. «Сайдная камагындагы туткундар жана дайынсыз жоголгондордун уюму» кабарлашынча, борбор калаанын жана Сайдная менен Марра-Сайдная шаарларынын көчөлөрүндөгү кордоо көрүнүштөрү Сирияда токтоосуз уланып жаткан бир катар аянычтуу көрүнүштөрдүн бир бөлүгү гана.

Роя гезити, №390, 2022-жыл, 11-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here