Иордания премьер-министри адаштырып чалгытууда

25
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Иордания премьерминистри адаштырып чалгытууда

Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаятынын маалымат бөлүмү премьер-министр Бишр Хасавнанын «Иордания күчтүү, банкроттуктан бүтүндөй алыс, буга Дүйнөлүк Банк күбө» деген билдирүүсүн каралайт. О.э. мурунку премьер-министр Тахир Мисрийдин «Биз Иордания банкротко учурады деп эсептеле турган күнгө тездик менен жакындашып жатабыз» деген сындоосун да каралайт. Кеп мындай, Иордания мамлекетинин карызы туруктуу өсүп барууда жана ички дүң продукциянын 113 пайызын түздү. Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Валюта Фонду жана эл аралык рейтинг агенттиктери – АКШ жана Батыштын колундагы колонизаторлук куралдар. Алардын максаты – Иорданияны карыз баткагына батырып, акыбетте, аларга туткун кылууга жана саясий чечимин жоготууга алып келүү…

Шексиз, карыздар сүткордук пайыздар менен төлөнгөндөн кийин чет элдик валюталар запасы азайып кетет. Демек, бүгүнкү күндө карызды карыз алуу менен төлөө дагы бир арам иш болуп, бул мамлекеттин экономикалык потенциалдарынын эсебинен болууда…

Чет элден карыз алуу колонизаторлордун арканы болуп, башчылар аны калктын мойнуна илишкен. Жетекчилер өз чечимин душмандын колуна тапшырып, аларды өлкө-жаранга өкүмдар кылышууда. Бул режимдер Куддус жана Фалестин калкын жардамсыз таштап койгондугу экономикалык саясий моюн сунуунун натыйжасы, мындан башка нерсе эмес…

Эң жаман банкроттук – идеологиялык банкроттук жана саясий боштук. Жар жакасына алып келген нерсе да мына ушул. Бул, эл аралык финансылык колонизаторлук мекемелердин мыйзамына ээрчүүнүн, аларга туткун болуунун жана Исламдагы экономика түзүмүнөн баш тартуунун акыбетинде болду. Исламда экономика түзүмүндө сүткордук арам кылынып, байлыктарды жарандарга бөлүштүрүү буюрулган о.э. мүлккө ээ болуу белгилеп берилип, ал корголгон. Уммат жолго коюшу шарт болгон түзүм мына ушул. Иордания Ислам Умматынын бир бөлүгү болуп, Умматтын эсепсиз байлыктары өкүмдар режимдердин мүлкү эмес, мусулмандардын мүлкү. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:

«الْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ فِي الْكَلَإِ وَالْمَاءِ وَالنَّارِ»

«Мусулмандар үч нерседе шерик: жайлоо, суу жана отто». Ислам экономикалык проблеманы өндүрүштү көбөйтүү менен эмес, байлыкты бөлүштүрүү менен чечет, айрыкча, Аллах чоң байлыктарды берген мамлекетте. Ошондой болгон соң, биз, силер, мусулмандарды Ислам түзүмүн, Исламдын экономикалык түзүмүн колдонуучу рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылууга чакырабыз.

 Роя гезити, №388, 2022-жыл, 27-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here