Аманат жана ыйман

213
0

(Өзгөртүү – “Исламий мамлекет” үчүн мукаррар китебинен)

Аманат жана ыйман

Аманат жана аны жеткирүүнүн важибдиги:

Аллах Субханаху ва Таала инсанды Өзүнө ибадат кылышы үчүн гана жаратты.

وما خلقت الجن و الانس الا ليعبدون

Мен жин жана инсанды жалгыз Өзүмө ибадат кылсын үчүн гана жараттым”. [51:56]

Шореънин (т.а. Аллахтын) инсандарды жаратуудан көздөгөн максаты мына ушул. Ошондуктан, мукаллаф болгон инсандын жашоодогу максаты, гоясы да мына ушундан келип чыгып, ибадат болушу керек. Аллахка ибадат кылуу мукаллафтын ибадаттардагы амалдарына эле чектелбейт. Т.а. ал анын өзү менен Роббиси ортосунда боло турган хос мамиледеги амалдарга гана чектелбейт. Аллахка ибадат кылуу дегени айрым амалдар калып, кээ бир амалдар менен эле чектелип алууну түшүндүрбөйт. Тескеисинче, Аллахка ибадат кылуу дегени – Ал буйруган же кайтарган амалдардын баарында Ага моюн сунуу керектигин түшүндүрөт. Демек, ибадат адамдардын – шахсий же жамаий болсун – бардык амалдарына жана алардын бардык алакаларына тиешелүү болот. Ошондуктан, ар бир акылы толук, балагатка жеткен инсан Аллахтын өкүмүнөн башка өкүмгө ыраазы болбошу керек. Ошондо ал Аллах түшүргөн нерсе менен гана өкүм жүргүзөт. Өзүнүн үстүндө да Аллах түшүргөн нерсе  менен гана өкүм жүргүзүлүшүнө ыраазы болот. Ал Аллах Субханаху түшүргөн нерсеге гана өкүм сурап кайрылат. Инсандын мына ушул ишти ишке ашырууга аракет кылышы важиб болот. Анткени, инсан негизи ушул максатта жаратылган. Инсандын жашоодогу гоясы да мына ушундан турат. Ал кыямат күнүндө да мына ушул нерсе жөнүндө суралат. Бул чоң-кичине, мейли саясат жана хукм-башкаруу маселеси сыяктуу умумий маселе болсун, мейли хусусий жана жузъий маселе болсун, бардык маселелерде ушул мавкифти кармашы керек.  Чындыгында, Аллах Субханаху ва Таала ыйманды мына ушул важибге жана ага ыйман келтирүүгө байланыштуу кылып койду.  Аллах айтат:

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجًا مِّمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

Жок(эй Мухаммад), Роббиңе ант болсун, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүмдар кылышмайынча жана кийин сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт. [4:65]

Аллах Таала Өзү түшүргөндөн башка нерселерге өкүм сурап барууну каалап жаткандардын ыйманын акыйкатка тескери келе турган күмөн, вахм деп эсептеди. Аллах Таала айтат:

أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ آمَنُوا بِمَا أُنزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنزِلَ مِن قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَن يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَن يَكْفُرُوا بِهِ وَيُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَن يُضِلَّهُمْ ضَلَالًا بَعِيدًا

(Эй Мухаммад)өздөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) жана сенден мурунку түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтирген, деп эсептей турган (айрым) адамдардын шайтанга өкүм сурап барууну каалап жаткандарын көрбөдүңбү? Акыйкатта болсо, аларга ага ишенбөө буйрулган. Анткени, шайтан аларды биротоло жолдон азгырууну каалайт. [4:60]

Чындыгында бул таклиф Аллах Субханаху ва Таала инсанга сунуштаган аманат болчу. Инсан өзүнүн алсыздыгын билбеген абалда жалгыз өзү бул аманатты көтөрүүнү, аны жеткирүүнү кабыл алды. Ошол эле учурда башка махлуктар бул аманатты көтөрүүдөн баш тартышкан эле. Аллах Таала айтат:

إِنَّا عَرَضْنَا الْأَمَانَةَ عَلَى السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَالْجِبَالِ فَأَبَيْنَ أَن يَحْمِلْنَهَا وَأَشْفَقْنَ مِنْهَا وَحَمَلَهَا الْإِنسَانُ ۖ إِنَّهُ كَانَ ظَلُومًا جَهُولًا

Албетте Биз бул аманатты асмандарга, жерге жана тоо – таштарга сунган элек, алар аны көтөрүүдөн баш тартышты жана андан коркушту. Инсан болсо аны өз мойнуна алды. Чындыгында, ал (өзүнө) зулумдук кылуучу жана наадан эле”. [33:72]

Ушул алсыздык Аллах Таала жараткан алгачкы инсан – Адам алайхис саламда эле көрүнүп калды. Ошондо Аллах Таала аны менен жубайына бейишти мекен кылып берген эле. Аларга бейиштеги неъматтардан каалаганча жеп-ичүүгө уруксат берди. Болгону, бир гана дарактын мөмөсүн жегенден кайтарды. Бирок, алар шайтандын азгырыгына кирип, андан жеп коюшту. Натыйжада бейиштен куулушту. Инсандын туруктуу хусусияты ушундай… маъсият, залалат, аманатка кайдыгерлик. Болгону, Аллах Таала инсанга тавфик, хидаят бергенде, ага хидаят жана рахмат рисолаттарын жибергенде, инсан мына ушул рисолаттар менен хидаяттанат, иштерин тартипке салат. Натыйжада жалгыз Аллахка ибадат кылат. Аллах Таала инсан үчүн аманатты чындап жеткире турган анбия жана элчилерди жөнөтөт. Ошол анбия жана элчилер маъруфка буюруп, мункарданкайтарышат жана бул жолдо Аллах каалаган азар жана кыйынчылыктарды көтөрүшөт. Инсандарды сиротул мустакимге жетектешет. Аларды тайылуу жана залалаттан жалгыз Аллахка ыйман келтирүү жана Ага итаат кылууну көздөй жетектешет.

Чындыгында бул иш Куръани Карим баян кылган, Адам алайхи салам жерге түшүрүлүшүнөн баштап акыркы пайгамбар Мухаммад саллоллоху алайхи ва саллам  Исламдын түбөлүк, өчпөс рисолаты менен жиберилген убакыт аралыгындагы пайгамбарлар кыссасында даана көрүнүп турат. Анткени, мына ушул убакыт ичиндеги мына ушунча кыссалардан белгилүү болгондой, туруктуу тагдырий маселе болуп келген, Аллах Таала жараткан нерселерин да негизи ошол үчүн жараткан халк-жоктон бар кылуу маселеси لا اله الا الله  “ла илаха илла(А)ллох” деген мутлак акыйкат маселеси болуп эсептелет. Жалгыз Аллахка ибадат кылуу, Андан башка эч кимге ибадат кылбастык маселеси болуп эсептелет.  Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. пайгамбар кылып жиберилгенден кийин, бүгүнкү күндө Лаа илаха иллаллох акыйкатын чындап түшүнүп жетүү үчүн жана ал мухаккак вакиъге айланышы үчүн албетте бул акыйкатты  محمد رسول الله  “Мухаммадун Расулуллах” деген акыйкат менен  аралаштыруу керек болот. Бүгүнкү күндө   محمد رسول الله деген акыйкатты түшүнүп жетүү менен гана   لااله الا الله тын акыйкатын терең түшүнүү мүмкүн болот.

Аллах Таала Адам алайхи салам жана анын жубайы жөнүндө мындай дейт:

قَالَ اهْبِطَا مِنْهَا جَمِيعًا ۖ بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّ ۖ فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُم مِّنِّي هُدًى فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَىٰ (123)

وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَىٰ (124)

قَالَ رَبِّ لِمَ حَشَرْتَنِي أَعْمَىٰ وَقَدْ كُنتُ بَصِيرًا (125)

قَالَ كَذَٰلِكَ أَتَتْكَ آيَاتُنَا فَنَسِيتَهَا ۖ وَكَذَٰلِكَ الْيَوْمَ تُنسَىٰ

   “(Алла) айтты: «Андан (бейиштен) экөөңөр тең түшкүлө. Айрым (урпактарыңар) айрымдарына душман. Анан, силерге Мен тараптан хидаят келгенде, ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз». Ал: «Раббим, неге мени көр кылып тирилттиң, мурда мен көрчү элем го», деген эле; (Алла) айтты: «Ошондой, Сага Биздин аят-кереметтерибиз келгенде аларды унуттуң». Бүгүн сен да ошондой «унутуласың»”.  [20:123-126]

Аллах Таала саййидибиз Нух алайхи салам жөнүндө мындай дейт:

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِ فَقَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُم مِّنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ ۖ أَفَلَا تَتَّقُونَ

(Ант болсун), Биз Нухту өз коомуна пайгамбар кылдык. Анан ал: «Эй коомум, Аллага ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан өзгө кудай жок. Акыры, коркпойсуңарбы?» деди ”. [23:23]

Аллах айтат:

وَإِلَىٰ عَادٍ أَخَاهُمْ هُودًا ۗ قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُم مِّنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ ۚ أَفَلَا تَتَّقُونَ

Ад коомуна өздөрүнүн жолдошу Худду (пайгамбар кылдык). Ал айтты: “Эй коомум, Аллахка ибадат кылгыла! Силер учун Андан өзгө илах-кудай жок. Анын азабынан коркпойсуңарбы?!”. [7:65]

وَإِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمْ صَالِحًا ۗ قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُم مِّنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ ۖ قَدْ جَاءَتْكُم بَيِّنَةٌ مِّن رَّبِّكُمْ

“Самуд коомуна өздөрүнүн бурадары Саалихти (пайгамбар кылдык). Ал айтты: “Эй коомум, Аллахка ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан өзгө бир да илах-кудай жок. Силерге Роббиңер тарабынан хужжат – мына бул Аллах (жиберген) төө силер үчүн аят-муъжиза болуп келди”. [7:73]

وَإِبْرَاهِيمَ إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَاتَّقُوهُ ۖ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَّكُمْ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ

Ибрахимди (эстегин) – ал өз коомуна (мындай) деген эле: «Аллага сыйынгыла жана Андан корккула! Эгер билсеңер мына ушул силер үчүн жакшыраак. [29:16]

وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِ إِنَّنِي بَرَاءٌ مِّمَّا تَعْبُدُونَ (26) إِلَّا الَّذِي فَطَرَنِي فَإِنَّهُ سَيَهْدِينِ (27) وَجَعَلَهَا كَلِمَةً بَاقِيَةً فِي عَقِبِهِ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ

Эстегин, Ибрахим атасына жана коомуна айткан эле: «Албетте мен силер сыйынып жаткан буттардан тазамын. Бирок мени жараткан Затка гана (сыйынамын). Анткени, албетте Ал мени (Туура динге) хидаят кылат». Ал (Ибрахим) ошону (тактап айтканда, өзүнүн Жалгыз Аллага сыйынуусу тууралуу сөздү өзүнөн кийин келе турган урук- тукумдары да, ага) кайтуулары үчүн өз артында калуучу сөз кылды”. [43:26-28]

أَمْ كُنتُمْ شُهَدَاءَ إِذْ حَضَرَ يَعْقُوبَ الْمَوْتُ إِذْ قَالَ لِبَنِيهِ مَا تَعْبُدُونَ مِن بَعْدِي قَالُوا نَعْبُدُ إِلَٰهَكَ وَإِلَٰهَ آبَائِكَ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ إِلَٰهًا وَاحِدًا وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ

(Эй жөөттөр) же Якубга өлүм келген кезде, Ал өзүнүн балдарына: “Мен өлгөндөн соң силер эмнеге ибадат кыласыңар?” деди. Алар айтышты: “Биз сенин Эгеңе жана сенин аталарың Ибрахим, Исмаил жана Исхактын Эгеси болгон жалгыз Кудайга гана сыйынабыз. Биз Анын өзүнө гана баш ийүүчүлөрдөнбүз” деп жооп беришкенине күбө болдуңар беле?” [2:133]

إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ ۚ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ ۚ ذَٰلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

Өкүм- Өкүмдардык Аллага гана таандык Ал Зат силерди жалаң Өзүнө гана ибадат кылууга буюрган. Эң туура дин мына ушул. Бирок адамдардын көбү муну билишпейт. [12:40]

وَإِلَىٰ مَدْيَنَ أَخَاهُمْ شُعَيْبًا ۗ قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ

Мадиян коомуна өдөрүнүн бурадары Шуайбды (пайгамбар кылдык). Ал айтты: “Эй коомум, Аллахка ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан өзгө бир да илах жок”. [7:85]

Мына ошентип анбия жана элчилер инсандарды хидаятка чакырууда жана аларды жалгыз Аллахка гана ибадат кылууга кайтарууда тынымсыз аракет кылышты. Аллах айтат:

وَإِن مِّنۡ أُمَّةٍ إِلَّا خَلَا فِيهَا نَذِيرٞ

“(Сенин үммөтүңдөн мурдагы) ар бир үммөт ичинде да албетте бир эскертүүчү – пайгамбар өткөн. [35:24]

Алардын бардыгынын даъваты: “Эй коомум, Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка илах жок”, – деген сөз болчу. Аллах айтат:

وَمَا أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ مِن رَّسُولٍ إِلَّا نُوحِي إِلَيْهِ أَنَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا أَنَا فَاعْبُدُونِ

(Эй Мухаммад), Биз сенден мурда жиберген ар бир пайгамбарга да: «Эч кандай кудай жок, бирок Мен гана бармын, демек Мага гана ибадат кылгыла», деп вахий жибергенбиз [21:25]

Ар бир пайгамбар өз коомуна хос болуп келет эле жана:

إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ (143) فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ (144) وَمَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ الْعَالَمِينَ

Албетте, мен силер үчүн ишеничтүү пайгамбармын. Демек, Алладан корккула жана мага моюн сунгула! Мен бул (даават) үчүн силерден ажр – сыйлык сурабаймын. Менин ажр – сыйлыгым жалаң бардык ааламдардын Раббисинин мойнунда. [26:143-145]

Андан соң алардын ар бири Аллах Таала хотамун набий Мухаммад с.а.в.ды жибергенче: “Демек, Аллахтан корккула жана мага итаат кылгыла”, – деген сөздү  кайра-кайра кайталайт эле. Андан соң пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. бүтүндөй адамзатка жиберилген элчи болду. Аллах айтат:

وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا كَافَّةً لِّلنَّاسِ بَشِيرًا وَنَذِيرًا

(эй Мухаммад), Биз сени шек-күмөнсүз, бардык адамдарга: (момундарга бейиш жөнүндө) кушкабар жеткирүүчү, (каапырларды болсо тозок азабынан) эскертүүчү катары пайгамбар кылып жибердик”. [34:28]

قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنِّي رَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُمْ جَمِيعًا

Айткын (эй Мухаммад): “Эй адамдар, албетте мен силердин баарыңарга жиберилген Аллахтын элчисимин”. [7:158]

وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ

“(Эй Мухаммад), чындыгында Биз сени бардык ааламдарга рахмат (Алланын рахматы-бейишке жетектөөчү) кылып гана жибердик. [21:107]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here