بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
«Улуттук саламаттыкты сактоо камсыздандыруу картасы» – Пакистан саламаттыкты сактоо тармагын менчиктештирүүгө карай ташталып жаткан кезектеги кадам
Пакистан премьер-министри Имран Хан мамлекеттик жана менчик ооруканаларда «Улуттук саламаттыкты сактоо картасын» ачты. Бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаяты билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Саламаттыкты сактоо камсыздандыруу картасы – Пакистан саламаттыкты сактоо тармагын менчиктештирүүгө карай ташталып жаткан кезектеги кадам. Максат – менчик ооруканалар жана камсыздандыруу компаниялары үчүн ири кирешелерди алып келүү. Акыйкатта болсо, булардын оор жүгү – Батыштагы капиталисттик мамлекеттерде кеңири жайылып жаткандай – салык төлөөчү адамдардын мойнуна түшөт.
Капитализм саламаттыкты сактоо секторун «мүлк эркиндиги» аталышында менчик сектордун колуна тапшырган. Арийне, ооруканаларды жана башка саламаттыкты сактоо мекемелерин дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо бизнеске айланды. Т.а. негизги максат саламаттыкты сактоону жакшыртуу эмес, киреше алуу болуп калды.
Ислам саламаттыкты сактоо кызматын коомдун негизги социалдык муктаждыгы деп белгилөөнү жана анын жоопкерчилиги менчик сектор эмес, мамлекеттин мойнунда болушун буюрду. Бийлик каражатты камсыздандыруу компанияларына жана менчик ооруканаларга сарптагандын ордуна ооруканаларды көбөйтүүгө жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө сарпташы жана мамлекеттин жарандарын акысыз дарылашы зарыл».
Билдирүүнүн соңунда мындай делет: «Исламдагы экономика Аллах Субханаху ва Таала тарабынан түшүрүлгөн түзүм болуп, мамлекет бул түзүмдү колдонуу менен адамдарды акысыз дарылоо саясатын аткарууга жетишет. Расулуллах ﷺ имам-халифа камкор болуштугу керектигин жана өз жаранына жооптуу экенин баса белгилеген. Жакында Аллахтын уруксаты менен тикелене турган жана Куръан-сүннөт негизинде өкүм жүргүзө турган Халифалык мамлекети да шексиз бардык жарандарды акысыз медицина менен камсыздайт».
Роя гезити, №374, 2022-жыл, 19-январь.