Халифалыкты кайрадан тикелөө үчүн уюшуунун важибдиги (2)

223
0

(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

        Халифалыкты кайрадан тикелөө үчүн уюшуунун важибдиги (2)               

Чындыгында, Меккеде даъват жүктөрүн жана анын машакаттарын эркектер менен бир катарда муслима аялдар да көтөрүшкөн. Мисалы, сабырдуу, мужахид аял Савда бинти Замъа. Ал жакындарынын каршылыгына карабастан динди тандады, ата-эне жана туугандарына караганда динин абзел көрдү. Ал күйөөсү менен Хабашистанга хижрат кылды. Күйөөсү хижратта каза болгон соң, кафир болгон атасы жана агасынын үйүнө кайтып келди. Кайтып келип да дининде бекем турду, үйүндөгүлөрдүн жабыр-зулумдарына сабыр кылды. Андан соң анын машакаттарын жеңилдетүү үчүн Расулуллах с.а.в. ага үйлөндү. Натыйжада, ал Расулуллах с.а.в. Мединага хижрат кылганга чейин Пайгамбарыбыздын жана кыздарынын кызматында болду.

Ясирдин аялы, “Умму Аммар”- Аммардын энеси Сумайя. Ал Аллахтын жолунда өлтүрүлгөн алгачкы адам, алгачкы шейит аял болчу. Ал Ислам акыйдасында бекем турду. Азарларды көтөрүүдө сабыр кылды. Акыры Мекке кафирлеринин башчысы Абу Жахлдын зулуму алдында көз жумду. Натыйжада, Аллах Таала ага жана анын үй-бүлөсүнө бейишти убада кылды. Расулуллах с.а.в.:

صبرًا آل ياسر فإن موعدكم الجنة

“Сабыр кылгыла, эй Ясир үй-бүлөсү! Албетте силердин барар жериңер бейиш”, – деген.

Асма бинти Абу Бакр. Асма Расулуллах с.а.в. менен Абу Бакр р.а. Мединага сапар тартып, үңкүргө жашынганда аларга аябай жардам берди жана мунун машакатын жалгыз көтөрдү. Ал үңкүрдөгү эки доско суу жана тамак-аш жеткирип турду. Ал да Абу Жахлдан азар көрдү. Расулуллах с.а.в. жана атасы Абу Бакр кайда жашынып жатканын айтышы үчүн Абу Жахл анын жүзүнө шапалак менен урган. Асма болсо, (куфр башчыга айтуудан) баш тарткан.

Фатима бинти Хаттоб. Анын Исламга киргенин уккан Умар карындашына кол көтөргөн. Ошондон кийин ал агасы Умар ибн Хаттоб менен тартышкан. Карындашынын бекемдиги жана кайратына таң калган Умар Куръан аяттарын угуп көрүүгө ыраазы болгон. Аллахтын аяттарын угуп, дили жумшарган жана Исламга киргенин жарыялап, Аркамдын үйүндө сахабалары менен отурган Расулуллах с.а.в.дын алдына келген.

Расулуллах с.а.в. менен бирге даъватты жеткирген жана бул жолдо ар түрдүү азарларды көтөргөн, натыйжада үй-бүлөсүн жана тынч жашоосун таштап, алгач Хабашистанга, андан кийин Мединага хижрат кылган бул аялдар, өздөрү даъватты жеткирүүгө мукаллаф экендигин жана бул жаатта эркектер менен аялдардын ортосунда эч кандай айырма жоктугун жакшы түшүнүшкөн.

Авс жана Хазраж урууларынан болгон мусулман эркектер Расулуллах с.а.в.га нусрат берип, экинчи акаба байъатын бергендей эле, ал затка аялдар да нусрат беришкен. Пайгамбарлыктын 13-жылы Расулуллах  с.а.в.га 73 эркек жана 2 аял келген. Расулуллах с.а.в. алар менен Акабада жолугушууга убадалашкан. Ал аялдар Умму Аммара Насиба бинт Каъб ал-Мазиния жана Умму Муниъ Асма бинт Амр ибн Адий эле. Алар түн жарымында чыгып, убадалашкан жерге эркек жана аялдар бардыгы бирге келишкен. Ошол жерде Расулуллах с.а.в. га эркектер жана аялдар согуш байъатын беришти. Байъатта төмөнкүлөр айтылган:

فَقُلْنَا : يَا رَسُولَ اللَّهِ ، علَامَ نُبَايِعُكَ ، قَالَ : ” تُبَايِعُونِي عَلَى السَّمْعِ وَالطَّاعَةِ فِي النَّشَاطِ وَالْكَسَلِ ، وَالنَّفَقَةِ فِي الْعُسْرِ وَالْيُسْرِ ، وَعَلَى الْأَمْرِ بِالْمَعْرُوفِ ، وَالنَّهْيِ عَنِ الْمُنْكَرِ ، وَأَنْ تَقُولُوا فِي اللَّهِ ، لَا تَخَافُونَ فِي اللَّهِ لَوْمَةَ لَائِمٍ ، وَعَلَى أَنْ تَنْصُرُونِي ، فَتَمْنَعُونِي إِذَا قَدِمْتُ عَلَيْكُمْ مِمَّا تَمْنَعُونَ مِنْهُ أَنْفُسَكُمْ ، وَأَزْوَاجَكُمْ ، وَأَبْنَاءَكُمْ ، وَلَكُمُ الْجَنَّةُ ” ، قَالَ : فَقُمْنَا إِلَيْهِ فَبَايَعْنَاهُ

“… Эмненин негизинде байъат беребиз, я Расулаллах, – дедик. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам: Силер мага кайраттуу турганыңарда да, жалкоолонуп турганыңарда да кулак салып, итаат кылууга, кыйынчылыкта да, жеңилдикте да нафака кылууга, маъруфка буюруп, мункардан кайтарууга, Аллах жолунда жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон акыйкатты айтууга, эгер силерге барсам, мага жардам берүүгө, өзүңөрдүн жаңыңарды, үй-бүлөңөрдү жана балдарыңарды коргогон нерседен мени да коргоого жана булардын акысына силерге бейиш берилишине байъат бересиңер, – деп жооп берди. Ошондо биз ал затка байъат бергени турдук”. Ахмад жана Байхакий чыгарган.

Хижраттан кийин мына ошол аялдар кудум эркектер сыяктуу байъатка садык болушту. Умму Аммара жана башка аялдар Аллахтын жолунда жихад кылышты, Расулуллах с.а.в. менен биргеликте айрым казаттарга катышып, жарадар болгондорду дарылоо иштери менен алектеништи.

Сахаба аялдардын кылган бул иштери жана ээлеген позициялары даъватты жеткирүүдө эркек менен аял бирдей экендигине ишара кылат. Себеби, даъватты жеткирүү жөнүндөгү шаръий далилдер эркектер үчүн да, аялдар үчүн да бирдей ъамма болуп келген.

Ошондуктан, бүгүнкү муслима аялдардын даъватты жеткирүүгө ашыгуусу важиб. Себеби, “араңардан… бир үммөт-жамаат болсун” деген аят жана “Ким өлсө жана анын мойнунда халифага байъат берген жоопкерчилиги болбосо, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр” деген хадиске ылайык, аялдар да даъватты жеткирүүгө шаръан мукаллаф болуп эсептелишет о.э. ушул аят жана хадистер аларга да тиешелүү.

Даъват жүгүн көтөрүүчү аялдар умумий жашоодо даъватты башка аял жана эркектерге, хусусий жашоодо болсо, күйөөсү, атасы, балдары жана ушулар сыяктуу махрам эркектерге жеткириши керек болот.

Халифалыкты тикелөө фарздардын эң улуусу жана алардын эң маанилүүсү. Себеби, даъватты жихад жолу менен жеткирүү, чек араларды коргоо, иштерди Ислам өкүмдөрү менен башкаруу жана хаддарды колдонуу сыяктуу көптөгөн фарздар мына ушул Халифалыкты тикелөөгө барып такалат. Мына ушул Халифалык менен бүт дүйнөдөгү мусулмандар кадыр-баркы жана эл аралык саясатта өзүнүн татыктуу орду болгон бир мамлекетке биригишет. Халифалык мамлекетисиз мусулмандардын абалы бүгүнкүдөй кордукта болот. Бүгүн алар чачыранды, алсыз, кордолгон, үстүлөрүнө куфр өкүмдөрү колдонулуп жаткан абалда. О.э. аларды кафирлерге моюн сундуруп, кул кылып бере турган мамлекетчелерге бөлүнгөн абалда турушат. Ушул кафирлер мусулмандардын жерлерин тартып алышып, байлыктарын талап-тоношууда, перзенттерин өлтүрүп, “Терроризмге каршы күрөш” аталышы менен малай акимдердин мойнуна кордукка алып баруучу, залимдик шарттарын жүктөп жатышат.

Аллах Таала Халифалык мамлекетин тикелөөнү таштап коюуга чоң күнөө белгилеген. Расулуллах с.а.в.:

وَمَن مَاتَ وَليسَ في عُنُقِهِ بَيْعَةٌ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً

“Ким өлсө жана анда халифага байъат бергендик жоопкерчилиги болбосо, анда ал жахилдерче өлгөн болот”, – деген.

Демек, мойнунда халифага байъаты болбогон абалда өлүп жаткан ар бир мусулман чындыгында кафир болбосо да, кафирге окшоп өлөт. Себеби, бул фарзды таштап коюунун күнөөсү аябай чоң. Ырасында, бүгүнкү күндө халифа жок болгон соң, ушул хадиске ылайык, Аллахтын китеби жана Расулунун сүннөтү менен өкүм жүргүзүшү негизинде халифага байъат бериши үчүн ар бир мусулман мына ушул халифаны жүзөгө чыгара турган иш менен алектениши керек болот. Бул иш жеке адамдын эмес, жамааттын иши болуп, бул иш саясий хизбде иш алып баруу менен т.а. “араңардан… бир үммөт-жамаат болсун” аятында келген сыпаттарга толук ээ болгон жамаатта иш алып баруу аркылуу гана ишке ашат.

Кимде-ким Расулуллах с.а.в.дын “Ким өлсө жана анын мойнунда халифага байъат бергендик жоопкерчилиги болбосо, анда ал жахилдерче өлгөн болот” деген сөздөрүн түшүнүп жеткен болсо жана  ал дагы деле ушул важибди ишке ашыруу үчүн аракет кылбай жаткан болсо, анын дили эч качан кадыржам болбойт, жүрөгү тынчтык таппайт. Себеби, анын туткан орозосу, окуган намазы жана ушул сыяктуу аткарып жаткан важибаттары, эгер ал халифаны жүзөгө чыгара турган иштер менен алектенбей жаткан болсо, аны жахилият өлүмүнөн куткарып кала албайт. Себеби, важиб т.а. анын мойнунда лазым болгон шаръий байъат Халифалык мамлекетинин негизи болгон халифа бар болушу менен аягына чыгат. Шаръий коидада да айтылат: “Важиб эмне менен аягына чыкса, ал нерсе да важиб”. Ошондуктан, шаръий тарыйкат менен халифаны тикелөөгө аракет кылып жаткан мусулман адам эгер көз жумса, Аллах Таала важиб кылган амалды аткарган болуп эсептелет жана анын мойнунан халифанын жоктугу күнөөсү сакыт болот о.э. ал мусулман Расулуллах с.а.в.дын “Ким өлсө жана анын мойнунда халифага байъат бергендик жоопкерчилиги болбосо, анда ал жахилдерче өлгөн болот”, деген кишилер катарынан чыгат. Себеби, ал Халифалыкты жүзөгө чыгара турган иш менен алек болгон абалда дүйнөдөн өттү. Халифалык мамлекетин куруу аркылуу Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылып жаткан ар бир даъватчы өзүнүн ушул аракетинде туруктуу болууга,  ушул важибди ишке ашыра турган тарыйкатта бекем турууга о.э. жахилдерче өлүп кетпеш үчүн өмүрүнүн акыркы ирмемине чейин ушул иш менен алектенүүгө тырышуусу керек. Ал Аллахтын изни менен төмөнкү аятта айтылган кишилер катарынан орун алса ажеп эмес:

مِّنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ ۖ فَمِنْهُم مَّن قَضَىٰ نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ ۖ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا

Момундар арасында Аллахка берген өз убадасында бекем турган кишилер бар, алардын айрымдары өз убадасына турушту (т.а. шейит болду), айрымдары болсо ынтызар, алар (убадаларын) өзгөртүшкөн жок”.[33:23].

Соңку сөз

Сөзүбүздүн аягында мусулмандарга эскерте кетүүчү нерсе, 1924-жылдын 1-мартында Мустафа Кемел улуттук кеңешке Ислам мамлекетин илманий республикага айландыруу үчүн Халифалыкты жокко чыгаруу жана Халифаны сүргүн кылуу жөнүндөгү буйрукту тапшырып, кеңештин катчыларына мындай мааниде сүйлөгөн;

“Ар кандай кыйматтын акысына болсо да коркунуч алдындагы республиканы сактап калуу жана аны бекем илим негизиндеги республикага айландыруу керек. Халифа жана Усман үй-бүлөсүнүн калдыктары жок кылынышы керек. Эскирген диний мекемелер жана алардын мыйзамдары өз ордун заманбап мекемелерге жана заманбап мыйзамдарга бошотуп бериши керек. Диний адамдардын медреселери жок кылынып, алардын ордуна диний болбогон өкмөттүк мекемелер келиши керек.”

1924-жылдын 3-мартында Мустафа Кемел жогорку улуттук кеңеш Халифалыкты жоюуга жана динди мамлекеттен ажыратууга макул болгондугун жарыялады. Ошол эле күнү ал 20-кылымдагы мусулмандардын эң акыркы халифасы халифа Абдул Мажид ибн Абдул Азизди Түркиядан чыгып кетүүгө буйруду. Кафирдин малайлары кийим-кече жана арзыбаган акча салынган бир чемоданды берип, аны Швецарияга сүргүн кылышты.

Ошол жийиркеничтүү кылмышты көргөн ошол кездеги мусулмандар Халифалык жоюлушу каршысында бир жакадан баш чыгарып, аларга катуу чабуул кылышы керек эле. Алар буга өмүр-өлүм маселеси катары карашы керек эле. Расулуллах с.а.в.дын Бухарий жана Муслимден риваят кылынган “…Алдыбызда Аллах тарабынан хужжатыбыз болгон ачык куфрду көрбөй туруп, ишти өз ээлеринен талашпоого байъат бердик” деген хадисине моюн сунган абалда, Халифалыкты бөлүп-жаргандарга жана Ислам диярында ачык куфрду көрсөтүп жаткандарга каршы курал көтөрүшү керек эле. Уббада ибн Сомит хадисинде келген бул маани залим, фасик акимдер жөнүндөгү Умму Салама хадисинде да келет:

“Ошондо сахабалар: Андай абалда аларга каршы согушпайбызбы, я Расулуллах, – деп сурашты. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам: Жок, ырасында, намазды өтөп жатышса, аларга каршы согушпайсыңар, –  деди”. Намазды өтөө Ислам менен өкүм жүргүзүүгө киная.

Бирок, мусулмандардын ошол кезде Ислам өкүмдөрүн түшүнүүдөгү алсыздыгы, кафир жана алардын малайлары алып барган пикирий жана саясий чалгытуулар акыбетинде алардын дилдеринде таква суздашып кетиши алардын Мустафа Кемел жана кафир мамлекеттердин коркутууларына  оңой эле баш ийип калышына алып барды. Ошондуктан, алар эч кандай аракетке барышпады. Халифалык жок кылынышына, өлкөлөрдүн бөлүнүшүнө о.э. шаръий өкүмдөр ордуна вазъий мыйзамдар өкүмдар кылынышына сүкүт сакташты.

Халифалык мамлекети жок кылынып, дин жашоодон ажыратылышы акыбетинде мусулмандардын башына ушунча кордуктар түштү. Эми мусулмандарга Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн истинбат кылынган шаръий тарыйкат боюнча жүрүү важиб болот. Исламий жашоону кайрадан баштоо болсо, аларды бир жалындуу жүрөк алдында бириктире турган о.э. мурунку улуулук жана азиздикти кайтарып бере турган Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө менен ишке ашат.

وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ

Күч-кудурет Аллахтыкы, Расулунуку жана момундардыкы”.[63:8].

والحمد لله رب العالمين

Бардык ааламдардын Роббиси Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here