Токаев январь окуяларын эл аралык деңгээлде иликтөөгө уруксат бербеди
Кабар: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эл аралык коомчулуктун январь окуяларын эл аралык деңгээлде иликтөө чакырыгын четке какты. Эске сала кетсек, январдагы окуяда 227 адам өлгөндүгү расмий түрдө кабарланган.
Токаев 29-январда улуттук “Хабар” агенттигине маек куруп, акыркы кандуу окуяларды “согушкерлердин кол салуусу” деп баалап, казак мамлекети аны өзү териштирип, иликтей алгыдай абалда экенин айтты.
Европа парламенти 20-январда “Казакстан калкына карата жасалган кол салуу менен кылмышты эл аралык деңгээлде изилдөө зарылдыгына” байланыштуу резолюция кабыл алган.
Токаев бул резолюцияны “бир тараптуу, шашылыш” деп атады.
Комментарий: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев шашылыш түрдө ЖККУнун аралашуусун сурап кайрылган кезде “Казакстан террордук чабуулга, чет өлкөлүк согушкерлер катышуусунда атайылап уюштурулган агрессияга дуушар болгонун, Алматыга 20 миң согушкер кол салганын, террорчулардын зомбулук аракеттери себептүү коопсуздук кызматкерлери жана жай тургундар арасында көптөгөн адамдар каза болгонун, 1300дөй ишкердик обьект зыян тартканын, 100дөн ашык соода борборлору жана банктарга чабуул кылынганын, 500 полиция унаасы өрттөлгөнүн, зыяндын көлөмү 2- 3 миллиарддын тегерегинде болгонун” айткан эле.
Токаевдин “террорчулар” жөнүндө берген билдирүүсү чындыкка коошпогон нерсе экендиги, ал өз бийлигин сактап калуу үчүн тынчтык митингине чыккан демонстранттарды террорчуга чыгарганы ачык-айкын көрүнүп турган эле. Ошол себептен кырдаал көзөмөлгө алынгандан кийин ал шашылыш берген билдирүүсүндөгү “террорчулар”дын изин жоготууга киришти. Кезектеги билдирүүсүндө Токаев “террорчулар өлгөн шериктеринин сөөктөрүн жана жарадар болгондорун өздөрү менен алып кетишкенин о.э. сөөктөрдү уурдаш үчүн өлүкканаларга чабуул кылышканын” айтты. Кийинчерээк демонстрациялар убагында каза болгондордун санын азайтуу максатында “согушкерлер жашыруун көмүлгөн жер табылганы” кабарланды. Булардын бардыгы Токаевдин бийлигин сактап калуу үчүн жана бийлик талашуу күрөшүндө өз калкын кыргын кылып жибергенин жашыруу үчүн кылынды.
Токаевдин бул билдирүүлөрүнө, өзүнөн жана жана ушул окуяга кызыкдар болгон тараптардан башкасы ишенген жок. Ошол себептен да январ окуяларын өз кызыкчылыгы жолунда пайдалана албай калган Батыш мамлекеттери казак бийлигинен “январь окуяларын эл аралык деңгээлде иликтөөнү” талап кыла башташты. Албетте, Европа мамлекеттеринин бул талабы казак калкынын укуктарын коргоо же адилеттүүлүк орнотуу максатында эмес, болгону, колунан чыгарган позициясын тикелөө жана өз кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн гана болууда. Алар казак бийлигин өзү каалаган жолго салуу үчүн, керек болсо санкцияларды киргизүүгө чейин барышат. Мында алар “тынчтык митингине чыккандарга күч колдонуу”, “адам укуктарын камсыздоо” сыяктуу “демократиялык баалуулуктарды” курал катары пайдаланышат.
Абдурахман Адилов