Таъзия

292
0

Таъзия

 Кыргызстанда иш алып барып жаткан Хизб ут-Тахрир жамааты даъват аманатын ийиндешип көтөрүп жүргөн бурадарыбыз Шералиев Казимжандын Роббиси үзүрүнө сапар алганын терең кайгыруу менен маалымдайт.

Шералиев Казимжан 1961-жылы Жалалабадда төрөлгөн. Ал эки уул жана бир кыздын мээримдүү атасы эле. Бурадарыбыз Хизб ут-Тахрир пикирлери менен таанышкан алгачкы күндөрдөн тартып даъват аманатын көтөрүп чыгып, 2002-жылы Хизб сабына кошулду. Казимжан бурадар исламий жашоону кайта алып келүү, адамдарды акыйкатка чакыруу жолунда жаманатты кылуучунун жаманаттысын, залимдердин зулумун көзгө илбеди. Жашоо-тиричилик толкуну бурадарыбызды Дагестанга алып барды. Бурадарыбыз мусафырлыкта да даъват ишин токтотподу. Анын бул даъваты динге душман бийликтин назарын өзүнө бурду. Казимжан устаз 2014-жылы Дагестанда камакка алынды. 2019-жылдын акырына чейин залимдердин зынданында олтурду. Азат болгондон кийин болсо, даъват иштерин дагы да кайрат менен улантты. Казимжан бурадар даъват иштеринде активдүү, ыхластуу болчу жана өзү үчүн жакшы көргөн ар бир нерсени башка бурадарларына да ыраа көрчү.

 Шералиев Казимжан бурадарыбыз бүгүнкү адамзат башына сыноо кылып жиберилген коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Ал бу оорууну Аллах тарабынан берилген бир сыноо катары кабыл алып, Аллахка болгон шүкүрү жана ибадатын дагы да зияда кылды. Бурадарыбыздын жаназасы 16-январь күнү окулду.

 Биз Мээримдүү жана Райымдуу Аллахтан Казимжан боордошубуздун дарттарын күнөөлөрүнө каффаарат кылышын, күнөөлөрүн магфират кылып, Өзүнүн кең жаннаттарында ырызкыландырышын сурап калабыз.

 Бурадарыбыздын артында калган үй-бүлөсү, тууган-уругу жана жакындарына сабыр-жамил тилеп, өз таъзиябызды билдиребиз. Аллах сиздерге көркөм сабыр берсин жана сиздерди чырайлуу сабыр артынан жакшылыктар менен сыйласын.

 Албетте, даъват аманатын көтөрүүдө ийиндеш болгон бурадарыбыздан айрылуу бизди терең кайгыга салса да, биз албетте Аллахты раазы кылуучу сөздөн башкасын айтпайбыз:

الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

Аларга бирер мусибат келгенде “Албетте биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте Ага гана кайтабыз” дешет. [Бакара 156]

 Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here