Акса маселеси – бардык мусулмандардын маселеси

152
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Акса маселеси бардык мусулмандардын маселеси

Устаз Ахмад Хутваний

Акса мечити Умматтын тагдырий маселелеринин бири. Исра аяты жана үч мечиттин зыярат кылынышы жөнүндөгү хадистин ташриий жактарын анык саясий түшүнүк көрүнүшүндө тунукташтырып алуу мүмкүн. Муну менен, ушул түшүнүк Акса мечитине таандык фикхий чечимдерди баян кылып берет:

  • Аллах Субханаху ва Тааланын Исра сүрөсүндөгү каламы:

﴿سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَى بِعَبْدِهِ لَيْلاً مِّنَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ إِلَى الْمَسْجِدِ الأَقْصَى الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ لِنُرِيَهُ مِنْ آيَاتِنَا إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ البَصِيرُ﴾

«(Аллах) бир түнү Өз пендесин ага аят-мужизаларынан көрсөтүү үчүн Масжидул Харамдан Биз айланасын берекелүү кылып койгон Масжидул Аксага сейил кылдырган аруу Зат. Чындыгында, Ал угуучу, көрүүчү»                                                                                                              [17:1]

Бул аят масжидул Харамдын улуулугу менен масжидул Аксанын улуулугун бирдей кылууда. Ушул жерде суроо пайда болот. Биринчиси: бул эки мечиттин ортосундагы байланыштан кандай шаръий хукмду түшүнүү мүмкүн?

Жооп: бул байланыштан эки мечитти коргоо фарз экендиги түшүнүлөт. Себеби, ыйык жайды коргоо фарз. Бул аятта Масжидул Аксаны коргоо менен Масжидул Харамды коргоо барабар кылынууда. Себеби, экөөсүнүн тең улуулугу бир, демек экөөсүн коргоо да бир. Бул бардык мусулмандарга фарз болгон шаръий хукм.

  • Аллах Субханаху ва Тааланын «الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ Биз айланасын берекелүү кылып койгон» деген каламынын маанисине келсек, бул жайдын манаты-мазмунун текшерүү менен көпчүлүк муфассирлердин бул жөнүндөгү пикирлерине күбө болобуз. Алар Аллах Субханаху Акса мечитинин айланасында берекелүү кылган жерлер Шам өлкөлөрүн билдирет дешкен. Ошол убактагы Шам өлкөлөрү деп таанылган чегаралар түштүктөгү Ариш жана Табук шаарларынан түндүктөгү Халаб жана Адана шаарларына чейин, батыштагы Жер ортолук деңизден чыгыштагы Фурат дарыясына чейин созулган.

Бул аймактардын ичинде жайгашкан өлкөлөрдүн ар бири Акса мечити айланасындагы мубарек өлкөлөр болуп, аяттагы «الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ Биз айланасын берекелүү кылып койгон» деген калам ушуга түшөт. Бул өлкөлөрдү коргоо хукму Масжидул Аксаны жана Масжидул Харамды коргоо хукму менен, Куддусту коргоо хукму Яффа жана Хайфанды коргоо хукму менен, Шам өлкөлөрүндөгү ар бир шаарды коргоо хукму Меккени коргоо хукму менен бирдей.

  • Экинчи суроо: бул мубарек жерлер кантип корголот, коргоо алгач кимдин мойнуна түшкөн?

Жооп: бул коргоо ушул жерлерди коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ исламий армиялардын жоопкерчилигине түшкөн. Себеби, муну кылууга кудурети бар деп ишенилген тарап – бул армиялар. Ал эми, коргоо укугуна ээ киши – Ислам мамлекетинин жетекчиси, башкаруучу жана кол астындагылардан жооптуу болгон имам-халифа.

Эгер, имам-халифа жок болсо, аны тикелөөгө аракет кылуу фарз болот, себеби, өз жаранынын иштерин камкордук менен башкаруу жана алгач ушул өлкөлөрдү коргоо анын жоопкерчилигинде.

Эгер, имам-халифа жок болсо, камкордук менен башкаруу катардагы адамдардын жоопкерчилигине түшөт деп айтылбайт. Жок, андай деп айтылбайт. Себеби, катардагы адамдарда согушуу жана коргоо мүмкүнчүлүктөрү жок. Балким, халифаны жүзөгө келтирүүгө жана ушул фарзды аткаруу үчүн ага байъат кылууга аракет кылуу зарыл деп айтылат.

Имам-халифа дегенде Ислам мамлекети, анын армиясы, разведкасы жана башкаруу аппараты түшүнүлөт. Түпкүлүгүндө, имамды жүзөгө келтирүү фарз болгон иш. Буга кошумча, мубарек жерди азат кылуу үчүн да фарз.

Чындыгында ушул мубарек жерди куткаруу мусулмандарга фарз болуп, бул фарз имамды жүзөгө келтирүүсүз аткарылбаса, демек, имамды жүзөгө келтирүү «фарзды аткаруу үчүн зарыл болгон нерсе да фарз» эрежесинен келип чыгып, фарз болгон.

  • Расулуллахтын белгилүү хадиси:

«لَا تُشَدُّ الرِّحَالُ إِلَّا إِلَى ثَلَاثَةِ مَسَاجِدَ: الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ وَمَسْجِدِي هَذَا وَالْمَسْجِدِ الْأَقْصَى»

«Үч мечит гана зыярат кылынат: Масжидул Харам, менин мечитим жана Масжидул Акса». Бул хадистин мазмуну – мусулмандарга кудум Масжидул Харам жана Масжидун Набавийди зыярат кылуу фарз болгондой, Масжидул Аксаны зыярат кылуу да фарз. Качан мусулмандардын Акса мечитине баруусуна яхудий баскынчылыгы сыяктуу тоскоолдук болсо, анда, бул тоскоолдукту жок кылууга аракет кылуу фарз болот. Эгер, согушсуз жана кошуунду аракетке келтирбей бул тоскоолдуктарды жок кылуу мүмкүн болбосо, анда, халифа тикелөө фарз болот. Себеби, мамлекет жетекчиси жана кошуундун командачысы катары шаръий хукмду колдонуу үчүн ушул баскынчылыкты жок кылууга халифа аракет кылат. Шаръий хукм болсо, мусулмандарга Акса мечитин зыярат кылууларына мүмкүнчүлүк жаратуу фарз деген хукм болуп, мында «Фарзды аткаруу үчүн зарыл болгон нерсе да фарз» эрежеси негиз кылынган.

Кыскасы, Акса мечити темасы Исра аяты темасы жана үч мечиттин зыярат кылынышы туурасындагы хадистин темасы. Бул аят жана хадис далил болуп жаткан шаръий хукм халифа тикелөөнү т.а. Халифалыкты тикелөөгө аракет кылууну буюруп жатат. Халифалык бүткүл мубарек жердин коргоо үчүн кошуун тартып, ошол эле убакта, Аксага баруу жолундагы тоскоолдуктарды алып салат.

Бул аят жана хадистин мыйзамчылык жактары мына ушундай. Бул ушул улуу ишти аткаруу үчүн халифа тикелөөнүн фарз экенине далалат кылууда. Бул бузук түшүнүктөгү кимселердин үгүттөөлөрүнө тескери албетте. Алар ушул ачык маанилерден бүтүндөй капилетте калып, өзгөрүү үчүн эч кандай аракет кылбай, адамдарды башарат жана арзуу-үмүттөр туурасындагы сөздөрү менен убара кылып жатышат… Аларды шал кылып, күтүү жана куру кыялдарга батуудан башка эч кандай ишти билбей турган кадария жана гайбияларга айлантып коюшууда!

 

Роя гезити, №387, 2022-жыл, 20-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here