Түркмөнстанда диндарлар суракка чакырылууда

181
0

Түркмөнстанда диндарлар суракка чакырылууда

 Кабар: Түркмөнстандын Мары облусунда Улуттук коопсуздук министрлиги диндарлар үстүнөн көзөмөлдү күчөттү.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарына таянсак, атайын кызмат үйүндө диний адабият сактагандыкта шектелген адамдарды суракка чакырган.

Кабарда келишинче, суракта: Ким динге үгүттөп жатат? Кимден сабак алып жатасын? Ким өкмөткө каршы сүйлөп жатат?” – деген суроолор берилген. Андан соң аларга “Вахабист эместигиңди далилдөө үчүн арак ичесин” дешкен. Күбөлөр арак ичпеген адамдар кара тизмеге киргизилгенин айтышууда.

Былтыр июль айында да Мары жана Лебап облустарында Улуттук коопсуздук министрлигинин жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери диний адамдарды суракка чакырып, алардан үйлөрүндө Куръандан башка диний китептерди сактабоону талап кылганы кабарланган.

 Комментарий: Кудайсыз коммунисттердин тарбиясын алган Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухаммедов да көптөгөн жылдардан бери Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүп келет.

2015-2016-жылдары да өкмөттүн буйругу менен Дашогуз облусунда күч түзүмдөрү сакал койгон мусулмандарга каршы “аңчылык” кылышкан. Улуттук коопсуздук башкармалыгынын жана жол полициясынын кызматкерлери сакал койгон 50 жашка чейинки мусулман эркектерди кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң, алардын сакалдарын мажбурлап алдырышкан, ал тургай арак ичип, чочконун этин жегенге мажбурлашкан. Күч түзүмдөрүнүн талабын аткарбаган ыймандуу мусулмандар болсо эч кандай сот жана тергөөсүз 7-8 жылга эркинен ажыратылган.

2017-жылы расмий өкмөт мусулмандарга каршы күрөшүн ого бетер күчөттү. Өкмөт намаз окуган мусулмандарга каршы күрөштүн алкагында намаз окуган аскер кызматкерлери жана намаз окууну таштоодон баш тарткан мамлекеттик кызматкерлер иштен алынды. Аларга каршы  ар түрдүү кысымдар болду. Аскерлер намаз окуудан баш тартпаганы себептүү куралдуу күчтөрдүн катарынан четтетилип, алардын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, Куръан жана башка исламий китептер конфискацияланды.

 2021-жылы Фарап жана Чаржоу райондорунда 20 чакты мусулман камакка алынды. Алардын сакалын мажбурлап алышып, спирттик ичимдиктерди ичүүгө мажбурлашты о.э. аларга карата күч колдонулду. Ошол эле жылы 9-мартта өкмөт өкүлдөрү Мерв шаарындагы башкы мечитке келишип, ал жерде Меърож түнүнүн урматына намаз окуу үчүн чогулган мусулмандарды таратып жиберишти. Ошол күнү облустун дээрлик бардык райондорунан келген тургундар мечитке чогулуп намаз окуп жатышкан эле.

Түркмөнстан өкмөтү мамлекеттеги диндар адамдарды көзөмөл астында кармоого аракет кылышууда. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдө билим алып жаткан же иштеп жаткан жаш мусулмандар мамлекеттин көзөмөлүнөн тышкарыда динге амал кылып жатканына тынчсызданууда. Күч түзүмдөрү эч жерде иштебеген адамдардан жана жаштардан Түркияда иштеп келгени же иштебегени, ал жакта туугандары иштеп жатабы же жокпу, кандай телефон пайдаланышы, телефонунда диний даъваттар бар же жоктугу жөнүндө сурап жатышат.  Мурда Түркияда иштеп келген жарандар суракка алынып, алардын  айланасындагылар, тааныштары сураштырылып жатат. Сакалы бар жаштар сакалын алууга мажбурланууда…

 Халифалык мамлекети кулатылып, колонизатор кафирлер тарабынан жасалма чек аралар тартылып, майда мамлекетчелерге бөлүнгөндөн бери мусулмандар мына ушундай кор абалга дуушар болушту. Мусулмандар үстүнө колонизаторлор тарабынан аким кылып коюлган президенттер жана ушул режимдерди коргоо үчүн жалданган күз түзүмдөрү мусулмандарга карата оюна келген ишти кылышууда. Алар Ислам динине жана анын баалуулуктарына каршы баруудан кыпындай да уялбай жатышат. Мусулмандар өздөрүн коргоочу калканын – Халифалык мамлекетин тикелемейинче ар кандай паскеч жана төмөн кимселер Ислам жана анын баалуулуктарына о.э. мусулмандарга каршы күрөшүн уланта беришет. Мусулмандар болсо өз динине эркин амал кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышпайт.

 Сахихи Бухарийде Абу Хурайра розияллоху анху риваят кылган хадисте Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам:

“Халифа калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат”, – деген (Имам Муслим риваяты).

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here