Пакистан режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бирин камакка алды

35
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Пакистан режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бирин камакка алды

Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Лахордо жарандык кийимчен Пакистандын «терроризмге» каршы күрөшүү кызматынын адамдары Халифалык үчүн аракет кылып жаткан жана IT тармагы боюнча кеңешчи жана региондогу таасирдүү кишилердин бири, үч перзенттин атасы Аршад Жамалды камакка алды. Аршад Жамал Хизб-ут-Тахрирдин Пакистандагы расмий сүйлөөчүсү Навид Батт менен бирге – ал 2012-жылы 11-майда уурдалып кетишинен мурда – бир нече жыл аракет кылган…

Биз Пакистан өкүмдарларын тескөө үчүн Аршад Жамалдын сөзүнөн абзел сөздү таппадык. Навид Батт уурдалышы жана Аршаддын камакка алынышы артынан  2012-жылы 26-декабрда боордошубуз Аршад ушул сөздөрдү айткан: «Исламдын саясий түзүмүнө жана рошид Халифалык мамлекетине тоскоолдук болчу кандайдыр бир негиз барбы?! Мусулман өлкөлөрүнүн башчылары менен Батыш ортосундагы жашыруун жана ашкере тил бириктирүүлөрдү ачыктоо токтотулушу керекпи?! Пакистан элине жана Куралдуу күчтөрүнө каршы тил бириктирип жаткан жарандык жана аскерий жетекчиликтин кыянаттарын ачыктоо токтотулушу керекпи?!».

Билдирүүнүн акырында Пакистан өкүмдарларына мындай талап коюлду: «Аллахка дос болгон жана Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүүгө чакырып жаткан адамдарды Куръан түшкөн ушундай улуу айда репрессия кылууну тезинен токтоткула. Эгер, зулумуңарды токтотпосоңор, билип койгула, келечек мусулмандардыкы, шерменделик жана кор болуу тогуттардыкы. Өтмүштөгү Намруд, Фиръавн жана Курайш мушриктери сыяктуу текебер ата-бабаларыңар кандай абалга түшкөн болсо, силер да ошондой абалга түшөсүңөр. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ الَّذِينَ يُحَادُّونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ أُوْلَئِكَ فِي الأَذَلِّينَ﴾

«Албетте, Аллахтын жана Расулунун сызган сызыгынан чыккан кимселер – дал ошолор эң кор кимселердин катарында!»                                                                                           [58:20]».

 

Роя гезити, №388, 2022-жыл, 27-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here