Мусулмандын жашоодогу гоясы:

298
0

(Өзгөртүү

Исламий мамлекет

үчүн мукаррар китебинен)

Акыйда, акыйдадан келип чыгуучу өкүмдөр о.э. акыйда үстүнө курулуучу пикирлер – өзгөртүүнүн негизи

Мусулмандын жашоодогу гоясы:

Ыймандан кийинки орунда туруучу акыйкаттардын эң маанилүүлөрүнүн бири – бул адам өзүнүн жаратылышынан көздөлгөн гояны идирек кылышы. Т.а. адамдын бул дүйнөдө өзү жүзөгө чыгарууга аракет кыла турган гоясы болушу важиб, инсан мына ушул гояны түшүнүп жетиши керек. Аллах Таала айтат:

لِيَعْبُدُونِ إِلَّا وَالْإِنسَ الْجِنَّ خَلَقْتُ وَمَا

Мен жин жана инсанды Өзүмө гана ибадат кылуулары үчүн гана жараттым”. [51:56]

Аллахка ибадат кылуу – бул Ага ыйман келтирүү жана итаат кылуу. Аллахка итаат кылуу – бул Анын бардык өкүмдөрүнө амал кылуу. Аллахтын өкүмдөрү ибадат, ахлак жана мамиле амалдарына эле чектелип калбайт. Балким, алар Аллах Таала буюрган же кайтарган бардык нерселерди камтыйт. Чыныгы маъбуд Аллах Таала экенин, Андан башка эч кимдин амр жана нахиге акысы жок экендигин өз ичине алат. Ахмад жана Термизий Адий ибн Хотамдан риваят кылат, Адий ибн Хотам Расулуллах с.а.в.дын алдына келгенде Расулуллах с.а.в. мына бул аятты кыраат кылып жаткан эле:

(#ÿrä‹sƒªB$# öNèdu‘$t6ômr& öNßguZ»t6÷dâ‘ur $\/$t/ö‘r& `ÏiB Âcrߊ «!$# yx‹Å¡yJø9$#ur šÆö/$# zNtƒötB !$tBur (#ÿrãÏBé& žwÎ) (#ÿr߉ç6÷èu‹Ï9 $Yg»s9Î) #Y‰Ïmºur ( Hw tm»s9Î) žwÎ) uqèd 4 ¼çmoY»ysö7ߙ $£Jtã {šcqà2̍ô±ç„

Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышмандарын, рахибдерин жана Масих ибн Марямды кудайлар деп билишти. Акыйкатта болсо, жалгыз Аллахка гана пенделик кылууга (буюрулушкан) эле. Эч бир илах жок, Анын Өзү гана бар. Ал Зат алардын шериктеринен таза”. [9:31]

Муну уккан Адий: “Алар даанышман жана рохибдерге ибадат кылышпады го”, – деди. Ошондо Расулуллах с.а.в.:

فذلك ،فاتبعوهم الحرام لهم وأحلوا ،الحلال عليهم حرموا إنهم ،بلى إياهم عبادتهم

“Ооба, албетте. Алар (даанышман жана рохибдер) аларга адалды арам жана арамды адал кылып беришти. Натыйжада, алар ошол даанышман жана рохибдерди ээрчишти. Мына ушул алардын даанышман жана рохибдерине ибадат кылгандыгы”, – деди.

Мына ушуга ылайык, адал жана арам кылуу укугун же мыйзам чыгаруу жана итаат кылуу укугун бирер кишиге берүү ошол кишиге ибадат кылуу экендигин түшүндүрөт. Аллах Таала айтат;

إِلَّا الْحُكْمُ إِنِ  ۚسُلْطَانٍ مِن بِهَا اللَّهُ أَنزَلَ مَّا وَآبَاؤُكُم أَنتُمْ سَمَّيْتُمُوهَا أَسْمَاءً إِلَّا دُونِهِ مِن تَعْبُدُونَ مَا يَعْلَمُونَ لَا النَّاسِ أَكْثَرَ وَلَٰكِنَّ الْقَيِّمُ الدِّينُ ذَٰلِكَ  ۚ إِيَّاهُ إِلَّا تَعْبُدُوا أَلَّا أَمَرَ ۚ لِلَّهِ

Силер болсо, Ал заттан башкага, өзүңөр жана ата-бабаңар атап алган наамдар-буттарга ибадат кыласыңар. Акыры Аллах аларга (ибадат кылуу жөнүндө) бир да далил түшүргөн эмес го? Өкүм-өкүмдарлык Аллахка гана таандык. Ал Зат силерди Өзүнө гана сыйынууга буюрган. Эң туура дин мына ушул. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт”. [12:40]

Ал эми, акимге, амирге, ата-энеге же күйөөгө кылына турган итаат маселесине келсек, бул акыны да аларга Аллах Таала берген. Аллахка ибадат кылуу – адамдарды Аллахка ибадат кылдырууда т.а. аларды Аллахтын шариятына моюн сундурууда о.э. бул жерде Аллахтан башкасынын акимияты болушуна, Ислам шариятынан башка акимияттын болушуна каршы күрөшүүдө Ага итаат кылууну да камтыйт. Аллахка ибадат кылуу Аллах Субханаху өкүм кылган нерсеге каршы чыгып жаткандарга каршы күрөшүүдө Ага итаат кылууну өз ичине алат. Маъруфка буюруу жана мункардан кайтаруу, (акыйкаттарды жеткирүү үчүн) талкуулашууга, баян кылып берүүгө, канааттандырууга жана даъват кылууга, зынакорго балак урууга, уурунун колун кесүүгө о.э. жер жүзүндө Аллахтын өкүмүн тикелөө жана Анын калимасын бийик кылуу үчүн жихадга буйруп келген аяттардын насстары мына ушуга далалат кылат.

Ошондуктан, Расулуллах с.а.в. Мединада Ислам мамлекетин тикелеп, анын негиз-аркандарын бекемдеп алгандан кийин падышаларды Исламга даъват кылып, аларга элчилерди жөнөткөндүгүн билебиз. Биз Расулуллах с.а.в. жана ал заттан кийин хулафаи-рошидиндер да адамдарды караңгылыктан нурга чыгаруу үчүн ыйманга даъват кыла турган о.э. өлкөлөрдү жана алардын калкын Ислам салтанатына моюн сундуруу үчүн күрөшө турган даъватчыларды, мужахиддерди жана аскерлерди жөнөткөн. Алардын бул даъваты: “Аллахтан башка маъбуд жок жана акимият бир гана Аллахтыкы”, – деген даъват болчу. Мына ушул даъват, мына ушул гоя – мусулман ал үчүн жашай турган гоя. Ушул гояны улуу сахаба Робий ибн Амир өтө жакшы сүрөттөп берген. Фарс аскерлеринин командачысы Рустам анын даъватына аябай таңданып, андан: “Силерди бул жерге эмне алып келди”, – деп сурайт. Ошондо улуу сахаба: “Аллах Таала бизди пенделерди пенделерге ибадат кылуудан пенделердин Роббисине ибадат кылууга, диндердин зулумунан Исламдын адилеттүүлүгүнө о.э. дүйнөнүн тардыгынан дүйнө жана акырет кеңдигине чыгарышыбыз үчүн жиберди”, – деп жооп берген.

Ушул фикрат Куръан жана Сүннөттө о.э. Набий с.а.в.дын иш-аракетинде даана көрүнүп турат. Ушул фикратты ачыктап берген насстар аябай көп. Биз алардын айрымдарына кыскача токтолуп өтөбүз:

Аллах Таала айтат:

قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنِّي رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيۡكُمۡ جَمِيعًا

Айткын (эй Мухаммад): «Эй адамдар, албетте мен силердин баарыңарга Аллах (жиберген) элчимин”. [7:157]

!$tBur} y7»oYù=y™ö‘r& žwÎ) Zp©ù!$Ÿ2 Ĩ$¨Y=Ïj9 #ZŽÏ±o0 #\ƒÉ‹tRur

(Эй Мухаммад), Биз сени шек-күмөнсүз, бардык адамдарга: (муминдерге бейиш жөнүндө) кушкабар жеткирүүчү, (кафирлерди болсо тозок азабынан) эскертүүчү расул кылып жибердик”. [34:28]

﴿هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ﴾

Ал (Аллах) Өз Расулун хидаят жана хак дин менен – мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген зат”. [9:33]

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ قَاتِلُواْ الَّذِينَ يَلُونَكُم مِّنَ الْكُفَّارِ وَلِيَجِدُواْ فِيكُمْ غِلْظَةً وَاعْلَمُواْ أَنَّ اللّهَ مَعَ الْمُتَّقِينَ﴾

Жаныңардагы кафирлерге каршы согушкула жана алар силердин күч-кубатыңарды көрүшсүн! Билип койгула, албетте Аллах таквадарлар менен бирге”. [9:123]

(#qè=ÏG»s%} šúïÏ%©!$# Ÿw šcqãZÏB÷sム«!$$Î/ Ÿwur ÏQöqu‹ø9$$Î/ ̍ÅzFy$# Ÿwur tbqãBÌhptä† $tB tP§ym ª!$# ¼ã&è!qߙu‘ur Ÿwur šcqãYƒÏ‰tƒ tûïϊ Èd,ysø9$# z`ÏB šúïÏ%©!$# (#qè?ré& |=»tFÅ6ø9$# 4Ó®Lym (#qäÜ÷èムsptƒ÷“Éfø9$# `tã 7‰tƒ öNèdur {šcrãÉó»|¹

Аллахка жана ахирет күнүнө ишенбеген, Аллах жана Анын пайгамбары харам деген нерсени харам деп билбеген, Хак динге иътикад кылбаган ахли китабдардан турган кимселерге каршы тээ алар кордолгон абалдарында өз колдору менен жизя төлөшмөйүнчө согушкула!” [9:29]

Расулуллах с.а.в. айтат:

اللهسبيل في فهو العليا هي اللهكلمة لتكون قاتل من

“Ким Аллахтын калимасы бийик болушу үчүн согушса, анда ал Аллахтын жолунда”. Муттафакун алайх.

О.э. кафирлер Аллахтын: “Динде мажбурлоо жок” (Бакара сүрөсү, 267-аят) деген сөзүнө ылайык, Ислам динине кирүүгө мажбурланышпаса да, алар Ислам салтанатына жана шарият жетекчилигине моюн сунууга мажбурланышат.  Себеби, гоя – Аллах амр кылгандан башка итаат кылына турган мыйзам жана алына турган ташриъ (мыйзамчылык) жок. Аллахтан башка өкүм кылуучу жок. Айрым кафирлер өз ишеним жана ибадаттарына таштап коюлган болсо, албетте бул да Аллахтын амри менен.

Чындыгында, Аллах Таала адамдын жаратылышынан көздөлгөн гояны мына бул сөздөрүндө баяндап берди:

y7Ï9ºx‹x.ur öNä3»oYù=yèy_ Zp¨Bé& $VÜy™ur (#qçRqà6tGÏj9 uä!#y‰pkà­ ’n?tã Ĩ$¨Y9$# tbqä3tƒur ãAqߙ§9$# öNä3ø‹n=tæ #Y‰‹Îgx©

Ушул сыяктуу (хак жолго хидаят кылганыбыз сыяктуу), силерди башка адамдар үстүндө күбө болушуңар жана пайгамбар силердин үстүңөрдө күбө болушу үчүн орто (адилеттүү) бир үммөт кылдык”. [2:143]

Бул Ислам Үммөтүнө каратылган хытаб жана Үммөткө Мухаммад с.а.в. дан кийин рисолатты башка адамдарга жеткириши үчүн кылынган таклиф болуп эсептелет. Чындыгында, Набий с.а.в. рисолатты жеткиргенден кийин, аманатты өтөгөндөн кийин жана Аллах жолунда чыныгы жихад кылгандан кийин ушул рисолатты жеткирүү таклифин Үммөткө жүктөп кетти. Расулуллах с.а.в. “Хажжатул вадаъ” – коштошуу ажылыгында Үммөткө  карата мындай хытаб кылган;

أَنْتُمْ فَمَا عَنِّي، تُسْأَلُونَ وَأَنْتُمْ اللهِ، كِتَابُ بِهِ، اعْتَصَمْتُمْ إِنِ بَعْدَهُ تَضِلُّوا لَنْ مَا فِيكُمْ تَرَكْتُ وَقَدْ… السَّمَاءِ إِلَى يَرْفَعُهَا السَّبَّابَةِ، بِإِصْبَعِهِ :فَقَالَ وَنَصَحْتَ، وَأَدَّيْتَ بَلَّغْتَ قَدْ أَنَّكَ نَشْهَدُ :قَالُوا ( ؟قَائِلُونَ مَرَّاتٍ ثَلَاثَ (اشْهَدْ اللهُمَّ اشْهَدْ، اللهُمَّ)النَّاسِ إِلَى وَيَنْكُتُهَا

“Расулуллах с.а.в.: Жана албетте мен силерге эгер аны бекем кармасаңар эч качан адашпай турган нерсени – Аллахтын Китебин калтырдым. Силерден мен жөнүндө сураганда эмне деп жооп бересиңер? – деди. Адамдар: Биз күбөлүк беребиз, албетте сиз рисолатты жеткирдиңиз, аманатты өтөдүңүз жана динде калыс болдуңуз, – деп айтышты. Андан соң Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам сөөмөйүн асманга көтөрүп жана аны адамдарга каратып: Эй Аллахым, күбө бол, эй Аллахым, күбө бол, эй Аллахым, күбө бол! – деди”. Абу Давуд риваяты.

Ошентип, Расулуллах с.а.в. биздин үстүбүздө аманатты жеткиргендигине күбө болду жана биздин үстүбүздө Аллахты да күбө кылды. Мына ошондон кийин биз да адамдар үстүнөн кудум сүйүктүү пайгамбарыбыз с.а.в.дын жолунда күбөлүк алышыбыз важиб. Чындыгында, Аллах Таала Адам алайхи саламды жаратышынан мурда көздөгөн гоя мына ушул экендигин төмөнкү аяттарда баян кылды:

﴿وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَائِكَةِ إِنِّي جَاعِلٌ فِي الْأَرْضِ خَلِيفَةً ۖ قَالُوا أَتَجْعَلُ فِيهَا مَن يُفْسِدُ فِيهَا وَيَسْفِكُ الدِّمَاءَ وَنَحْنُ نُسَبِّحُ بِحَمْدِكَ وَنُقَدِّسُ لَكَ قَالَ إِنِّي أَعْلَمُ مَا لَا تَعْلَمُونَ

(Эй Мухаммад), эстегин, Роббиң периштелерге: Мен Жерде (Адамды) халифа кылмакчымын, дегенде алар айтышты: «Ал жерде бузукулук кыла турган, кан төгө турган затты (халифа) кыласыңбы? А биз болсо алкоо-мактоо айтуу менен Сенни уулулугуңа табынабыз жана Сенин атыңды дайым аруу-пакиза тутабыз». (Аллах) айтты: “Мен силер билбеген нерселерди билемин”.  [2:30]

Демек, периштелер Аллахка эч асийлик кылбай турган пенделер.

عَلَيْهَا مَلَائِكَةٌ غِلَاظٌ شِدَادٌ لَا يَعْصُونَ اللَّهَ مَا أَمَرَهُمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ

ал (тозок) үстүндө катуу дил жана катуу кол, Аллах аларга буюрган нерсеге баш итаатсыздык кылбай турган жалаң гана өздөрүнө буюрулган нерсени кыла турган периштелер турат”. [66:6]

Аллах Таала аларга: “Мен Жерде (Адамды) халифа кылмакчымын”, – деген убакта алар Аллах Таала жерде асийлик кыла турган пенделерди жарата тургандыгын түшүнүп жетишти. Бул нерсе “халифа” сөзүнөн белгилүү болду. Себеби, “халифа” сөзү бул жерде Аллах Таала халифа-орунбасар кыла турган киши т.а. Аллах Таала туура жолго салуу, башкаруу иштерин аткарышы үчүн Өзү тараптан өкүл кылынган киши маанисинде.  Эгер бирөө-жарымдын туура жолго салуу жана башкаруу кезеги жетип келген болсо, бул ушул туура жолго салуу жана башкарууга муктаж боло турган кишилер да бар экендигин түшүндүрөт.  Бул дегени, Аллахтын амрине каршы чыгуу, бактысыздык, жакырчылык жана кыйынчылыктын себепкери болгон текебердик бардык заманда бар болушун түшүндүрөт. Ошондуктан, периштелер: “Ал жерде бузгунчулук кыла турган, кандарды төгө турган кимсени (халифа) кыласынбы? – дешти. Башкача айтканда, эгер ааламда асийлик кылбай турган зат болбосо, бардык нерсе Аллахтын амри менен жүрөт эле. Аллах Таала туура жолго салуу жана хидаятка баштоо иштерин аткара турган кимселерди жаратууну каалаган экен, демек, бул нерсе дүйнөдө залалатты тандай турган жана Аллах Таалага асийлик кыла турган пенделер да албетте болорун түшүндүрөт.

Ушуга ылайык, жашоо ыйман жана куфр ортосундагы акыйдавий пикирий жана саясий күрөш болуп эсептелет. Аллахтын калимасын бийик кылуу үчүн, диндин бардыгы Аллахтыкы болушу үчүн, өкүм да Аллахтыкы гана болушу үчүн акыйдавий пикирий күрөш болуп эсептелет. Ошондо Аллах Таала үчүн эч кандай шерик болбойт. Андан башка эч кимге сыйынылбайт. Аллахтын шариятына толук моюн сунулат. Мына ушул мааниден алганда жашоо саясий күрөштөн турат. Анткени, бул күрөш адамдардын иштерин Ислам шариятынан башка эч кандай мыйзамдар менен башкаруу мүмкүн эместигин баса белгилейт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here