Оң рулдуу унаалар оюну

199
0

Оң рулдуу унаалар оюну

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Муну менен 2015-жылы аталган машиналарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салган норманы жокко чыгаруу сунушталууда. Мыйзамдын долбоору ЖКнын сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылды.

“Оң рулдуу автоунаалар жүргөн кээ бир мамлекеттерде озуп өтүү үчүн колдонулган монитору бар камераларды пайдаланып жатышат. Бул адегенде башка унаадан ашып өтүүдө алды жактагы жол бош же бош эместигин көрсөтүп, кырсыктарды алдын алат”, — деди депутат.

Буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов мындай унаалардын айынан жол кырсыктары көбөйүп кеткенине байланыштуу демилгеге каршылыгын айткан. 15-январда өткөн маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы каршы пикирин айтты. Эгер оң рулдууларга уруксат берилсе, Казакстан, Россия, Беларустагы эски унаалардын баары бизге толуп калат имиш.

         Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 1-январынан тарта Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы мамлекеттерден ташып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымы көбөйгөн. Муну менен катар оң рулдуу унааларды каттоого тыюу салынган. Натыйжада, өлкөгө Орусиянын сапатсыз жана эски унаалары топтолууда. А бирок, Орусияга Япониядан унаалар кадимки абалда ташылып жатат. Мындай көрүнүш өлкөнүн Орусияга көз карандылыгын арттырып, салык жана башка пайдалардын ага гана түшүп турушуна алып келди.

Мындан ачык көрүнүп тургандай, Орусия ЕАЭБди түзүү менен өзүнүн өтпөй калган товарларын уюмга мүчө өлкөлөргө сатууну көздөгөн. Муну менен бирге, алардын Орусияга карата экономикалык көз карандылыгын да күчөтүп алууда. Анткени, Орус бийлиги эч качан Кыргызстандын же ЕАЭБдеги башка бир мамлекеттин өнүгүп кетишин каалабайт. Биздин акимдер болсо бул уюмдун эч кандай пайдасы жоктугун билип туруп да, өз бийликтерин сактап калуу үчүн өлкөнү уюмга алып киришти жана калкыбыз анын залалын тартып келүүдө. Учурдагы бийлик да Орусиянын кызыкчылыгы үчүн оң рулдуу унаалар жол кырсыктарды көбөйтүп жатат деген жомокту элге таңуулап жатат. Демек, калк өз акысын бийликтен талап кылуу менен бирге бийликтин калктын кызыкчылыгына каршы иштерди кожоюндарынын ыраазылыгы үчүн кылуусуна жол бербөө керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here