Капитализм адамдарды бактысыз кылат, ал эми, Ислам аларга кадыржамдык берет

189
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Капитализм адамдарды бактысыз кылат, ал эми, Ислам аларга кадыржамдык берет

Хизб-ут-Тахрирдин Британиядагы расмий өкүлү Яхя Нисбат билдирүүдө ушуларды баса белгиледи: «Илманий капитализм дүйнөлөк экономикага өкүмдарлык кылып жаткан бүгүнкү күндө жакырчылык абдан күчөдү, дүйнө байлыгынын төрттөн үч бөлүгү учурдагы дүйнө калкынын болгону ондон бир бөлүгүнүн колунда калды. Илманий капитализм эч бир көзөмөлсүз байлык артынан кууп чуркоого үндөйт. Мунун ачуусун бүгүн Батыштагы катардагы адамдар жон териси менен сезишүүдө… Бүгүн «токой мыйзамы», «эң кыйыны аман калат», «акыйкат күчтө» деген сөздөр илманий капитализмдин маңызынын эң туура түшүндүрмөсүнө айланды. Капиталисттик экономиканын чабалдыгы, дүйнө жүзүндө жана Британия сыяктуу капиталисттик мамлекеттерде да бийликтин барабар бөлүштүрүлбөгөнү болуп көрбөгөндөй ачыкка чыкты. Ушул себептен улам, келечек бүдөмүк. Абал ушундай бойдон калса, бул нааразылыктын акыркысы болбойт.

Аллах Таала Өзүнүн Расулуна хидаятты жана жетик башкаруу түзүмүн о.э. ач көз элитанын каалоосун чектеген экономикалык түзүмдү түшүрдү. Исламдагы экономика түзүмү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетинде колдонулса, байлык менчик жана элдик болуп бөлүнөт. Ислам ресурстар менчик компанияларга сатылышына жол бербейт. О.э. жетекчилерди тергеп-тескөө жалаң гана массалык маалымат каражаттарына тапшырылбайт, себеби, эгер аларга гана тапшырып коюлса, коррупциячыл элитанын жоопко тартылбай калышы кепилденген болот. Проблема жөн эле майнапсыздыктан да татаал. Демек, Аллах Тааланын кулдарына улуу ниъмат бергенин т.а. аларга Расулу Мухаммад алайхиссаламды бүткүл дүйнө үчүн рахмат кылып жибергенин эстөөнүн жана ушул оор күндөрдө чыныгы кылмышкерди туура таап көрсөтүүнүн убагы келди. Шек-күмөнсүз, чыныгы кылмышкер – капиталисттик идеология.

Аллах Таала айтат:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى

«Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз»                                                    [20:124]».

 

Роя гезити, №372, 2022-жыл, 5-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here