Мубарак Орозо айт куттуктоосу

361
0

Мубарак Орозо айт куттуктоосу

Ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылган заттарды жер жүзүндө халифа кылууну убада кылган Аллахка хамду саналар болсун. “… кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот”  деп башарат кылган Аллахтын Расулуна, ал кишинин үй-бүлөсүнө, асхабдарына жана ал затты жакшылык менен ээрчип, өзүнүн фикратына Ислам акыйдасын негиз кылып алган о.э. шаръий өкүмдөрдү амалдарына өлчөө кылган заттарга салату саламдар болсун, амма баъд:

Быйылкы Орозо айт майрамы Кыргызстан мусулмандары мурункудан да көбүрөөк өз динине талпынып жаткан бир доордо кирип келүүдө. Бул үчүн Аллахка чексиз хамду саналарды айтабыз жана улуу майрамга байланыштуу бүт дүйнөдөгү мусулмандарды, анын ичинде Кыргызстан мусулмандарын чын жүрөктөн кутутктайбыз, Аллахтан Өзү үчүн кылынган бардык ибадаттарды кабыл алышын жалбарып сурайбыз.

Бул мубарак майрамды үй-бүлөбүз менен жакындарыбыз арасында майрамдап жатып, Россия бомбалары астында калып жаткан сириялык боордошторубузду, яхуд вужудунун зулуму астындагы палестиналык боордошторубузду о.э. дүйнөнүн башка жактарында куфр чабуулдарына дуушар болуп жаткан боордошторубузду эч качан унутпайбыз.

Ушул эле учурда, биз бүгүн Россия-Украина согушуна да күбө болуудабыз. Бул нерсе дүйнөгө өкүмдарлык кылып келишкен империалисттик державалардын кайрадан ач көздүк менен дүйнөнү бөлүштүрүүгө киришкенин түшүндүрөт. Биз, мусулмандар о.э. бүткүл үчүнчү дүйнө калктары – биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштарда – бул жеп тойбос колонизаторлордун бутасы болдук жана ошондон бери алардын олжосу болуп келүүдөбүз. Эми алардын колонизаторлук зулумунан кутулуунун кези келди. Империалисттерден болсо, бизди өз Исламыбыз гана, Исламыбызды турмушта колдончу Халифалык мамлекетибиз гана куткарууга кудуреттүү. Лекин Халифалык мамлекети өзүнөн-өзү эле тикеленип калбайт. Аны тикелөө үчүн аракет кылуу фарз. Ошондуктан, мабдаий жамаатка кошулуп аракет кылуу бардык мусулмандар мойнундагы вазыйфа болуп саналат.

Эй мусулман бурадарлар! Качанга чейин натыйжасыз иштерди кылып жүрө бересиңер? Акыры саййидибиз Мухаммад Мустафа соллаллоху алайхи васаллам Ислам турмушта колдонулушу үчүн Аллах көрсөткөн жолдон жүрбөдү беле… Ал үчүн асхабдарынан малдары жана жандарын фидаа кылууну талап кылбады беле… Мына ушундай кылгандан кийин Аллахтын нусраты келген.

Биз Кудуреттүү Аллахтан жакынкы күндөрдө бардык мусулмандарды Өз нусраты менен ырыскыландырышын, бизди Ислам менен, Исламды биз менен азиз кылышын сурап калабыз. Инша Аллах, кийинки айт майрамы куттуктоосун Халифабыздын өзүнөн угууну насип кылышын Улуу Роббибизден жалбарып сурайбыз. Улуу майрамыңыздар дагы бир жолу мубарак болсун.

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

  1. 2022

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here