Яманда болуп жаткан жаңы окуялар

207
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яманда болуп жаткан жаңы окуялар

Устаз Хасан Хамдан

Хизб-ут-Тахрирдин «Саясий түшүнүктөр» китебинде мындай делет: «Бүгүнкү күндө Америка, Британия, Франция, Россия ортосунда Ирак, Афганистан, Жакынкы Чыгыш проблемалары айланасында болуп жаткан жашыруун жана ашкере талашып-тартышуулар колонизаторлук жана пайдапарастык максатында кылынып жаткан иштер. Демек, ресурстар үстүндө жаңжалдашуу, таасир талашуу, өкүмдар болуунун бардык көрүнүштөрү жана түрлөрү боюнча ат салышуудан турган колонизаторлук азыркы эл аралык күрөштө өз өкүмүн өткөрүүдө».

Мамлекеттер ортосундагы күрөш учурда АКШ жетектеген Батыш менен Россия ортосунда Украина үстүндө болуп жаткандай, кээде ачык күрөш болсо, кээде куурчак мамлекеттер аркылуу жашыруун болот. Мында борбордун милдети ишке ашыруу керек болгон планга ылайык аракетте көзөмөлдөөдөн турат.

Дүйнөдө күрөш байыртадан бар. Ал тургай, эч бир кылым күрөшсүз өтпөгөн. Дүйнөдө эң катуу күрөштөрдүн бири Жакынкы Чыгышта болуп, Америка менен Британия ортосунда, айрыкча, 1950-жылдагы «Экинчи Стамбул конференциясынан» кийин көңүл чордонунда болуп келди. Конференцияда «араб мамлекеттери тобунда аккредитация кылынган америкалык дипломаттардын эгер АКШ чынында Жакынкы Чыгышты өзүнүн базасына айлантмакчы болсо, анда, Америка саясаты Британия саясатына байланып калбашы керек деген пикирлери» баса белгиленди. Америка англистерди региондон бүтүндөй чыгаруу максатында алар менен кызматташуу идеясынан баш тартып, кызматташуу саясатын күрөштү башкаруу саясатына өзгөрттү.

Ушуга ылайык, Яман сыяктуу регион мамлекеттери күрөш майданына айланган. Яман үстүндөгү күрөш алтымышынчы жылдары башталды.

«Ошондо 1962-жылы Салал ыңкылабы болуп, анын артында Америка турду жана Яман республикасы жарыя кылынды. Британия Ямандын Түштүгүндө калды жана 1967-жылы ал жерде республика куруп, ал жерден аскерий күчтөрүн чыгарып кетти. Андан кийин, ошол 1967-жылы Британия Американын малайы Абдуллах Салалды кулатып, түндүктөгү бийликке өз малайларын алып келди, натыйжада, Яман түндүгү да, түштүгү да анын көзөмөлүнө өттү. Бирок, эски жана жаңы бул эки колонизатор мамлекеттер ортосунда ыңкылаптар аркылуу күрөш уланды. Британия 1978-жылы бийликке өзүнүн малайы Али Абдуллах Салихти түндүктөгү бийликке алып келди. Түштүктөгү режимдин башында Али Салим Биз турган. Ошондо Британия өз таасирин сактап калуу жана Америкага каршы туруу максатында Ямандын эки регионун малайы Али Абдуллах Салихтин жетекчилигинде бириктирүү зарыл деген пикирге келди жана буга 1990-жылы жетишти. 1993-жылы шайлоолордо Али Салих партиясы жеңишке жетишкен соң, «Али Салим Биз шайлоону өз таасиринин сынышы деп билди».

Америка бул абалдан пайдаланып, Али Салим Бизди өз тарабына оодурууга жетишти. Бул кимсе Америкага берилсем, түштүк менен түндүк бөлүнгөндөн кийин мени түштүккө президент кылат деп үмүт кылган. Ушул негизде Биз ачык козголоң уюштуруп, түштүктүн бөлүнгөнүн жарыя кылды. Бирок, Британия Али Абдуллах Салих жана региондогу башка малайларынын жардамында козголоңду ийгиликсиздикке учуратууга жетишти жана дагы анын таасири уланды.

Бул иш англистер үчүн туруктуу абалда 2011-жылы Яманда нааразылык демонстрациялары башталганга чейин сакталып турду. Америка демонстрацияларды британиячыл Али Салихти кулатууга жолдоду, себеби, ал бүткүл башкаруусу убагында Америкага каршы иш кылган эле. Мына ошондо Британия өз адамдары аркылуу Али Салихти майдандан алып чыгып кетүүгө аракет кылды. Британия бул иште Американын бүткүл бийликти кулатышынан жана өз малайын өткөрүп алышынан коркуп, анын саясаты боюнча жүрүп, Фарс булуңу демилгесин шылтоолоп, Али Салихти бийликтен алды жана ордуна башка малайы Абдураббих Мансур Хадийди отургузду.

Америка Британиянын Ямандагы пайдубалы бекемдигин түшүнүп турат. Ошондуктан, өз стратегиясын ушул негизде иштеп чыкты. Ал колдонууга жарактуу болгон планды т.а. Яманды бүтүндөй алуунун ордуна бийликке өз адамдарын шерик кылуу жана бийликти ичкериден ээлөө планын иштеп чыкты. Ушул максатта Британия малайларына каршы күрөшкө Хусийлерди киргизди жана аларды керектүү каражат жана курал-жарак менен камсыздады. Хусийлер борборду гана ээлебестен, Яман бойлоп сезилээрлик жана олуттуу түрдө кеңейишти… Бирок, Яманды көзөмөлдөй албай турган азчылык топ болгону үчүн англистердин тузагына түштү…

Хусийлер кеңейүү менен ката кылышты, артка кайтууга да, бекем турууга да жетише алышпады… Ошондо Америка аларды кол салуучулар эмес, чарасыз курмандар катары көрсөтүү үчүн согушка кайра киргизүүнү чечти. Ушул аркылуу келечектеги сүйлөшүүлөргө чөйрө даярдап, Хусийлерди Британия малайлары менен сүйлөшүү өткөрө турган тарапка айлантмакчы болду. Ал эми, Британиянын алдында сүйлөшүүлөрдөн качып, өз адамдарын бириктирүүнү кечиктирүү жолу гана калды. Акыры, эл аралык абал жана Украина согушу шартында о.э. мыйзамсыз аймактарда абал оорлошкон убакта Британия мыйзамдуу өкмөт менен өткөөл кеңешти бириктирүү максатына ыраазы болууга мажбур болду. Бул өткөөл кеңешти Эмираттар бириккен президенттик кеңештеги ага караштуу куралдуу топтор жана партиялар жардамында түзүп, мындан Хадийди кулатып, анын укуктарын кеңешке берүүнү жана алар аркылуу Хусийлер менен сүйлөшүүлөр өткөрүүнү максат кылган. Британия Ямандагы президенттик кеңештин жетекчилеринен Хусийлер менен саясий сүйлөшүүлөр жолунда олуттуу жана тез аракет кылууну күтүп жатканын билдирди. Британия кийинки баскычтын маңызын түшүнгөнү үчүн Ямандын түндүк жана түштүгүндөгү адамдарын ушул кеңешке топтоду. Аларды бүткүл Яман калкын көөдөлөнткөндөй көрсөттү. Ал эми, кээ бирөөлөр Американын бул топко ыраазы экенине таянып, президенттик кеңешти Америка кеңеши деп аташты, акыйкатта болсо, алар англистердин малайы эле. Мисалы, президент кеңештин төрагасы Рашад Алимий англистердин адамы. Анын тарыхына учкай көз чаптырышыбыз менен эле ким экенин билип алышыбыз мүмкүн. Мисалы, 2001-жылы ички иштер министри кызматын, 2006-жылы жогорку коопсуздук комитетинин төрагасы жана премьер-министрдин орун басары кызматын, 2008-жылы май айында премьер-министрдин коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча орун басары кызматын, ошол жылы жергиликтүү администрация министри сыяктуу кызматтарды ээлеген. О.э. Рашад Жалпы Элдик Конгресси партиясынын мүчөсү, Яман Улуттук Сүйлөшүү конференциясынын мүчөсү болуп, 2014-жылы республика президентинин кеңешчиси болуп иштеген. Ал өлгөн Али Салихтин адамдарынан эле эмес, ал тургай, англистердин эң жакын адамдарынан болгон. Элдик Конгресс партиясы Али Салихтин партиясы.

Демек, бул кеңеш идеологиялык жактан алганда Американын кеңеши болуп, Британия буга ыраазы болуп жатат. Себеби, кеңештин адамдары аныкы, Американыкы эмес. Ошондуктан, бул жерде Америка Британиянын малайларын анын ыраазылыгы менен бириктирүү жана Хусийлерди өтө кичине топ эмес, аларга теңдештирүүдөн турган биринчи кадамда ийгиликке жетишкен болуп эсептелет. Бул ишке Саудия, Иран, Эмираттар сыяктуу региондогу Америка жана Британия малайлары демөөрчүлүк кылды. Өичинде «мыйзамдуу» өкмөт жана өткөөл өкмөт, алардын тарапкерлери жана Хусийлер ыраазы болду. Американын бул планы ийгиликке жетиши жана Хусийлерди бийликке шерик кылынышы үчүн Саудия менен Эмираттар миллиарддаган доллар сарпташты… Муну менен Яман башкача көрүнүштөгү, өлкөгө жана калкка дагы да кооптуу болгон саясий күрөшкө кирди. Бул күрөш алар айтып жаткандай, эки тарап келишкенде да эч качан токтобойт. Себеби, Американын иши дагы эле биринчи кадам. Бул кадамдан кийин региондогу адамдары, малайлары жана эл аралык таасири аркылуу дагы да чоң, таасири дагы да күчтүү кадамдар ташталат… Тараптардын бири экинчисинен бүтүндөй үстөм болушуна жетишип, өлкө анын өзүнө калмайынча күрөш уланат. Ошондуктан, тынчтык убактылуу болуп, Яман жана анын перзенттери регион мамлекеттеринин колу менен куфр мамлекеттерине кызмат кылышы үчүн башкача көрүнүштөгү кезектеги күрөшкө тартылышат, муну менен тынчтык дагы ишке ашпайт. Же Ислам мамлекети тикеленип, Яман калкы бактылуу жашашы үчүн Аллах болушу керек болгон ишти болтуруу менен мамлекеттер аралык бул иштер өзгөрөт. Бул Аллахка жеңил.

 

Роя гезити, №387, 2022-жыл, 20-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here