Түркия-Грекия чек арасында тоңуп өлгөн качкындардын саны 19га жетти
Грекия чек арасында кийими чечип алынып кубаланган дагы жети качкын каза болду. Муну менен чек арадагы сууктан улам тоңуп өлгөн качкындардын саны 19га жетти. Бул тууралуу Эдирне облустук админстрациясы кабар таркатты.
Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери издөө жана куткаруу иштерин улантууда. Эки күн ичинде тилекке каршы, тоңуп өлгөн качкындардын 19 денеси табылган.
Буга чейин, Идлибде жааган кардан улам качкындар лагеринде эки бөбөк көз жумган. Алардын бири болгону жети күн жашаса, экинчиси эки ай гана өмүр сүргөн.
Сирияда он жылдан бери уланып жаткан согуштун артынан 2,8 миллион киши качкынга айланган. Алардын көпчүлүгү кышкы кийимсиз чатырларда жашашууда. БУУнун маалымдашынча, Идлиб жана Алепподо качкындар үчүн курулган 287 лагер кар астында калып, шамал жана сел кырсыгына дуушар болду.
Үммөттүн Сириядагы козголоңун муунтуу үчүн чоң-кичине бүткүл дүйнө мамлекеттери биригишти. Бул кылмышкерлер дүйнөсү 11 жыл аралыгында Сириядагы мусулмандарды бомбалап, ал жердеги касапчы Башардын аскерлерлерин каржылык, техникалык жактан колдоп-кубатташууда. Аргасыз качкынга айланган калктарды деңиздерде чөктүрүп, чек арага жеткендерин кыштын суугунда ач-жылаңач тоңдурушууда. Европанын либерал маданияты ондогон жылдардан бери гуманизм жана адам укуктары деген нерсени маска кылып келген. Бирок, учурда ал жарылып-бөлүнүп, анын ахлаксыздыгы жана текчилдиги баарына ачыкталып калды. Албетте, каапырлар мунун баарын кылууга үммөттүн калканы болгон Халифалык мамлекетинин жоктугунан улам батынууда.
Мумтаз Маверанахрий