Жапаров: Акча Казакстан жана Россия үчүн гана жумшалууда

191
0

Жапаров: Акча Казакстан жана Россия үчүн гана жумшалууда

 Кабар: Премьер-министр Акылбек Жапаровдун айтымында, Евразия өнүктүрүү банкынын бардык каражаттары Казакстан жана Россиядагы инвестициялык долбоорлорду каржылоого кетип жатат.

Ошол себептен Кыргызстан ЕАЭБ мамлекет башчыларынын май айында өтүүчү жыйынында ушул маселени көтөрүүнү пландаштырууда.

 “Жогорудагы кризиске каршы институт Россия жана Казакстан экономикасын колдоо үчүн эмес, Армения, Кыргызстан жана Беларус сыяктуу мамлекеттердин экономикасын теңдөө үчүн иштеши керек жана муну Россия президенти Владимир Путин да бир нече жолу баса белгилеген. Биз бул маселени күн тартибине алып чыгабыз. Кесиптештерим мени колдойт деген үмүтүм бар. Азыр болсо 99 пайыз акча Казакстан жана Россияны колдоого кетип жатат”, – деди Жапаров.

О.э. 24-февраль күнү болуп өтүүчү өкмөт башчылардын жыйынында ЕАЭБ ичиндеги тоскоолдуктарды жоюу маселесин көтөрүү пландаштырылганын айтты.

Евразия өнүктүрүү банкы Евразия аймагында инвестициялык ишмердүүлүктү ишке ашыруучу эл аралык каржылык уюм болуп эсептелет. Ага Армения, Беларус, Россия, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстан мүчө. Евразия өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 7 млрд долларды түзөт.

Евразия өнүктүрүү банкы негизинен транспорттук инфраструктура, санариптик түзүлүштөр, жашыл энергетика, өнөржай жана машина куруу тармактарындагы долбоорлор менен алектенет.

 Комментарий: Кыргызстан өкмөтү Россиянын басымы алдында мамлекетти Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) алып киргенге чейин карапайым калктын коюнун куру жаңгакка толтуруп, биримдикке мүчө болуу менен Кыргызстанга 170 миллиондук базар ачылышын, биримдик аймагында товарлар, кызматтар жана жумушчу күчүнүн эркин аракети камсыздалышын о.э. экономика тармагында бирдиктүү саясат жүргүзүлүшүн убада кылган эле.

Россиянын ЕАЭБди түзүүдөн көздөгөн максаты, биринчиден өзүндө өндүрүлгөн жана дүйнөлүк базарга өтпөй калган товарларына базар ачуу болсо, экинчиден уюмга мүчө мамлекеттердин көзкарандылыгын күчөтүү болгон. Россия дагы башка колонизатор мамлекеттер сыяктуу эле, Кыргызстандын же башка колонияларынын өнүгүп кетишин каалабайт. Биримдикке мүчө болгондон бери Кыргызстандын экономикасы артка кетсе кетти, бирок алдыга жылбады. Кыргызстан экономикасынын негизи болгон реэкспорт (Кытайдан товар алып башка мамлекеттерге сатуу) дээрлик токтоп калды, Дордой жана Кара-Суу базарларынын иши дээрлик токтоп калды. Мамлекет ишенген негизги тармак – тигүүчүлүк тармагы да товарларын жалпы базарга алып чыгууда проблемаларга дуушар болду. Казакстан жана Россия фитосанитария талаптарына жооп бербейт деген шылтоо менен Кыргызстандын айыл-чарба жана эт азыктарына алып чектөөлөрдү киргизди. Кыргыз-казак чек арасында жүк машиналарынын Казакстанга кире албай чек арада турушу адаттагы көрүнүшкө айланды. Машина куруу тармагында да артка кетүү болду. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийин чет өлкөдөн алынып келинген унааларга бажы төлөмү он эсеге көтөрүлдү. Өкмөт Россиянын талабы менен оң рулдуу машиналарды алып келүүгө тыюу салды. Натыйжада өлкөдө машинанын баасы көтөрүлүп, көптөгөн адамдар маишна сатып ала албай калышты.

 Ал эми ЕАЭБдеги Россиянын жеке өкүмдарлыгы жана өзүнүн гана кызыкчылыктарын алдыга коюшу күн өткөн сайын көбүрөөк нааразылыктарды пайда кылууда. Бир кезде Лукашенко да “мындай биримдиктин бизге эмне кереги бар” деп чыккан болсо, биздин айрым расмийлер да биримдиктеги адилетсиздикке нааразылык билдире башташкан. А бирок, азырынча Россия аскерий кубатына таянып, ар түрдүү коркунучтарды көбүртүп көрсөтүү аркылуу биримдикти сактап турат. Эгер Россия дагы бир аз кубатынан тая турган болсо бул биримдиктин да келечеги күмөндүү болуп калат.

 Абдурахман Адилов

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here