Садыр Жапаров: Афганистандагы кырдаал Борбор Азия үчүн кооптуу

286
0

Садыр Жапаров: Афганистандагы кырдаал Борбор Азия үчүн кооптуу

Кабар: Садыр Жапаров Афганистандын айрым провинцияларындагы кырдаалды Борбор Азия үчүн кооптуу деп атады. Бул тууралуу ал 16-майда Москвада болуп өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин мааракелик саммитинде сүйлөгөн сөзүндө айтты.

 Садыр Жапаровдун айтымында, “тышкы демөөрчүлөрүнүн Борбордук Азия боюнча кеңири пландары бар эл аралык террористтердин жана экстремисттердин болушуна байланыштуу ЖККУнун түштүк чек арасындагы кырдаал абдан кооптуу бойдон калып жатат”.

О.э. “Коопсуздукка байланышкан коркунучтар жана аскердик-саясий тирешүү ЖККУнун жооптуу зонасынын бардык чек араларына жакындап калганын” баса белгиледи.

 “ЖККУга мүчө мамлекеттердин ички иштерине үчүнчү тараптардын кийлигишүү аракеттери болуп жатат. Ошентип, жылдын башында биз мүчө мамлекеттердин биринде күтүлбөгөн коопсуздук кризисин токтотууга туура келди. Биз ыкчам жана эффективдүү жооп кайтардык”, – деди Садыр Жапаров.

Комментарий: Россия мурдагы советтик республикаларда өз таасирин сактап калуу үчүн түзгөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Россиянын азыркы саясий, экономикалык жана аскерий абалында ишмердүүлүгүн жана бар болуп турушун сактап калышы күмөн жаратууда. 16-майда болуп өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин кезектеги жыйынында союздаштар арасында өз ара ишенбестик жана бири-бирин кыянат кылгандыкта айыптоо абалдары байкалды. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян азери-армян согушу учурунда уюмга мүчө мамлекеттер “Арменияга дос болбогон мамлекеттерге курал-жарак сатканын, натыйжада ал куралдар Арменияга жана армян калкына каршы колдонулганын  айтып” арызданган болсо, Жириновскийден кийин Путиндин “маскарапозуна” жана Кремлдин “тилине” айланган Александр Лукашенко Батыш тарабынан уюмга мүчө мамлекеттердин бирине (Россияга) каршы экономикалык санкциялар киргизилип жаткан бир учурда, кээ бир уюмга мүчө мамлекеттерди анын учактарын өз аймагына киргизбей койгондукта айыптады. Экөө тең ал мамлекеттин ачык айтпаганы менен, алардын бул билдирүүлөрү жабык эшиктер артында өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда келишпестик пайда болгонуна ишара кылат.

 Путин үчүн Россиянын азыркы абалында союздаштарын сактап калуу жана алардын сабын мүмкүн болушунча кеңейтүү өтө маанилүү. Ошол себептен да азыркыга чейин символикалык уюм катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештиги уюмуна (КМШ) ЖККУда байкоочулук макамын берүүнү сунуштады.

“Биз ШКУ жана КМШ боюнча өнөктөштөрүбүз менен кызматташтыкты күчөтүшүбүз керек. Орду келгенде айта кетүүчү нерсе, менимче, КМШга ЖККУда байкоочулук макамын берүү орундуу жана туура иш болот. Муну талкуулашыбыз керек”, – деди Путин мааркелик саммит учурунда. Белгилүү болгондой, ЖККУга болгону Армения, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан гана мүчө. Ал эми КМШга болсо Россия, Азербайжан, Армения, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мүчө. Путин КМШга байкоочу макамын берүү менен ЖККУга мүчө болбогон мамлекеттерди да өзүнүн аскерий блогу айланасына топтоого аракет кылууда. Бул аркылуу Путин аталган уюмдан да аскерий максаттары жолунда пайдаланууга аракет кылып көрмөкчү болууда.

 Биздин мамлекет башчылар болсо өз бийликтерин сактап калуу үмүтүндө чөгүп бара жаткан кемеге отуруп, Россияга кошомат кылышат. Алар үчүн креслосун сактап калуудагы жана Россиянын өлкөдөгү аскерий аралашуусун камсыздоодогу эң сыналган ыкма – бул “терроризм” жана “экстремизм” “коркунучу”. Алар бул “коркунучтан” өз бийлигине карата ишенбөөчүлүк күчөп, элдин нааразылыгы өсүп бара жатканда пайдаланышат о.э. бул “коркунучту” көбүртүп көрсөтүү аркылуу кожоюндарынан материалдык жана аскерий жардам алууну көздөшөт.  

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here