Алматыда “согушкерлер” жашыруун көмүлгөн жер табылды

106
0

Алматыда “согушкерлер” жашыруун көмүлгөн жер табылды

 Кабар: Алматы полициясынын расмий өкүлү Салтанат Азирбек “жапырт башаламандыктарга катышкан согушкерлер жашыруун көмүлгөн жер” табылганын тастыктады.

Анын айтымында, бул жаатта иштер уланууда.

Ал:  “Ооба, тастыктайбыз. Сөөктөр көмүлгөн жерлер табылды. Бул багыттагы иштер уланууда, ошол себептен азырынча алардын саны боюнча так маалыматыбыз жок. Тергөө иштери аяктагандан кийин кеңири маалымат берилет”, – деди.

О.э. анын айтышынча, тергөө жараянында согушкерлердин өздүгү жана алардын жергиликтүү же чет өлкөлүк диний агымдарга тиешелүү экендиги аныкталат.

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча башка маалыматтар ачыкталбайт.

Буга чейин Алматынын коменданты Канат Таймерденов согушкерлер из жашыруу үчүн өлгөн террорчулардын сөөгүн өздөрү менен алып кетишкенин билдирген эле.

Ал: “Согушкерлер өлгөндөрдү калтырбай алып кетишкен, жарадарларды да өздөрү менен алып кетишкен. Бул күндөрү өлүкканага 7 жолу кол салуу болуп, 41 маркумдун сөөгү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган”, – деген.

 Комментарий: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бийлигин сактап калуу үчүн өз элин террорчуларга чыгарып, демонстранттарга каршы курал колдонууга уруксат берди. Ал “эскертүүсүз ок атууга” буйрук берип, Россия башчылыгындагы ЖККУ күчтөрүнөн жардам сурагандан кийин демонстранттарды күч менен бастыруу башталды. Россия ЖККУ күчтөрү демонстранттарды бастырууга катышпастыгын, болгону маанилүү объектерди кайтарышын билдиргени менен, социалдык тармактарда Россиянын “тынчтык орнотуучу күчтөрү” Алматы көчөлөрүндө чаң салып, жай тургундарга карата башаламан ок чыгарып жатканы тартылган видеолор тарады. Казакстандын күч түзүмдөрүнүн жана “тынчтык орнотуучу күчтөрдүн” мындай тазалоо операциясынан кийин  каза болгондордун саны көп болушу табигый. Ошол каза болгондор көп болушун алдын ала билген Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун 10-январдагы онлайн сессиясында “террорчулар шериктеринин сөөктөрүн уурдаш үчүн өлүкканаларга кол салганын” айткан эле. Бул аркылуу Токаев өз режими ишке ашырган кылмыштын көлөмүн, каза болгондордун санын мүмкүн болушунча азайтып көрсөтүүнү көздөгөн. Расмий өкмөт башаламандыктар учурунда 227 адам каза болгонун айтканы менен, күбөлөр каза болгондордун саны мындан бир нече эсеге көп экендигин билдиришүүдө.

 Токаев бийлигин сактап калуу үчүн элине кыянат кылып, алардын үстүнө баскынчы орус күчтөрүн чакырганы жетишпегендей, баскынчы күчтөрдүн огунан каза болгон адамдардын сөөгүнө да кыянат кылып, ушул аркылуу өз кылмышын жашырууга аракет кылууда. Эми расмий жарыялангандан ашыкча чыгып калган курмандыктар мына ушундай массалык түрдө көмүлөт жана кийинчерээк күч түзүмдөрү “согушкерлер жашыруун көмүлгөн жерди аныктап” аларды да террорчуга чыгарышат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here