БУУ кембагалдарды “төө үстүнөн ит кабышын” эскертти
Кабар: 2022-жылдын алгачкы айында дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк продукцияларынын баасы рекорддук деңгээлде кымбаттады.
Январь айында өсүмдүк майы, эт, дан жана сүт азыктарынын баасы кескин көтөрүлгөн. БУУ баалар ушундай көрүнүштө улана берсе, 2011-жылдагы антирекорд кайталанышынан тынчсызданууда.
БУУнун азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча жооптуусу Йозеф Шмидхубер баалар кымбатташынан алгач жакыр катмар зыян тартышын, жашоо оорлошуп, кыйынчылык болорун эскерткен.
Айтылышынча, Түркиядан Парагвайга чейин дүйнө бойлоп күзөтүлүп жаткан инфляция абалды ого бетер татаалдаштырууда. Украина, Тайван, Иран сыяктуу мамлекеттер согуш коркунучу алдында тургандыгы товарлар жана кызматтардын эркин аракетине тоскоол болууда. Анын үстүнө, былтыр жаан-чачын аз жаап, көптөгөн аймактарда кургакчылык болду. Бул болсо быйыл түшүмдүүлүк көрсөткүчү төмөн болушун билдирет.
Экономисттер коронавирус пандемиясынан кийин эми гана бутка турууга аракет кылып жаткан үчүнчү дүйнө мамлекеттери баалардын көтөрүлүшү себептүү жаңы сыноого дуушар болот деп тынчсызданышууда.
Буга чейин БУУнун азык-түлүк мекемеси 2021-жылы азык-түлүк продукцияларынын баасы 28 пайызга өскөнүн билдирип, дүйнө мамлекеттерин бир жакадан баш аракет кылууга үндөгөн эле.
Комментарий: Бүгүнкү күндө дүйнө калкы дуушар болуп жаткан жакырчылык, ачарчылык , кымбатчылык жана согуштар үчүн капиталисттик түзүм жоопкер экендигине шек-күмөн жок. Бардык иштерди материалдык пайда үстүнө курууга негизделген капиталисттик түзүмдө бардык кирешелүү тармактар монополия кылып алынган. Колонизатор мамлекеттер БУУ аркылуу үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин оор өнөржайга ээ болушуна тыюу салып, станок чыгаруу жана машина куруу өнөржайын көзөмөлгө алышты. Натыйжада негизинен айыл чарбасына негизделген мамлекеттер айыл чарбасы үчүн зарыл болгон техникаларды да алардан кымбат баада сатып алууга мажбур болушууда.
Колонизаторлор оор өнөржайларды кол алдына чогултуудан тышкары, айыл чарбасынын негизи болгон үрөнчүлүк тармагын да изден чыгарып жиберишти. Колонизаторлор үчүнчү дүйнө мамлекеттерине гени өзгөртүлгөн уруктарды алгач дээрлик бекерге же арзан баада жеткирип беришти. Үрөнчүлүк изден чыгып, жергиликтүү сорттор жоголуп, аларга көз карандылык күчөгөн соң уруктарды өздөрү белгилеген баада сатуу менен үрөнчүлүк тармагын да көзөмөлгө алышты. Өз кезегинде гени өзгөртүлгөн өсүмдүктөр адамдын ден соолугуна зыян жеткире баштады. Натыйжада үчүнчү дүйнө мамлекеттериндеги калктарда ар түрдүү оорулар күчөп, капиталисттердин дагы бир кирешелүү тармагы т.а. фармацевтика тармагы да өнүгүүдө. Капиталисттер материалдык пайдага ээ болуу максатында ушундай кымбатчылык, экономикалык кризис жана ачарчылыктарды жасалма түрдө пайда кылышат. Бул иштердин башында турган БУУ болсо дүйнө калкын жакырчылык, кымбатчылык жана ачарчылык күтүп турганын эскертип, аларды бул балээден “куткармакчы” болууда.
Дүйнөнү капиталисттер зулумунан куткаруунун жападан-жалгыз жолу дүйнө жүзүндө адилеттүүлүк менен өкүм жүргүзүүчү пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө. Себеби, Ислам ар бир адамдын негизги муктаждыктарын кандырууга кепил. Исламда бүгүнкү кымбатчылыктардын негизги себепкери болгон монополия арам кылынган жана мамлекет бирер адамдын монополия кылышына жол бербейт. Ислам адамды мээнет кылууга, ырыскы табууга жана ага аракет кылууга үндөдү, туугандарына тиешелүү нафаканы фарз кылды. Жакырларга зекет жана садакалардан о.э. жалпы элдик жана мамлекеттик мүлктөн нафака белгиледи.
Абдурахман Адилов
buy lasuna pill – himcolin over the counter himcolin where to buy
neurontin 100mg for sale – motrin 600mg drug sulfasalazine where to buy
order flagyl for sale – order flagyl 400mg online buy metronidazole 400mg online cheap
buy generic betnovate 20gm – order monobenzone generic monobenzone generic
buy norethindrone cheap – yasmin price yasmin cost
eriacta exchange – zenegra pills touch forzest interview
prednisone 40mg pill – deltasone 10mg ca captopril online buy
accutane usa – isotretinoin ca zyvox 600mg price