Батыш хазаратынын кулашы

201
0

Батыш хазаратынын кулашы

Францияда чыгуучу “Телерама” журналынын редактору Оливер Паскал-Моусселлард демократия Францияда оор дартка чалдыкканын билдирди. Макаласында демократия “кыйынчылык менен дем алып жатканына” көңүлдү бурган Паскал-Моусселларддын айтымында, Франция калкы саясий түшкүндүктө калган. Ар бир төртүнчү француз мамлекеттеги демократия калкты канаттандыруу үчүн жетиштүү эмес деп билет. Анын билдиришинче, Франция өз демократиясына каршы согуш ачкан жана учурда үмүт кылынган демократия менен иш жүзүндөгү демократиянын ортосунда чоң жарака пайда болуп, бул жарака күн өткөн сайын кеңейип барууда. Паскал-Моусселлард макаласынын соңунда: «Демократиялар ушундай көрүнүштө баткакка батып кете береби?» – деген суроону койгон.

Комментарий: Батыш хазараты таптакыр жараксыз абалга келип калганын достон мурда душмандын өзү моюнга алууда. Паскал-Моусселларддын батыш хазараты чөгүп бара жатканы жөнүндөгү маалыматтары жаңылык эмес. Буга чейин да бир нече муфаккирлер (идеологдор) батыш хазараты чирип бүткөнү тууралуу көптөгөн далил-фактыларды келтиришкен. Болгону айырмасы ушул, мурда бул маселе жөнүндө алысты көрө билген муфаккирлер сөз кылышкан болсо, бүгүнкү күндө буга вакиъни көрө алуучу ар бир кишинин акылы жетүүдө. Т.а. Батыш материалдык кызыкчылыктан башкасын билбей турган хазаратын боёп-түзөп көрсөтүүгө канчалык аракет кылбасын, мунун пайдасы болбой жатат. Ал тургай, айрым Батыш мамлекеттеринин калктары бул хазараттан чарчагандыгын айтып, андан баш тартууга чакырышууда.

Бирок, Батыш хазараты –  чирип кулоонун алдында турган болсо да – өзүнөн-өзү кулабайт. Себеби, жашоонун хазаратсыз калышы жашоо мыйзамдарына тескери келет. Ушуга ылайык, андан күчтүү хазарат келип анын ордун ээлеши керек. Бүгүнкү күндө Батыш хазараты каршысында турган жападан-жалгыз алтернативалык хазарат – бул Ислам хазараты. Чириген Батыш хазаратынын ордун Ислам хазараты ээлеши болсо, Расулуллах тикелеген жана дээрлик 100 мурда саткын Мустафа Кемелдин колу менен кулатылган Ислам мамлекетин кайрадан тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Мындан башка жол жок. Ырасында, мусулмандар Аллах Таала түшүргөн өкүмдөр менен башкара турган Ислам мамлекетин кайрадан тикелөө үчүн олуттуу аракет кылышпаса, Батыштын ушул чирип калган хазараты бузукулук таратып, дүйнөнү булгай берет.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here