Аманатты жеткирүү көрүнүшү жана анын шарттары жөнүндө кеңири штрихтер:

424
0

(Өзгөртүү – “Исламий мамлекет” үчүн мукаррар китебинен)

Аманат жана ыйман

Аманатты жеткирүү көрүнүшү жана анын шарттары жөнүндө кеңири штрихтер:

Аллах Таала инсандарды ал үчүн жараткан гояны ишке ашыруу ушундай амалдарды аткарууну талап кылат дейсиң, бул амалдар аалам мыйзамдары боюнча да, нерселердин, коомдордун жана мамилелердин хусусияттары боюнча да о.э. адал жана арамды дайындап берүүчү шаръий өкүмдөр боюнча да мына ушул гояга алып барышы керек. Мына ошону менен ушул жолдун баскычтары амалий жана шаръий болот о.э. ушул гояны ишке ашырууга аракет кылып жаткандар садик, олуттуу болушат, ушул гояны ишке ашырууда өздөрүн мажбурий деп эсептей турган, жоопкерчиликтүү кишилер болушат.

Албетте, гоя – бул Исламдын ижраий, саясий вужудун иш жүзүндө бар кылуу т.а. Ислам мамлекетин тикелөө. Бул ишти өзүнүн себептеринен башка себептер менен же таптакыр бул ишке себепчи болбогон нерселер менен ишке ашырып болбойт. Т.а. Ислам мамлекети эле эмес, балким эч кандай мамлекет курууга алып барбай турган иштер менен алектенип, бул ишти ишке ашырып болбойт. Мисалы, муфаккир же олуттуу аракет кылуучунун зээнинде бул иш мектеп жана медреселерди ачуу, окуу жайларды жана ооруканаларды куруу же байлардан малдарды топтоп, аларды жакырларга таратуу сыяктуу иштерди кылуу менен ишке ашат деген ой таптакыр болбошу керек. Себеби, буга окшогон иштер, мейли жакшы ниетте кылынса да, мейли бул иштер мандуб болгон кайрымдуулук иштеринен болсо да, бирок бул иштер тогуттарды, алардын түзүмдөрүн жоготууга алып барбайт. Мындай иштер исламий же кайры исламий болсун бирер мамлекетти курууга алып барбайт. Бул иштер, эң жакшы абалда, ашып кетсе өзүнөн-өзү токтоп кала турган иштер  болуп эсептелет.  Бул өзүнө чабуул кылган душманга кембагалдардан жардам суроо менен же мечит жана ооруканаларды куруу менен күрөшмөкчү болуп жаткан кишинин мисалына окшойт. Бул – кафирлердин мусулмандардын жандарына, намыстарына жана байлыктарына кылып жаткан чабуулдарын кайрымдуулук коомдору менен кайтармакчы болуп жаткан кишинин абалына окшойт. Бул иш амалий да шаръий да эмес. Мындан тышкары, мындай иш куфр режимдерине, анын мыйзам жана шарттарына моюн сунат жана аларга көз каранды болот.

Албетте, намазды аткаруу менен орозодон кутулбагандай эле, зекет, ажылык жана жихад да бири-биринин ордун баса албайт. Кудум ушундай эле, кайрымдуулук коомдору, каржы жана билим берүү мекемелери Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзүүнү тикелөөдөн куткара албайт, анын ордун баса албайт. Эгер мындай коом жана мекемелер Аллахтын шариятын тикелөөгө жол кылып алынса же ушундай ойго барылса, албетте мында Үммөткө өтө чоң коркунуч бар. Бул Үммөттү залалатка алып барат, мындай иштер Үммөттү уктатып коёт. Мунун артынан табигый түрдө үмүтсүздүк пайда болуп, динди бузуу жүзөгө чыгат. Бул иште дагы бир төмөнкүдөй коркунуч бар, ал аракеттердин сая кетишине, ашыкча кулоого о.э. кафирлердин жана малайларынын Үммөт үстүнөн дагы да жакшыраак мүмкүнчүлүк табышына алып барат.  Мындай каталарга жол берилбестигинин – кыскача – амалий тарыйкаты ушундан турат, Аллах түшүргөн нерседен башкасы менен өкүм кыла тургандардын колунан бийликти тартып алууну максат кылуу керек. Ал үчүн ушул нерсени алдына максат кылып ала турган жамаатты пайда кылуу керек болот. Натыйжада бул жамаат Үммөт арасында ушул хадаф-максатты түшүндүрүүгө, ушул хадафка канааттануу пайда кылууга аракет кылат. Жашоо таризине, турмуштук түзүмүнө, өкүм жана акимдер түзүмүнө тиешелүү болгон пикирлерди өзгөртүүгө аракет кылат. Мына ушул хадаф-максаттын пайдасына жакшы, оң раъй ъамманы пайда кылууга аракет кылат. Натыйжада, учурдагы түзүмдөрдү мыйзам-эрежелери жана өкүмдарлары менен бирге кулатууга Үммөттү даярдайт. Учурдагы режимдерди кулатууга жана аларды түп-тамыры менен өзгөртүүгө, Исламды, Ислам мамлекетин кубаттоого жана аны коргоого Үммөттү даярдайт.

Албетте мунун жолу, тарыйкаты кыялий эмес, амалий болушу важиб болгондой эле, бул тарыйкаттын шаръий болушу да важиб. Себеби, хадаф-максат кандайдыр хукм-башкарууну эмес, Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзүүнү тикелөө. Ошондуктан, шарият өкүмдөрүн тикелөө байрагы алдында шарияттын урматын тебелөө жана Аллахтын буйругуна тескери чыгуу жаиз эмес. Буга окшогон ишти кылуу жалганчылык жана жалаа жабуу болуп болуп эсептелет. Ошондуктан, кызыкчылыктар алмашуусу же аларды сактап калуу, зарылдык, алсыздык же утуштарды сактап калуу шылтоосу менен Ислам өкүмдөрүн өзгөртүү, өкүмдөрдө адаштыруу жана чет элдиктерге малайлык кылуу таптакыр жаиз эмес. Булардын бардыгы шаръан арам. Буларды мусулмандарга кызмат кылуу, Ислам мамлекетин куруу гоясы менен актоо динге жалаа жабуу, Үммөттү алдоо жана ар кандай өлчөөлөрдө кыянат болуп эсептелет. Аллах Таала айтат:

وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ

Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Алладан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт. [11:113]

وَلَا تَقُولُوا لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمُ الْكَذِبَ هَٰذَا حَلَالٌ وَهَٰذَا حَرَامٌ لِّتَفْتَرُوا عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ ۚ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ

“Алла жөнүндө жалган жалаа ойлоп табуу үчүн (атап айтканда Алла буюрбаган өкүмдөрдү Алланыкы деш үчүн) тилиңерге келген жалганды сүйлөп: «Бул адал, бул арам», дей бербегиле. Анткени Алланын абройуна жалган жалаа жапкан адамдар эч нажат таппайт. [16:116]

Чындыгында биз Набий с.а.в.дын тарыйкатынан билгенибиздей, ал зат исламий коом курулушуна, Аллахтын шарияты тикеленишине ыйман келтирген жана ал үчүн аракет кыла турган жамаатты пайда кылып алган. Ал зат куфр акыйдаларын, бузук пикирлерди, эски адаттарды жок кылууга аракет кылды. Хукм-башкарууну колго алуу үчүн кайра-кайра нусрат талап кылды. Аллах Таала ал затты буга Мединада жетиштирди жана алгачкы Ислам мамлекети курулду. Мына ушулардын фонунда Набий с.а.в. жолдору тосулганына, даъват машаккаттарына жана ар түрдүү куугунтук-кыйынчылыктарга дуушар болушуна карабастан, чегинүү, келишүү жана кошоматчылык кылууга таптакыр жакындабады. Мына ушул бардык иштердин фонунда ал зат акыйкатты ачык айтуу менен бекем турду, алдына максат койгон, олуттуу аракет кылган о.э. сабат жана туруктуулук менен турган пайгамбар катары үлгү көрсөттү:

يَا أَيُّهَا النَّاسُ اعْبُدُوا رَبَّكُمُ الَّذِي خَلَقَكُمْ وَالَّذِينَ مِن قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ

Эй, адамдар! Силерди да, силерге чейинкилерди да такыбаа болушуңар үчүн жараткан Роббиңерге ибадат кылгыла! [2:21]

إِنَّ رَبَّكُمُ اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَىٰ عَلَى الْعَرْشِ يُغْشِي اللَّيْلَ النَّهَارَ يَطْلُبُهُ حَثِيثًا وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ وَالنُّجُومَ مُسَخَّرَاتٍ بِأَمْرِهِ ۗ أَلَا لَهُ الْخَلْقُ وَالْأَمْرُ ۗ تَبَارَكَ اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ

“Албетте Роббиңер – Аллах асмандар менен жерди алты күндө жаратып, анан Өз аршында  орношкон Зат. Ал түндү араңгылыкты) күндүзгө оройт (жана түн күндүздү) шашылган абалда кууп жүрөт. Ал күн, ай жана жылдыздарды  өз амирине моюн сундурулган абалда (жараткан). Байкагыла, жаратуу жана буюруу Ага гана таандык. Бардык ааламдардын Роббиси – Аллах улуу. [7:54]

أَفَرَأَيْتُمُ اللَّاتَ وَالْعُزَّىٰ (19) وَمَنَاةَ الثَّالِثَةَ الْأُخْرَىٰ (20) أَلَكُمُ الذَّكَرُ وَلَهُ الْأُنثَىٰ (21) تِلْكَ إِذًا قِسْمَةٌ ضِيزَىٰ (22) إِنْ هِيَ إِلَّا أَسْمَاءٌ سَمَّيْتُمُوهَا أَنتُمْ وَآبَاؤُكُم مَّا أَنزَلَ اللَّهُ بِهَا مِن سُلْطَانٍ

(Эй мушриктер, өзүңөрчө сыйынып жаткан санамдарыңар) -«Лат», «Узза», жана дагы үчунчүсү болгон төмөн «Манат» тууралу эч ойлоп көрдүңөрбү?! (Силер ошол бут-санамдарды жана периштелерди «Алланын кыздары», дейсиңер, демек) эркек (жынысы) силердики болуп, аял (жынысы) Ал Заттыкыбы?! Ал учурда бул адилетсиз бөлүштүрүү го?! Ал (наам)дар бир гана силер өзүңөр жана ата-бабаңар коюп алган наамдар. Алла алар(га сыйынуу) тууралу эч бир далил түшүргөн эмес”. [53:19-23]

مَا تَعْبُدُونَ مِن دُونِهِ إِلَّا أَسْمَاءً سَمَّيْتُمُوهَا أَنتُمْ وَآبَاؤُكُم مَّا أَنزَلَ اللَّهُ بِهَا مِن سُلْطَانٍ ۚ إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ ۚ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ ۚ ذَٰلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

Силер болсо, Ал Заттан башкага, өзүңөр жана ата-бабаңар атап алган наамдар-буттарга гана ибадат кыласыңар. Акыры Алла аларга (ибадат кылуу жөнүндө) бир да далил түшүргөн эмес го?! Өкүм- Өкүмдардык Аллага гана таандык Ал Зат силерди жалаң Өзүнө гана ибадат кылууга буюрган. Эң туура дин мына ушул. Бирок адамдардын көбү муну билишпейт.[12:40]

إِنَّكُمْ وَمَا تَعْبُدُونَ مِن دُونِ اللَّهِ حَصَبُ جَهَنَّمَ أَنتُمْ لَهَا وَارِدُونَ

(Эй мушриктер), силер да, Алланын ордуна сыйынып жаткан буттарыңар да тозоктун отундары. Силер ага (тозокко) түшүүчүсүңөр”. [21:98]

قُلْ يَا أَيُّهَا الْكَافِرُونَ (1) لَا أَعْبُدُ مَا تَعْبُدُونَ (2) وَلَا أَنتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ (3) وَلَا أَنَا عَابِدٌ مَّا عَبَدتُّمْ (4) وَلَا أَنتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ (5) لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ

“(Эй Мухаммад), айткын: «Эй кафирлер! Мен силер ибадат кылып жаткан нерселерге ибадат кылбаймын. Жана силер да мен ибадат кыла турган (Алла)га ибадат кылуучу эмессиңер. Мен силер ибадат кылган нерсеге ибадат кылуучу эмесмин. Жана силер да мен ибадат кыла турган (Алла)га ибадат кылуучу эмессиңер. Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн!» [109:1-6]

Чындыгында Пайгамбарыбыз с.а.в:

يا عم والله لو وضعوا الشمس في يميني، والقمر في يساري، على أن أترك هذا الأمر، ما تركته حتى يظهره الله، أو أهلك دونه.

“Аллахка ант болсун, эй абаке, эгер алар оң ийниме күндү, сол ийниме айды коюп, мына ушул ишиңди ташта десе да, эч качан таштабаймын. Аллах бул ишти үстөм кылат же мен бул жолдо өлүп кетем”, – деген.

Чындыгында Набий с.а.в.дан мурда өткөн пайгамбарлардын абалы да кудум ушундай эле.

أُولَٰئِكَ الَّذِينَ هَدَى اللَّهُ ۖ فَبِهُدَاهُمُ اقْتَدِهْ

“Дал ошолор (жогоруда айтылып өткөн заттар) Аллах хидаят кылган адамдар. Демек, ошолордун жолуна гана ээрчигиле!” [6:90]

قَدْ كَانَتْ لَكُمْ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ فِي إِبْرَاهِيمَ وَالَّذِينَ مَعَهُ إِذْ قَالُوا لِقَوْمِهِمْ إِنَّا بُرَآءُ مِنكُمْ وَمِمَّا تَعْبُدُونَ مِن دُونِ اللَّهِ كَفَرْنَا بِكُمْ وَبَدَا بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمُ الْعَدَاوَةُ وَالْبَغْضَاءُ أَبَدًا حَتَّىٰ تُؤْمِنُوا بِاللَّهِ وَحْدَهُ

Силер үчүн Ибрахим жана аны менен бирге болгон кишилерде (алардын каапырларга кылган мамилелеринде) жакшынакай мисал бар. Эстегин, алар өз коомдоруна: «Чындыгында, биз силерден жана силер Алланы коюп сыйынып жаткан буттарыңардан жийиркенебиз. Биз силерди (ишенип, сыйынып жаткан бут-санамдарды) четке кактык. Тээ силер Жалгыз Аллага ыйман келтирмейинче силер менен биздин ортобузда түбөлүк касташуу жана жек көрүү анык», – дешти. [60:4]

Ооба, албетте өзгөртүүнү жана “Бийлик жалгыз Аллахтыкы” деген фикратты колдонууну көздөгөндөр жакшы билип коюшу керек, албетте бул иш Ислам мамлекетисиз – Халифалык мамлекетисиз эч качан ишке ашпайт. Бул иштин тарыйкаты шаръий, ошол эле учурда амалий болушу зарыл. Бул жөнүндөгү пикирлөө да амалий, шаръий кадамдар менен болот. Мына ошондо тарыйкат чыныгы тарыйкат болот жана мына ошол тарыйкат менен аманат жеткирилет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here