Айды көрүү жана астрономиялык эсептөө

98
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир амири аалым Ата ибн Халил Абу Роштанын Фейсбук баракчасындагы суроолорго жооптор (фикхий)

Суроо-жооп

Айды көрүү жана астрономиялык эсептөө

Аллахка мактоолор болсун. Аллахтын Расулуна, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аны менен дос болгондорго саламдар болсун, амма баъд:

Айды көрүү жана астраномиялык эсептөө жөнүндө баракчабызга суроо жолдогон боордошторубузга…

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух

Айды көрүү жана астраномиялык эсептөө туурасындагы сурооңуз менен таанышып чыктым. Биз бул жөнүндө көп ирет жооп бергенбиз. Ошондой болсо да, мейли, мен ошол жоопторубузга кошумча, кенениреек дагы түшүндүрүп өтөйүн. Ушул жоопту боордошторубуз көңүл буруп карап чыгып, ой жүгүртүшөр деген үмүттө жана Аллахтан жардам сурап ушуларды айтамын:

  • Кадырлуу боордоштор, биз астрономиялык эсептөөнү ай темасына киргизбейбиз. Себеби, шаръий нусус айды көрүүгө гана таянат. Ошондуктан, айды көрүп рамазанды баштайбыз, айды көрүп рамазанды бүтүрөбүз. Эгер, рамазан айынын жыйырма тогузунчу күнү кечки убакыт айды көрбөсөк – ал тургай, асраномиялык эсептөө боюнча ай бар болуп, булут же аба-ырайы себептүү тосулуп калган болсо да – рамазан айынын күндөрүн отуз күн кылып белгилейбиз. Себеби, нусуста аалам окуялары эмес, балким, айды көрүү жөнүндө айтылганы үчүн бул маселеде айды көрүүгө гана таянылат. Расулуллах ﷺдын имам Бухарий риваят кылган ушул хадисине карагыла: Мен Абу Хурайра розияллоху анхудан мындай дегенин укканмын: Набий ﷺ же Абу Касим ﷺ айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Дагы бир хадисте мындай келет: Абу Хурайра розияллоху анхунун мындай дегенин уктум: Расулуллах ﷺ айтты:

«لَا تَصُومُوا حَتَّى تَرَوْا الْهِلَالَ وَلَا تُفْطِرُوا حَتَّى تَرَوْا الْهِلَالَ، وَقَالَ: صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غَبِيَ عَلَيْكُمْ فَعُدُّوا ثَلَاثِينَ»

«Тээ айды көрмөйүнчө орозону баштабагыла, айды көрмөйүнчө орозону бүтүрбөгүлө. (Пайгамбар алайхиссалам дагы мындай деген): Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, ай күндөрүн отуз күн кылгыла». Т.а. эгер булут айды тосуп калып, мусулмандар аны көрүшпөсө, ал тургай, астрономиялык эсептөө боюнча ай бар деп эсептелсе да, биз орозону мындай эсептөө боюнча бүтүрбөйбүз, балким, айды көрбөгөнүбүз үчүн отузунчу күн да орозо кармайбыз. Дагы айтам, хадистеги «فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلَاثِينَ Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла», деген сөзгө этибар бергиле, астрономиялык эсептөө боюнча ай бар болушуна карабастан, ал зат ушинтип айтууда.

  • Айдын качан толушу, качан туулушу, качан батышы жана күн баткандан кийин канча мүнөт турушун астраномиялык эсептөө боюнча секундасына чейин аныктоо мүмкүн экендигин биз билип турабыз… Бирок, шаръий нусуста аалам окуялары эмес, балким, айды көрүү жөнүндө айтылды. Намаз убактыларында болсо, ушуга күбө болосуз – нусуста аалам окуялары айтылып, көз менен көрүүнүн өзүнө чектелбеди:

﴿أَقِمِ الصَّلَاةَ لِدُلُوكِ الشَّمْسِ﴾

«Күн оогондон баштап намазды толук аткаргын»                                                             [17:78]

«إِذَا زَالَتِ الشَّمْسُ فَصَلُّوا»

«Күн оогондо намазды аткаргын». Ушуну менен намаз убакытка байланды. Убакытты кандай каражат менен аныктасаңар, ошону менен намаз окуй бересиңер. Мисалы, күнгө карасаңар, анын оогон убагын көрөсүңөр, же көлөкөгө карасаңар, намаз убактылары жөнүндөгү хадистерде келгендей ар бир нерсенин көлөкөсүн өзү менен тең же өзүнөн эки эсе болгонун көрөсүңөр. Т.а. убакытты күнгө же көлөкөгө карап аныктоо менен окуган намазыңар туура боло берет. Эми, андай кылбай, астраномиялык эсептөө боюнча иш кылсаңар да т.а. сыртка чыгып, күнгө же көлөкөгө карап отурбай, күндүн батуу убагын саатка карап аныктасаңар да окуган намазыңар дурус боло берет. Т.а. ар кандай каражат менен болсо да, убакытты аныктасаңар болот. Эмне үчүн мындай? Себеби, Аллах Субханаху силерден намаз убактысы киргенде окууну талап кылды. Убакыт киргенин аныктоо үчүн белгилүү бир жолду, каражатты белгилеп бербей, муну өзүңөргө таштап койду. Көрүп турганыңардай, күндүн батуу убагын көз менен карап аныктасаңар да, саатка ылайык аныктасаңар да окуй бересиңер. Та. көрүү менен да, эсептөө менен да окуй бересиңер. Себеби, шаръий нусус көрүүгө далалат кылбады, балким, аалам окуяларына далалат кылды. Мунун тескериси катары, орозону баштоо жана бүтүрүү жөнүндөгү шаръий нусус аалам окуяларына эмес, балким, көрүүгө далалат кылды.

  • Эми, күбө чаташтырып жиберип т.а. башка нерсени көрүп алып, айды көрдүм деп күбөлүк беришине келсек, бул маселе казынын иши же айдын башталышын жана аякташын жарыя кылуу укугуна ээ адамдын иши. Анткени, бул маселеде күбөлөр жана алардын сандары текшерилет, алардын саны канчалык көбөйсө, ишеним да көбөйө берет. О.э. күбөнүн көзү жакшы көрөбү, айдын кашаасы кайсыл тарапка карап турган эле, күн баткандан кийин канча убакыт турду, кайсы тарапта көрүндү, күбө мусулманбы, фасыкпы… ушулардын баары текшерилет. Бизге Мухаммад ибн Абдулазиз ибн Абу Ризма кабар берди: Бизге Фазл ибн Муса Суфяндан, ал Симактан, ал Икримадан, ал Ибн Аббастан риваят кылды: Бир аърабий Набий ﷺдын алдына келип, «Мен айды көрдүм», – деди. Ошондо Пайгамбар алайхиссалам: «Аллахтан башка кудай жоктугуна жана Мухаммад Анын пендеси жана Расулу экенине күбөлүк бересиңби?», – деп сурады. Аъробий: «Ооба», – деп жооп берди. Ошондо Набий адамдарды орозону баштоого буйруду». (Сунани Насаий). Күбөлөр мына ушундай түрдө текшерилген. Бирок, темага астрономиялык эсептөө аралаштырылбаган. Т.а. күбөгө астраномиялык эсептөө ай булуттун артында турганын же жоктугун көрсөтүп жатат деп айтылбайт. Себеби, бул маселеге астраномиялык эсептөөнү аралаштыруу Расулуллах ﷺдын:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلَاثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла», деген хадисине тескери келет. Анткени, нусус ачык эле ай күндөрүн толук отуз күн кылынышын көрсөтүп жатат, ал тургай, астраномиялык эсептөө айдын бар экенин, бирок, аны булут тосуп калгандыктан көрүнбөй жатканын баса белгилеп жаткан болсо да!

  • Бирок, минтип суроо бергендер бар: «Расулуллах ﷺ

«إِنَّا أُمَّةٌ أُمِّيَّةٌ، لاَ نَكْتُبُ وَلاَ نَحْسُبُ، الشَّهْرُ هَكَذَا وَهَكَذَا يَعْنِي مَرَّةً تِسْعَةً وَعِشْرِينَ وَمَرَّةً ثَلَاثِينَ»

«Биз аами калкпыз. Жазууну да, эсептөөнү да билбейбиз. Ай кээде андай, кээде мындай т.а. бир сапар жыйырма тогуз күн, бир сапар отуз күн болот», – деген. (Бухарий риваяты). Бул хадистен биз жазууну жана эсептөөнү билбегенибиз үчүн айды көрүү райын алабыз, эгер эсептөөнү билсек, астраномиялык эсептөөнү алабыз деген мухалафа мафхуму алынбайбы?».

Бул туура эмес мафхум-түшүнүк болуп, мындай кеп усул илими боюнча четке кагылган т.а. бекер кылынган. Себеби, «أمية аами-сабатсыз» сыпаты көпчүлүккө нисбат берилген болуп, арабдар көб абалдарда сабатсыз болгон. Мындан тышкары, ушул мафхум башка хадистердин мантуку боюнча, мисалы, Бухарийде келген

«فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا الْعِدَّةَ ثَلَاثِينَ»

«Эгер, асман булуттуу болсо, ай күндөрүн толук отуз күн кылгыла», деген хадистин мантуку боюнча да бекер кылынган. Башкача айтканда, эгер булут, же жамгыр, же көрүүгө тоскоолдук кылган кандайдыр бир себептен улам айды көрүү мүмкүн болбосо, шаръий хукм – ай чыгып, аны булут тосуп турган болсо да – ай күндөрүн толук отуз күн кылууну белгилеген. Ушуга ылайык, хадистин мантукуна амал кылынып, мухалафа мафхуму бекер кылынат. Т.а. бул жерде мухалафа мафхумун эки нерсе бекер кылып жатат. Биринчиси, «أمية аами-сабатсыз» сыпаты көпчүлүккө нисбат берилгени. Экинчиси, башка нусустун бул мафхумга тескери болгону.

Мухалафа мафхумуна көп учурларда амал кылуу шарттары ушундай. Эгер, көпчүлүккө нисбат берилген болсо же башка нусустун мантуку бекер кылса мухалафа мафхуму бекер кылынат. Мисалы:

﴿وَلَا تَقْتُلُوا أَوْلَادَكُمْ خَشْيَةَ إِمْلَاقٍ﴾

«Балдарыңарды жокчулуктан коркуп өлтүрбөгүлө»                                                     [17:31]

деген аяттагы «خشية إملاق жокчулуктан коркуп» деген сөз түшүнүктүү сыпат т.а. кембагал болуп калуудан коркуу. О.э. ал көпчүлүккө нисбат берилген. Себеби, алар кембагал болуп калуудан коркуп өлтүрүшөт эле. Кийин бул мафхум:

﴿وَمَنْ يَقْتُلْ مُؤْمِناً مُتَعَمِّداً فَجَزَاؤُهُ جَهَنَّمُ﴾

«Ким атайылап бир момунду өлтүрсө, анын жазасы тозок»                                           [4:93]

деген нусус менен бекер кылынды. Ошондуктан, бул мафхум бекер кылынат. Себеби, балдарды кембагалдыктан коркуп өлтүрүү харам, ал эми, бай абалда өлтүрсө халал деп айтылбайт! Балким, ал кембагал болобу, бай болобу, эки абалда тең харам. О.э. төмөндөгү аятты алалы:

﴿لَا تَأْكُلُوا الرِّبَا أَضْعَافاً مُضَاعَفَةً﴾

«Бир нече эсе кылып алыш менен сүткордук кылбагыла!»                                             [3:130]

Анда да «أضعافاً مضاعفة Бир нече эсе кылып алуу» деген сөз түшүнүктүү сыпат о.э. көпчүлүккө нисбат берилген. Анткени, алар бир нече эсе кылып сүткордук кылышат эле. Кийин бул мафхум:

﴿وَأَحَلَّ اللَّهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا﴾

«Аллах сооданы халал кылды, сүткордукту харам кылды»                                            [2:275]

деген нусус менен бекер кылынды. Ошондуктан, бул мафхум бекер кылынат. Себеби, бул жерде көп сүткордук харам, ал эми, аз болсо жаиз деп айтылбайт. Балким, сүткордуктун өлчөмү канча болушуна карабастан харам. Себеби, жогоруда айтканыбыздай «أضعافاً مضاعفة Бир нече эсе кылып алыш»тагы мухолафа мафхуму бекер кылынган.

Ошентип, «أمية аами-сабатсыз» сөзүнүн мухалафа мафхуму жогоруда баян кылганыбыздай бекер кылынган. Башкача айтканда, эгер булут, же жамгыр себептүү айды көрүү үзүрлүү болуп калса, биз эсептөөнү билебизби же билбейбизби, ага карабастан, ай күндөрү толук отуз күн кылынат.

  • Бул жылдагы рамазан айты маселесине келсек, эгер этибар берген болсоңор, биз бул ирет ал тууралуу кечирээк жарыяладык. Себеби, айдын көрүлгөнү туурасында түрдүү региондордон күбөлүктөр берилип, бул маселени текшерүү керек болду:

а)   Афганистан, Мали жана Нигер 30-апрель, ишемби күнү күн баткандан кийин ай көрүнгөнүн жарыялап, айт күнүн т.а. миладий 2022-жылдын 1-майын, жекшемби күндү хижрий 1443-жылдын 1-шаввалы деп жарыялашты.

б)   Жыйырма бир араб мамлекеттери болсо, ишемби күнү күн баткандан кийин айды көрүү далилденбегенин жарыялап, жекшемби күндү рамазандын акыркы отузунчу күнү, 2022-жылдын 2-майын, дүйшөмбүнү айт күнү деп белгилешти.

в)   Төрт мамлекеттин таквиминде ишемби күнү рамазандын жыйырма сегизинчиси эле. Ушул себептен улам, алар ишемби күнү кечинде айды текшеришпеди. Эртеси жекшемби күнү текшерип, көрө алышпады… Натыйжада, дүйшөмбү күнүн рамазандын акыркы отузунчу күнү, 2022-жылдын, 3-майын, шейшембини айт күнү деп белгилешти. Алар: Индия, Бангладеш, Иран жана Пакистан.

  • Бул жерде айды көрбөгөндөр көргөндөрдү ээрчиши керек эле. Себеби, айды көргөндөр көрбөгөндөр үчүн хужжат болот жана темага астрономиялык эсептөөлөрдү аралаштырбастан, шаръий нусустарда айтылгандай айды көрүү өз тастыгын тапкан болуп эсептелет. Себеби, Расулуллах ﷺдын:

«فَإِنْ غَبِيَ عَلَيْكُمْ فَعُدُّوا ثَلَاثِينَ»

«Эгер, асман булуттуу болсо, ай күндөрүн отуз күн кылгыла», – деген хадиси ачык-айкын. Бул жерде болсо, асман булуттуу болбой, ай көрүнгөнү далилденди. Мындан тышкары, Мали жана Нигер Афганистанга салыштырмалуу батыш тарапта жайгашканын эсепке алсак, ай көрүнгөнү Афганистанда далилденген болсо, Мали менен Негерде да тастыгын табат. Ушуга негизделип биз текшерүүнү Афганистандан баштадык. Ушул мамлекеттерде ай көрүнгөнүнүн жарыясы төмөнкүдөй болду:

а)   Нигер шаввал айынын хилалы ишемби күнү күн баткандан кийин Диффа, Тахва жана Маради райондорунда о.э. Зиндер шаарында өз тастыгын тапканын жарыялады.

б)   Ишемби күнү кечинде Афганистан жогорку соту 2022-жылдын 1-майын, жекшемби күндү мубарек рамазан айтынын биринчи күнү деп жарыялады. Афганистандан келген кабарда айтылгандай, ай көрүнгөн аймактарга «Гур, Газний, Кандагар жана Фарах аймактары кирип, регионалдык комиссиянын курамындагы 27 адамдын туура күбөлүк бергени өз тастыгын тапкан».

в)   Мали мамлекети да ишемби күнү кечинде эки жайда 8 күбө тарабынан шаввал айы көрүлгөнү өз тастыгын тапканын жарыя кылды.

Башкача айтканда, ар кандай жайларда 39 күбө айды көрдү… Биз бул нерсени тастыктоону өзгөчө Афганистандан баштап, катуу аракет кылдык. Анткени, Мали жана Нигер Афганистанга салыштырмалуу батыш тарапта жайгашкан. Ошондуктан, Афганистанда ай көрүнгөнү туура болсо, Мали менен Нигерде да көрүнгөнү туура чыгат… Биз массалык маалымат каражаттары менен да, ал тургай, вилаяттарыбыздагы муътамаддарыбыздан келген кабарлар менен да чектелип калбастан, аларга кошумча, Афганистандагы маалымат бөлүмүбүз менен да байланыштык… О.э. ай көрүнгөнү туурасында жүрөгүбүз тынчтанганга чейин Афганистандагы кээ бир тааныштар менен байланышуу жана маселени текшерүү үчүн Европадагы кээ бир афган боордошторубуз менен да байланыштык жана акыры Мадина убактысы боюнча түнкү саат он экилерде ай көрүнгөнүн жарыяладык.

  • Мусулмандар айды көрүүдө эмнеге ихтилаф кылышат (карама-каршы болушат) деген суроолорго келсек, мунун жообу өтө оңой жана жөнөкөй:

а)   Ихтилафтын биринчи себеби – ачык-айкын көрүнүп турган шаръий өкүмгө амал кылынбай жатканы! Себеби, Расулуллах ﷺ айды көрүүгө амал кылуу зарылдыгын баян кылып, хадистин уландысында «فَإِنْ غَبِيَ عَلَيْكُمْ فَعُدُّوا ثَلَاثِينَ Эгер, аба булуттуу болсо отуз күн кылгыла» деп муну баса белгилеп койгон. Мындан астрономиялык эсептөөнү этибарга албоо керектиги ачык көрүнүп турат. Себеби, нусус бизге булут тосуп калгандыктан ай көрүнбөй калса, ай күндөрүн толук отуз күн кылууну важиб кылган. Ал тургай, булуттун артында ай туруп, астрономиялык эсептөө булуттун артында айдын турганын далилдеп жаткан болсо да, ага амал кылбайбыз. Тескерисинче, Расулуллах ﷺдын төмөндөгү хадисинде айтылгандай, ай күндөрүн толук отуз күн кылабыз. Пайгамбар алайхиссалам мындай деген:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ، وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُبيَ عَلَيْكُمْ فَعُدُّوا ثَلَاثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, (ай күндөрүн) толук отуз күн кылгыла».

«لَا تُقَدِّمُوا الشَّهْرَ حَتَّى تَرَوْا الْهِلَالَ أَوْ تُكْمِلُوا الْعِدَّةَ ثُمَّ صُومُوا حَتَّى تَرَوْا الْهِلَالَ أَوْ تُكْمِلُوا الْعِدَّةَ»

«Айды көрмөйүнчө (29 күн кылып белгилеп) айдан өтүп да кетпегиле же ай күндөрүн толук (30 күн кылып) белгилеп да албагыла. Айды көргөндө гана рамазанды баштагыла. (Көрүнбөй калганда гана), ай күндөрүн толук (30 күн кылып) белгилегиле». (Абу Давуд риваяты).

«إِذَا رَأَيْتُمْ الْهِلَالَ فَصُومُوا وَإِذَا رَأَيْتُمُوهُ فَأَفْطِرُوا فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ فَصُومُوا ثَلَاثِينَ يَوْماً»

«Качан айды көрсөңөр, орозону баштагыла. (Рамазандын аягында да) айды көрсөңөр бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, отуз күн орозо кармагыла». (Имам Муслим риваяты). Бул жөнүндөгү хадистер көп жана алардын баары айды көрүү же ай күндөрүн толук отуз күн кылуу маанилүү экенине далалат кылат. Бул хадистерден ар бир  кишинин айды өзү көрүшү максат кылынбаган, балким, анык жана адилеттүү күбөлүк назарга алынган. Ибн Умар розияллоху анхудан ушул сахих риваят да келген: «Адамдар айды көрүштү, ошондо мен Расулуллах га аны көргөнүмдү кабар бердим. Ошондо Расулуллах орозону баштап, адамдарды да орозону баштоого буюрду». (Абу Давуд риваяты).

б)   Бул ихтилафтардын экинчи себеби – мусулмандардын Халифалык мамлекетинде биригишпегени. Анткени, мусулмандарды бөлүп салбастан, ихтилафтарды алдын ала турган мусулмандардын бир өкүмдары жок. Расулуллах ﷺдын ушул хадиси жөнүндө ой жүгүртсөк, ушул нерсе ачык-айкын болот: Имам Ахмад өзүнүн муснадында риваят кылат: Бизге Хушайм хадис риваят кылат. Ал Абу Бишрден, ал Абу Умайр ибн Анастан риваят кылат. Анас айтат, мага Расулуллах ﷺдын сахабаларынан ансарлар төмөндөгү хадисти риваят кылган: «Асман булуттуу болгондуктан, шаввал айы көрүнбөй калган эле, эрте менен ниет кылып алдык. Ошол күндүн акырында кербен келип, Расулуллах дын алдында «кече айды көрдүк» деп күбөлүк беришти… Ошондо Расулуллах ошол күнү орозону ачышыбызды, эртеси айт кылышыбызды буюрду». (Имам Ахмад муснады).

Ошол заманда айыл жана шаарлардын ортосунда байланыш орнотуу кыйын болгонуна карабастан, Расулуллах Мадина шаарында мусулмандарды ооз ачууга буйрушу менен проблема чечилген. Себеби, чөлдө ай көрүнгөн эле. Ал зат айт намазын эртеси окууга буйруду. Анткени, ошол күнү чөлдөн келген өкүлдөр Мадинага айт намазы убагы аяктаган убакта жетип келишкен. Бул окуя бир өлкөдөн экинчи өлкөгө кабар жетип келиши көп убакытты алган заманда болду. Бирок, кабар өтө-өтө кыска убакытта жетип бара турган бүгүнкү күндөчү?! Эгер, мусулмандардын бир халифасы болгондо, алар Аллахтын ага-ини пенделерине айланышмак. Айрыкча, Ислам мамлекетке, хизбге жана адамга мусулмандарды шаръий жол менен жамдап, бириктире турган бардык иштерди кабыл алууну буйруган. Мусулмандарды бириктире турган шаръий раъйды кабыл алуу Исламда даражасы улуу иш болуп эсептелет.

Жогоруда айтылган эки нерсе т.а. ачык-айкын көрүнүп турган шаръий өкүмгө амал кылуу жана мусулмандардын Халифалык мамлекетинде биригиши ихтилафты алдын алат. Ушул себептен улам, мусулмандар бул эки нерсени ишке ашырууга катуу аракет кылуулары керек. Ошондо – Аллах Өзүнүн мухкам Китебинде түшүргөндөй – адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат абалына кайтышат:

﴿كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ﴾

«(Эй Мухаммад Умматы), адамдар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болдуңар. Анткени, силер маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер. Эгер, ахли китептер да ыйман келтиришкенде, өздөрү үчүн жакшы болоор эле. Алардын момундары да бар жана (бирок) алардын көпчүлүгү фасыктар»                           [3:110]

Сөзүмдүн аягында Аллах Субханахуга дуа кылып сураймын, бардык мусулмандарды туура иштерди кылууга хидаят кылсын, аларды Ислам менен азиз кылып, узак замандан бери жок болуп келе жаткан мамлекетин кайра тикелешине жардам берсин… Анткени, Роббилерине итаат кылууда ихтилафка барышпасын, тескерисинче, Анын ушул аятында айтылгандардан болушсун:

﴿فَانْقَلَبُوا بِنِعْمَةٍ مِنَ اللَّهِ وَفَضْلٍ لَمْ يَمْسَسْهُمْ سُوءٌ وَاتَّبَعُوا رِضْوَانَ اللَّهِ وَاللَّهُ ذُو فَضْلٍ عَظِيمٍ﴾

«Анан ал жүрүштөн бир да жамандык жетпей, Аллахтын ниматы жана жоомарттыгы менен кайтышты. Алар Аллахтын ыраазычылыгын эңсешти. Аллах болсо улук фазилет, жоомарттык ээси»                                                                                                                            [3:174]

Аллах ибадаттарыңарды кабыл алсын, вассаламу алайкум в рохматуллохи ва барокатух.

 

Бурадарыңар Ата ибн Халил Абу Рошта                                                    10-шаввал, 1443-х.

                                                                                                                   10-май, 2022-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here