Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты «Халифалык – аялдардын кадыр-баркынын, коопсуздугунун жана шаръий укуктарынын гаранты» деп аталган эл аралык кампания баштоодо

185
0

Басма сөз баянаты

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты «Халифалык – аялдардын кадыр-баркынын, коопсуздугунун жана шаръий укуктарынын гаранты» деп аталган эл аралык кампания баштоодо

Хижрий таквим боюнча 100 жыл мурун Халифалыктын бекер кылынганы ушул ражаб айына туура келет. Ислам менен өкүм жүргүзгөн бул лидер мамлекет исламий жана башка өлкөлөрдө аялдардын кадыр-баркынын, коопсуздугунун жана шаръий укуктарынын коргоочусу болуп келген. Халифалык кулатылгандан кийин демократия жана диктаторлуктан турган адам ойлоп тапкан мыйзам жана түзүмдөр доорунда региондогу аялдар жана бүткүл дүйнөдөгү муслималардын өмүрү зулум, зомбулук, репрессия жана жакырчылык астында калды. Бул мыйзам жана түзүмдөр аялдардын кадыр-баркын тебелеп, физикалык жана финансылык коопсуздугун кепилдей албады, Аллах Таала тарабынан берилген шаръий укуктарынын эч бирин аткарбады. Аллахтын шарияты жана түзүмү кепилдеген коргоо болбогондуктан аялдар үмүтсүздүк, ийгиликсиздик жана түшкүндүккө туш болушту.

Дүйнөдөгү миллиондогон муслима аялдар башынан өткөрүп жаткан мындай бактысыздыктан кутулуунун жалгыз жолу – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө. Расулуллах ﷺ бул Халифалыкты мусулмандардын башкаруучусу жана коргоочу калканы деп караган. Бирок, ошого карабастан, бүгүнкү күндө аял, анын даражасы жана укуктары үчүн Ислам мамлекети кандай мааниге ээ экендиги туурасында көптөгөн коркутуулар, күмөн жана суроолор алга сүрүлдү. Мындай коркутуу жана күмөндөр колонизатор Батыш режимдеринин, жазуучуларынын, массалык маалымат каражаттарынын жана феминисттеринин Ислам өкүмдарлыгы доорунда аялдарга карата мамиле туурасында көптөгөн кылымдардан бери айтып келген жалгандарынын, адаштырууларынын жана чабуулдарынын натыйжасында келип чыккан. Бул жалган-жалааларды улам алмашып жаткан колонизатор жетекчилер жана алардын малайлары Халифалыкты кулатуу, андан соң кайра тикеленишин алдын алуу үчүн атайылап таратышты жана таратышууда. Алар колонизаторлуктун таасирин сактап калуу, исламий өлкөлөрдүн саясатын көзөмөлдө кармап туруу жана байлыктарын талап-тоноо максатын көздөшүүдө.

Ошондуктан, Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты бул ражаб айында Ислам өкүмдарлыгы доорунда аялдарга карата мамиле туурасындагы жалгандарга, адаштырууларга жана чабуулдарга каршы эл аралык кампания баштады. «Халифалык – аялдардын кадыр-баркынын, коопсуздугунун жана шаръий укуктарынын гаранты» деп аталган бул кампаниядан максат – Халифалык мамлекетинде аялдардын жашоосу, укуктары, ролдору жана аларга карата мамиле кандай болору туурасында пикир жана элести пайда кылуу. Бул пикирлер чыгыштаануучулар жана колонизаторлордун адаштырууларына жана кыялдарына эмес, Ислам тексттери далалат кылган жана тарыхтагы исламий башкарууда ырасталган далилдерге негизделет.

Эң маанилүүсү, биз, Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жаатынын мүчөлөрү, саясий, экономикалык, адилет, таалим, саламаттыкты сактоо жана социалдык сыяктуу бардык тармактагы проблемаларды эртеңки Халифалык түзүмү өзүнүн принциптери, мыйзамдары, мекеме жана структуралары аркылуу иш жүзүндө кантип чечерин баяндоого аракет кылабыз. Негизи, бүгүнкү күндөгү аялдар туш болуп жаткан бардык тармактагы проблемаларды батыш-чыгыштагы адам ойлоп тапкан мыйзамдар жана демократиялык түзүмдөр таптакыр чече албады.

Бул маанилүү кампанияны күзөтөсүңөр жана колдоп-кубаттайсыңар деген үмүттөбүз. Бул кампаниядан коркутуу жана күмөндөрдү жоюу, аялдардын Халифалыктагы деңгээлин туура, ачык-айкын ачыктоо максат кылынган. Бул кампания жардамында үмүтсүздүктү үмүткө айлантып, миллиондогон аялдар башынан өткөрүп жаткан бул бактысыздыкка чекит коюучу мамлекетибизди тикелейли жана Ислам Умматынын аялдары үчүн өтө жаркыраган, адилеттүү, коопсуз жана даңктуу келечекти куруп берели.

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылгандарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар»                                                                            [24:55]

 

Д. Насрин Наваз

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жаатынын мүдүрү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here