بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Эрдаган менен яхудий вужудунун президенти ортосундагы достук куттуктоо жана жолугушуулар!
«Араб 48» веб-сайты хижрий 1443-жылы 2-шаввал, миладий 2022-жылы 2-май күнү жарыялаган кабарда «Түркия президенти Ражаб Таййиб Эрдаган дүйшөмбү күнү яхудий вужудунун президенти Ицхак Герцог менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү» айтылды.
Герцог Эрдаганды Рамазан айты менен куттуктады. Өз кезегинде, Эрдаган да «майрам бейпилдик жана тынчтык алып келет, региондун жүрөктөрүн бириктирет» деп Герцогду яхудийлердин майрамы менен куттуктады. Негизи, алардын бул майрамы яхудийлер Фалестинди басып алып, мубарек жерде жийиркеничтүү мамлекетин куруу майрамы болуп эсептелет.
Эки жетекчи «бүткүл региондо, өзгөчө, ушул күндөрдө тынчтык жана туруктуулукту сактоо үчүн ачык жана үзгүлтүксүз сүйлөшүүнүн маанилүүлүгүн» баса белгилешти.
Эки ай мурун Герцог Түркияга сапар кылган. Ошондо Эрдаган аны менен өткөргөн биргелешкен конференцияда: «Tүркия жана (израилдин) ортоктош максаты – ортоктош кызыкчылыктар жана эки тараптуу тынчсызданууну этибарга алуу негизинде эки мамлекет ортосунда саясий сүйлөшүүнү кайра жандантуу», – деп баса белгилеген. Ал: «(израиль) жетекчисине биз региондогу кескиндикти басаңдатууга жана эки мамлекет чечими көз караштарын сактоого чоң маани беришибиз керек», – деген. О.э. Эрдаган: «Тынчтык жана бейпилдикти орнотуу, региондо бирге жашоо маданиятын курууга салым кошуу өзүбүздүн колубузда», – деп кошумчалап: «Түркия-(Израиль) мамилелеринин өнүгүшү жана бекемделиши өлкөлөрүбүздүн жана бүткүл региондун тынчтыгы жана туруктуулугу үчүн чоң мааниге ээ», – деп баса белгилеген.
Роя гезити, №390, 2022-жыл, 11-май.