Дмитрий Козак Кыргызстанга келип кеткени белгилүү болду

113
0

Дмитрий Козак Кыргызстанга келип кеткени белгилүү болду

Россия президентинин администрация башчысынын орунбасары Дмитрий Козак өткөн аптада Кыргызстанга келип кеткен.

Кыргызстан президентинин маалымат кызматы бул маалыматка комментарий берүүдөн баш тартты. Россия президентинин сайтында Дмитрий Козактын сапары жөнүндө маалымат жок.

19-апрелде Temirov LIVE каналы Манас эл аралык аэропортуна Россиянын атайын кызматына таандык болушу мүмкүн деген AN 48 учагы 6-апрелде конуп, 8-апрелге чейин турганы тууралуу маалымат жарыялаган. Анда бул учак Кыргызстанга буга чейин дагы эки жолу келгени белгиленет.

Temirov LIVE каналынын иликтөөсүндө ушул учак Бишкекке 2020-жылдын 12 жана 20-октябрында да, т.а. Садыр Жапаров өкмөт башчынын, кийин президенттин милдетин аткаручу болуп дайындалган убакта да келип кеткени айтылат.

Комментарий: Кыргызстанда бийликке каршы нааразылык акциялары күчөгөн 7-октябр күнү Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин катчысыын орунбасары Өмүрбек Суваналиев Россия Федералдык коопсуздук кеңешинин директору, орус армиясынын генералы Александр Бортников менен телефондо сүйлөшкөн, 13-октябрь күнү Россия президентинин админстрация башчысынын орунбасары Дмитрий Козак Владимир Путиндин тапшырмасы менен Бишкекке келип, Жээнбеков жана Жапаров менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда “жүз берген кырдаалдан тынчтык жолу менен чыгуу маселелери талкууланганы” кабарланган. Россия элчиканасы тараткан билдирүүдө Козактын сапары учурунда Кыргызстандын келечектеги өнүгүшүн камсыздоо жолундагы “мамлекет башчынын маанилүү ролу” баса белгиленген.  Арадан эки күн өтүп т.а. 15-октябрда Cооронбай Жээнбеков отставкага кеткенин жарыялады. Садыр Жапаров премьер-министрдин жана президенттин милдетин аткарууга киришти. Ошол эле күнү Камчыбек Ташиев УКМКын төрагасы болуп дайындалды жана 28-октябрда парламентте ант берди. 29-октябрда болсо расмий сапар менен Москвага барып, Россиянын атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуп келди.

  “Эгемендүүлүктү” дааба кылуучу Кыргызстанда жүз берген жана боло турган окуялардын бардыгы Россиянын каалоосу менен ишке ашары жашыруун сыр эмес. Кыргызстанда Россия саясий жетекчилерден баштап күч түзүмдөрүн да көзөмөлдө кармап турары да белгилүү. Кечээ күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин отставкага кетиши, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жүрөгү ооруп ооруканага түшүп калышы да Козактын сапарына байланыштуу болушу мүмкүн.

Себеби, Украина баткагына батып бара жаткан орус өкмөтү өзүнүн мурунку колониялары мындан кайраттанып өзүнө каршы аракет баштап жиберишинен тынчсызданууда. Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов да АКШга сапарынан кийин: “Өзбекстан Украинанын эгемендүүлүгүн, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн тааныйт. Биз Донецк жана Луганск элдик республикаларын тааныбайбыз” , – деген билдирүүсүнөн кийин кокустан эле “ооруп” калды жана бир айлык “дарылануудан” кийин тышкы иштер министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Владимир Норов тышкы иштер министри болуп дайындалды. Россия Украинада алдан тайып бара жаткан болсо да “арткы фронту” болгон Борбор Азия мамлекеттери Батыш мамлекеттери менен мамилени жакшыртышына жана ушул аркылуу АКШ таасири кирип келишине жөн гана карап тура албайт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here