Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын делегациясы Триполи жана Түндүк региондун муфтийин зыярат кылды

157
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын делегациясы Триполи жана Түндүк региондун муфтийин зыярат кылды

Эл аралык Валюта Фондунан жана Дүйнөлүк Банктан карыз алуу идеясына о.э. учурдагы саясий чөйрөнү кайрадан шайлоого каршы күрөшүү кампаниясы алкагында Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын доктор Мухаммад Ибрахим жетектеген делегациясы Триполи жана Түндүк региондун муфтийи шейх Мухаммад Имамды зыярат кылды. Бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын маалымат бөлүмү тарабынан жарыяланган билдирүүдө ушулар баса белгиленет: «Жолугушуу учурунда Ливан режиминин Эл аралык Валюта Фондуна ири сүткордук карыздарды сурап кайрылуусу о.э. жогорку фатва мекемесинин режимди мындай жолдун акыбеттеринен эскертүүгө жооптулугу талкууланды. О.э. парламенттик шайлоолор жана шектүү долборлор жөнүндө да сөз болду. Шейх маселеге олуттуу кулак салып, өз позициясын билдирди. Ал Ливандын мындай талкалануу жолу өлкөгө да, элге да сокку беришин, өлкөнү дагы да бөлүү-майдалоого каратылган басымдар бар экенин, бул бүтүндөй Ливандагы мусулмандар үчүн кооп туудурушун баса белгиледи!

Жолугушуунун акырында делегация шейхке Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын борбордук алакалар жана иш-чаралар комитети жарыялаган баракчаларды берди. Баракчаларда Ливандагы шайлоолордун чындыгы, аларга кандай мамиледе болуу жана эң туура жол экинчи даражалуу чечимдер жолу эмес, түпкү өзгөрүү жолу экени айтылган».

 

Роя гезити, №388, 2022-жыл, 27-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here