Хизб-ут-Тахрирдин студенттер чөйрөсүндөгү Ал-Ваъй тобу Бир Зайт университетинде студенттерге CEDAW конвенциясынын маңызын түшүндүрүп берди

174
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизбут-Тахрирдин студенттер чөйрөсүндөгү Ал-Ваъй тобу Бир Зайт университетинде студенттерге CEDAW конвенциясынын маңызын түшүндүрүп берди

Хизб-ут-Тахрирдин студенттер чөйрөсүндөгү Ал-Ваъй тобу Бир Зайт университетинде «CEDAW конвенциясы тышынан аялдарга ырайымдуу болуп көрүнүп, түпкүлүгүндө аларды жана үй-бүлөлөрүн ойрон кылат» деген баракчаны студенттерге таратты. Бул иш-чара ушул конвенциянын артында Батыш турганын, Батыштын мусулман өлкөлөрүнө өз пикирлерин жана жийиркеничтүү сакафатын мажбурлап киргизмекчи экенин ачып берди.

Ал-Ваъй тобу конвенция Исламга тескери экенин ачыктап, «Бул конвенция 18 жашка жетпеген кыздарды турмушка чыгууга тыюу салат, бирок, ошол эле учурда жыныстык мамилеге барууга кантип уруксат берет?!», «Кантип бул конвенция муслиманын кафир эркекке турмушка чыгышына уруксат берүү менен Аллахтын өкүмүнө каршы чыгат?!» деген суроолорду ортого салды.

«Биз, мусулмандар, Батыштын динибизге жана сакафатыбызга жат болгон бул сыяктуу конвенция жана мыйзамдарына муктажбызбы, бул нерселерди Батыштан импорт кыла беребизби, акыры, бул конвенция жана мыйзамдардын бузгунчулугунан ал тургай Батыш калкы да тажады го?!» деген каралоочу суроолорду да ортого салды.

Топ иш-чаранын алкагында: «Демек, кафир Батыш CEDAW конвенциясын бизге мажбурлап өткөрүүгө умтулууда жана аны үгүттөө үчүн уюмдарга ири каражаттарды сарптап жатат, ал тургай, Аллахтын жолунан тосуу үчүн конвенцияны ишке ашырууга «гранттарды жана гуманитардык жардамдарды» берүүдө», – деп, Аллах Тааланын:

﴿إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُواْ يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّواْ عَن سَبِيلِ اللَّهِ

«Албетте, кафир болгон кимселер байлыктарын Аллахтын жолунан тосуу үчүн иштетишет»                                                                                                                 [8:36]

деген аятын далил катары келтирди.

 

Роя гезити, №387, 2022-жыл, 20-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here