بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Шармуш Шайхта Аббас жана Сисий жолугушуп Уммат жаштарын текке кетирүү жана Умматтын маселелерин душманга сатууга урунушууда
Фалестин администрациясынын жетекчиси Махмуд Аббас менен Иордания канзадасы Амир Хусайн Мисир башчысы Абдулфаттах Сисийдин сунушу менен «Дүйнө жаштарынын форумунун» төртүнчү сессиясына катышуу үчүн Шармуш Шайхка келишти.
Бул маселе боюнча Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү мындай билдирүү берди: «Аббас менен Сисий Шармуш Шайхта жолугушуп жатканда, тиякта Фалестин жана Мисир жаштары жумушсуздук, жакырчылык жана жаман башкаруудан азап тартышууда, өлүм кайыктарында набыт болушууда. Бул кайыктар кээде күчкө толгон жаштарды Европага ийгиликтүү жеткирип барса, кээде аларды деңизге чөктүрүүдө! Биякта болсо баскынчы яхудийлер Фалестин калкына зулум кылууда, алар өзүлөрү үчүн үйлөрдү куруп, муну менен фалестиндиктерге мамлекет курушуна бир сөөм жерди да калтырбоого ачык аракет кылышууда…».
Билдирүүдө дагы мындай делет: «Жаштар баа жеткис байлык. Жаштарды текке кетирген, жакырга айланткан жана деңизге чөктүргөн Мисир фиръавндары бул нерсени кайдан түшүнүшсүн. Туризмден башка нерсе кызыктырбан Фалестин далдалчысы бул нерсени кайдан түшүнсүн. Ал тургай, ушул форум да түрдүү аталыштар астында мусулман жаштарга сокку берүүгө багытталган эл аралык программанын бир бөлүгү. Түпкүлүгүндө, бул аталыштар Батыш жана анын эл аралык мекемелери тарабынан багытталган идеологиялык күрөштү о.э. Ислам түшүнүктөрүн өчүрүп, Уммат маселелерин кыянаттык менен пайдаланууну түшүндүрөт.
Эгер, бул жаштардын камкор мамлекети болгондо, бул мамлекет алардын колунан жетелеп, аларды колдоп-кубаттаган жана энергиясынан акылмандык менен пайдаланган болот эле. Шек-күмөнсүз, кудуреттүү Ислам мамлекети жетектеген дүйнөнүн саясий картасы өзгөрмөк жана бүткүл дүйнөгө Ислам рисалаты жайылмак. Өнөр жайы өнүккөн жана күчтүү куралданган бул Халифалык мамлекети капитализмди алдан тайдырууда, анын таасирин сындырып, жетекчилеринин арзуусун жокко чыгарууда ушул жаштардын күчүнө таянмак о.э. бардык тармакта дүйнөнүн жаркыраган үлгүсүнө айланмак».
Роя гезити, №374, 2022-жыл, 19-январь.