Мамлекеттер аралык системанын бузулушу – Умматтын Батыш өкүмдарлыгынан кутулуусуна мүмкүнчүлүк

198
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мамлекеттер аралык системанын бузулушу – Умматтын Батыш өкүмдарлыгынан кутулуусуна мүмкүнчүлүк

 Доктор Усман Баххаш

Украина кризисинин акыбеттери эл аралык майданга таасир кылганы анык болду. Биз бул акыбеттерди төмөнкүдөй баян кылабыз:

  • Согуш Европанын чыгыш канатында жалындады. Бул НАТО менен Россия ортосундагы кагылышуунун кеңейишинен жана узак убакытка созулушунан кабар берип, эскертүүдө. Мисалы, Россия Финляндия менен Швецияны НАТОго мүчө болуудан эскертип, Балтика деңизинин жээктерине ядролук куралын жайгаштыруу менен коркутту.
  • Акыркы убактарда күрөш Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышына чейин кеңейишинин ыктымалы жөнүндө көп айтылууда. Ал тургай, «Россия 1» телеканалынын алып баруучусу Ольга Скабеева да мындай деди: «Россия НАТОнун рычагына каршы согушууда жана бул Украинадагы чыр-чатак түздөн-түз НАТОго каршы согушка, Үчүнчү дүйнөлүк согушка айланып кетиши мүмкүн экендигин түшүндүрөт. Биз муну түшүнүшүбүз шарт».
  • Бул маселеде Кытай да четте эмес. Себеби, Европа Кытай менен Россия ортосундагы мамилелердин күчөп жатканынан кабатырда. Европа Россиянын Украинадагы согушун Кытай тымызын-унчукпоо менен болсо да колдоп жатат деп эсептейт. Батыш Кытайды тынчсыздануу булагы деп билет. Демек, Кытайдын тымызын болсо да бул согушту колдоп-кубатташы аны менен Батыш ортосундагы мамилеге таасир өткөрүүдө маанилүү фактор болду.
  • Америка өзүнүн гегемондугунун жүгүн көтөрүүгө жардам бериши үчүн Германия жана Япония куралдуу күчтөрү кайра тикеленишине каршылык кылбай турган болду. Учурда Германия өкмөтүндө Украинаны оор куралдар, немис танктары менен камсыздоо туурасында кызуу талкуу уланууда. Этибарлуусу, Жашылдар партиясынын министрлери Германия канцлерине муну тездетүү үчүн басым өткөрүшүүдө.
  • О.э. Америка «AUKUS» аскерий союзу аркылуу Австралияны да Кытай коркунучуна каршы турууга тартууда. Башка тараптан, Тайванды колдоп-кубаттоо аркылуу Кытайды провокация кылып жатат. Мисалы, жакында АКШ конгрессинин делегациясы Тайванга сапар кылды. Негизи, мындай сапарлар Кытайдын ачуусун келтириши анык.

Туура, Үчүнчү дүйнөлүк согуш жөнүндө сүйлөө дагы эле эрте болгон менен, бирок, окуяларды күзөтүп жаткан киши үчүн Украина согушунун акыбеттери сыр эмес.

Бирок, биз мусулмандарбыз бизге күзөтүү жана талдоо позициясында туруу менен чектелишибиз туура эмес. Мындай баш аламандыкка Умматыбыз чыдай албайт. Уммат Батыш колонизаторлугунун азаптарынан кыйналууда… Батыш Биринчи дүйнөлүк согуштун артынан Халифалык мамлекетин кулатты, кийин Уммат кайра бирикпешин жана Исламды бүткүл адамзатка жеткирүү менен өзүнүн татыктуу даражасын кайра ээлебешин камсыздоо үчүн Умматты зордук менен бөлүп таштады. Негизи, материалдык кызыкчылыкты улуулаган о.э. моралды да, ахлакты да, инсанийликти да урматтабаган айбандык материалисттик хазараттан бүтүндөй адамзат жапа чегүүдө.

Күрөшүп жаткан тараптар ортосунда каалоолордун кагылышышы жана ар бир тараптын экинчи тарабына зыян жеткирип, өзү көбүрөөк ийгиликтерге умтулушу каршысында, мамлекеттер аралык сахнадагы окуялар ушуну көрсөтүүдө – Американын жеке акимдиги изден чыгып жатат.

Ооба, биз күрөштөрдү бир гана мамлекеттер аралык күчтөр тең салмактуулугу гана чечишин, арийне, ушул күчтөр ар бир тараптын позициясын анын аскерий, экономикалык, хазаратка тиешелүү мүмкүнчүлүктөрүнө карап (т.а. жумшак күч жана катуу күч себептери негизинде) белгилеп беришин аң-сезимдүү түрдө түшүнүп жатабыз. Ошондон келип чыгып, биз ушуларды баса белгилеп айтабыз: Уммат ушундай энергия жана күч-кубатка ээ, бул нерсе аны бүткүл дүйнөнүн Роббиси ыраазы болгон макамын кайра колго алууга ылайык Умматка айлантат. Бул Умматтын Аллах Таалага болгон ыйманына ылайык маъруфка буюруп, мункардан кайтаруу амалы менен байланыштуу жакшылыктары.

Ал Мароккодон Индонезияга чейин, Фергана өрөөнүнөн Сомалиге чейин созулган Уммат болуп, эл аралык сооданын жолдору анын колунда, Сувайш каналы, Босфор кысыгы, Малакка кысыгы, Бабул Мандаб, Хурмуз кысыгы сыяктуу. Ал энергетикалык булактарга да ээ. Баарынан да эң маанилүүсү, Уммат Ислам акыйдасына ээ болуп, бул акыйда аны материалисттик акыйданын караңгылыгында адашкан адамзатты хидаятка баштоочу нур чырагын кайтарууу рисалат ээсине айлантты. Ооба, мусулман өлкөлөрү, шаарлары континенттер бойлоп өз нурун тараткан Ислам хазаратынын борбору болгон убакта Ислам Умматы адамзатты башкаргандай, бүгүн да бүткүл адамзатты башкарууга кудуреттүү.

Булардын баары саясий бийликтин болушуна байланыштуу. Себеби, саясий бийлик ушул хазарат менен байланыштуу көз карашты кабыл алып, аны амалий колдонуу ордуна коёт. Булардын баары колонизатор Батыш Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин мажбурий киргизилген баскынчылык системасына байланып калган тар улутчулдук жана мекенчилдик көз карашы негизинде эмес, Ислам байрагы астында ишке ашат. Негизи, колонизаторлордун мусулман өлкөлөрүндө базалары болушун эч нерсе менен актап болбойт… Батыш элчиканаларынын өлкөлөрүбүздөгү токтом чыгаруучу бардык структуралар үстүнөн көзөмөл орнотуп, аларды Батыш борборлорунда кеткен буйруктарга моюн сунууга мажбурлар жатканы да о.э. Аллах Умматка тартуу кылган байлыктардын Батыш тарабынан талап-тонолуп жатканын да эч кандай актоосу жок.

Мусулман өлкөлөрү башындагы иш ээлери Америкага күчүбүз жетпейт, Европа, Кытай жана Россияга тең келе албайбыз, ушул себептүү изме-из жүрүү жана күч-кубат себептерин кармашыбыз керек, мына ошондо бир күн келип каршы турууга даяр боло алабыз дешет. Булар күч-кубат булактары мусулмандардын колунда экенинен бүтүндөй кабарсыз. Акыры, Уммат Ислам менен жашоого ынтызар болуп, Ислам таңы атышын күтүп турат. Учурда дүйнөлүк окуялар күчөп, атаандаш мамлекеттер өз ара күрөшүп жаткан убакта мамлекеттер аралык система издеп чыгууда жана бул Умматка ушундай алтын учурду берди, андан Батышка көз карандылык кишендеринен кутулууда пайдаланышы керек. Мусулмандар Халифалык мамлекети көлөкөсүндө кайра биригүүдө ушул учурду колдон чыгарбашы керек. Биз бүткүл дүйнөгө каршы согуш жарыялаган жокпуз, бардык күчтөргө каршы тура албайбыз десек. Жок, балким, жөндөмдүү саясий жетекчилик душманды бир жактуу кылууга кудуреттүү. Бул үчүн саясий жетекчилик Умматты ач көз душмандардан бекем коргой турган материалдык күч себептерине ээ болуу үчүн тезинен аракет кылып, тынымсыз уланып жаткан жана жалаң колонизатор Батышка кызмат кылып жаткан мусулмандар ортосундагы өз ара ички согуштарга батуудан сакталат. О.э. бардык күч-мүмкүнчүлүктөрүн сапарбар кылып, саптарды бириктирет, ар бир аракет жана энергиядан үнөмдүү пайдаланып, ушул аркылуу кайрадан Умматты ааламдар Роббиси ыраазы боло турган мекенине көтөрүлөт.

Кана эми, муну элим түшүнсө!

Аллахым, биз Сенден Ислам жана мусулмандарды азиз, кафир жана мунафыктарды кор кыла турган о.э. бизди Сага итаат кылуучу даъватчыларга, Сенин жолуңдан чыкпай турган жетекчилерге айланта турган улуу Мамлекетти сурайбыз.

 

Роя гезити, №387, 2022-жыл, 20-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here