Бишкекте Жогопрку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өттү
Кабар: Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жалпы жыйыны видеоконференция форматында болуп өттү.
Ага Россиянын президенти, Армениянын премьер-министри жана Белорусиянын тышкы иштер министри видебайланыш аркылуу, Кыргызстан жана Казакстандын президенттери жеринде катышты.
Өткөн аптада ага Россиянын президенти Владимир Путин баштаган Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчылары Бишкекке келбей турганы кабарланган.
Садыр Жапаров жыйында: “Биринчиден, ички рыноктун тоскоолдуксуз иштешин камсыз кылуу,
экинчиден, кызмат көрсөтүү рыногун либералдаштыруу боюнча ишти күчөтүү;
үчүнчүдөн, жалпы каржы рыногун калыптандырууну аяктоо боюнча иштерди тездетүү;
төртүнчүдөн, экономиканын бардык тармактарында импорттук продукцияга көз карандылыкты азайтуу үчүн биздин аймактарда кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу менен өндүрүштү локалдаштырууну тезирээк баштоо;
Бешинчиден, транспорттук-логистикалык инфраструктурабызды биргелешип өнүктүрүү керек”, – деди.
Комментарий: Россия башчылыгында түзүлгөн ЕАЭБдин алкагында түрдүү деңгээлде – мамлекет башчылар, Жогорку экономикалык кеңеш же премте-министрлер деңгээлинде болушуна карабастан – жолугушуу жана жыйындар өткөрүлүп жатканы менен, ал жыйын жана жолугушуулардан бирер натыйжа күтүүнүн кереги жок. Мейли, ЕАЭБдин төрт багыты “төрт эркиндиктен” – товарлар, кызматтар, капитал жана жумушчу күчүнүн эркин аракетинен тургандыгына карабастан , бул эркиндиктер негизинен Россиянын каалоосуна көз каранды бойдон калууда. Россия өзүнө керек болгон убакта уюмга мүчө мамлекеттерден келе жаткан жумушчу күчүнүн агымын токтотуу үчүн болор-болбос шылтоолор менен өз аймагына кирүүгө тыюу салып, “кара тизмеге” киргизген болсо, жумушчу күчү жетишпей калган кезде аларга амнистия жарыялоо менен бул тизмени жокко чыгарат. Уюмдун аймагында товарлар да Россиянын каалоосуна карап айланат. Бир кездерде ветеринария жана фитосанитария шылтоосу менен товарлардын киришине тоскоолдук кылып келген болсо, Украинадагы баскынчылык согушунун артынан экономикалык кыйынчылыктарга дуушар болгон соң, буга чейин коюлган тоскоолдуктарды жокко чыгарып, айыл чарба продукцияларын, эт, сүт жана өзүнө зарыл болгон продукцияларды алып кирүүгө уруксат берди. Буга тескери күрүнүштө, уюмга мүчө мамлекеттер муктаж болгон дан азыктары менен кумшекер экспортуна чектөө киргизди. Бул аркылуу Россия өзүндөгү адамдын негизги муктаждыктары үчүн зарыл болгон продукциялар сыртка чыгып кетишинин алдын алган болсо, Батыштын санкциялары себептүү келбей калган продукцияларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттер аркылуу алып кирүү мүмкүнчүлүгүн сактап калды. Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын 20-майда болуп өткөн жыйынында РФ Айыл-чарба министрлиги ЕАЭБдин бардык мүчөлөрүнө үчүнчү мамлекеттер үчүн дан азыктары экспортуна квоталар менен бажы төлөмдөрүн киргизүүнү сунуштады. Негизи бул сунуш эмес, талап болуп, Россия бул аркылуу дүйнөлүк базарда азык-түлүк, негизинен, буудай жана ун продукцияларынын таңкыстыгын пайда кылуу менен Батышка санкцияларды алып салуу же жеңилдетү үчүн басым өткөрмөкчү болууда. Батыштын санкциялары натыйжасында рублдин кескин кунсузданышы артынан Россия накталай валюта алып чыгууга да чектөө киргизди. Натыйжада ал жакта иштеп жүргөн миллиондогон эмгек мигранттары мекенине акчаны рубл менен гана жөнөтүүгө мажбур болушууда. Бул аркылуу Россия капиталдын эркин айланышына да тоскоолдук пайда кылды. Тыянактап айтканда, ЕАЭБдеги мыйзам-эрежелер Россия тарабынан коюлуп, ал адаттагыдай эле уюмдан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланууда. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары эркиндик жана принциптер жөнүндө канчалык сөз кылышпасын мындан эч кандай пайда жок. Россия ЕАЭБди да өзү менен бирге баткакка тартып бара жатат.
Абдурахман Адилов