Мусулмандар менен Батыш ортосундагы күрөштүн жаңы баскычы Американын жар жакасына келип калганынан кабар берүүдө!

201
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мусулмандар менен Батыш ортосундагы күрөштүн жаңы баскычы Американын жар жакасына келип калганынан кабар берүүдө!

 Устаз Салих Абдуррахим

Колонизатор Американын мусулман өлкөлөрүндөгү жырткычтыктары, кыргын жана кылмыштары жаңылык эмес. Ал күйүүчү бомба, жарылуучу бочка, ал тургай, химиялык куралдар сыяктуу кыргын куралдарын колдонууга ар дайым даяр болгон жана азыр да даяр. Мисалы, 2018-жылы апрель айынын башында Америка Сириядагы малайынын колу менен Гутанын чыгышында Дума калкына каршы химиялык курал колдонду. Бул – Америка мусулмандарды моюн сундуруу үчүн ар кандай убакта түздөн-түз өзү же малайлары аркылуу алардын канын төгүүгө барышы мүмкүн экенин түшүндүрөт. Бирок, бул жердеги жаңы абал пайда болду – Америка бүгүнкү күндө аскерий согуштарга жалгыз өзү кирүүгө кудуреттүү болбой калганы! Бул ачык-айкын көрүнүп турат. Мисалы, Америка Ливиядагы өзүнүн малайларын Сисий жана орустардын жалданма согушкерлеринин жардамы менен бекемдеди. Мына ошондуктан ал жерге Россияны чакырды… Орус жалданма согушкерлери Хафтар, анын жүгүртөк малайлары жана Судандан чакырылган Жанжавид ыктыярдуу күчтөрүн колдоп-кубаттады. Американын аскерий согуштарга жеке өзү кире албай жатканына Афганистанда Талибанга каршы күрөштөн качып чыкканы бир мисал болсо, учурда Яманда Иран жана Сауддар үй-бүлөсүнүн колдоосу менен күрөшүп жатканы дагы бир мисал. О.э. Америка Сирияда да ушундай алсыздык кылып, ал жерге Иран жана анын согушкерлерин, өзгөчө, Ливандагы рычагдарын, Ирак жана Афганистандагы иранчылдарды чакырды. Америка муну козголоң жана козголоңчуларды жок кылып, Шам калкынын кайратын сындыруу үчүн о.э. ар кандай шамал канкор Сирия режимин өзгөртүп, Ислам диярына Халифалыкты кайтарышынан корккону үчүн кылды.

Бирок, эң оболу мусулмандар түшүнүшү шарт болгон нерсе – Америка мусулман өлкөлөрүндөгү өзүнүн максаттарын жашыруу үчүн аскерий жана саясий жактан Россиядан пайдаланышы жаңылык эмес, буга мисалдар өтө көп. Маселен, Мисирде англистердин малайы падыша Фарук кулатылып, 1952-жылы ишке ашкан «июль ыңкылабы» артынан Америка Жамал ибн Абдуннасирге жүзүн социализм тарапка бурууну буйруган! Араб улутчулдугу менен өзүнүн кыялдагы идеологиясы менен аралашкан социализмди Абдуннасир жыйырма жыл Мисирде жана араб мамлекеттеринде үгүттөп, адамдарды алдоого урунуп келди. Америка Абдуннасир бийлигин бекемдеп алышы үчүн Советтер Союзу менен курал сатып алуу тууралуу келишим түзүүнү буюрду. Америка муну Абдуннасир Америка менен байланышта экени, бүтүндөй малайлыкка батканы көрүнүп калбашы үчүн кылган. Алжирде да ушундай болгон. Ал жерде Хуари Бумадин 1965-жылы бийликке келгенден баштап, социалисттик ийгиликсиз багытты жана обочолонуу идеясын кабыл алып, Алжирдин жаш армиясын Россиянын эски-чириген куралдары менен камсыздады, аларды өтө кымбат баада сатып алды. Бумадин муну ал жана анын тарапташтары англисттер менен байланышта болгонун жашыруу үчүн кылган. 1970-жылы Америка малайы Хафиз Асад бийликке келген соң, Американын аракети менен ал да жүзүн Советтер Союзуна бурду жана Сирия араб армиясын Советтер Союзунун аскерий техникасы менен камсыздады. Ал Сирия Араб Республикасы яхудий баскынчыларга каршы фронтко жана каршылык чебине айланганын айтып араб калкын алдоого урунуп, республикабыз яхудий баскынчыларына, Батыш империализмине жана колонизатор капитализм менен союздаш сионизм дүйнөсүнө каршы күрөшүүдө деп алдамакчы болду. Бул курулай үгүттөө жана жалгандан башка нерсе эмес эле. Көрүнүп тургандай, бүгүн Шамда атайылап бомбалап, мусулмандарды массалык түрдө өлтүрүп жаткан канкор орустар түпкүлүгүндө бул өлкөдө эрктүү чечимге ээ эмес. Бул өлкө Европа жана АКШ баш болгон Батыштын таасири астында. Ушул себептен улам, Россиянын ал жерлердеги ролу – колонизатор Америка өзүнүн абалына, талабына жана муктаждыгына ылайык кабыл алган токтомго негизделип курал-жарак менен камсыздоодон, кыргын кылуу жана баш аламандыкты жасоодон турат.

Бирок, географиялык жана саясий ордуна карап, Сирия маселеси бир аз айырмаланат. Ал жерде канкор «ак аюга»– Американын планы боюнча – өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынан тартып этияттык роль тапшырылган. Бул роль Хафиз Асаддын убагынан баштап Дамасктагы ыплас Баас режими менен Россиянын аскерий союз түзүшүндө көөдөлөнөт. Мындан Баас режими Американын малайы экенин жашыруу о.э. мусулман Шам калкы Исламды жек көргөн жана яхудий вужуду тарабынан колдоп-кубатталган тайпачыл репрессиячыл Баас режимине каршы козголгоң көтөрүшүн алдын алуу үчүн этият чарасын көрүү максат кылынган. Америка өзүнүн колонизаторлук жүзүн регион калкынан жашырып келгендей, ар дайым Асад, анын тарапкерлери жана коопсуздук кызматы ага малай экенин жашырып келди. Россияны Шам жерине киргизүү жана вазыйпа берүү кылмыштуу жана аскерий мүнөзгө ээ. Америка бул исламий өлкөнүн калкын жек көргөн мамлекет болсо да, бирок, алардын Асад режимине каршы козголоңун бастырууга түздөн-түз өзү киришкен жок. Кала берсе, ал демократия, эркиндик жана адам укуктарын айтып адамдарды алдап келет! Сирияда Европа үчүн бир да роль берилбейт деп катуу турган Америка ал жердеги күрөшкө Россияны тартты жана ушул аркылуу эски колонизаторлорду Сириядан алыстатты. Бул болсо, Американын эки тараптуу оюн кылып жатканын көрсөтөт. Бир тараптан, Америка кылмышкер Россия, Иран жана анын мазхабчыл куралдуу тобу жана жалданма аскерлер аркылуу, түрдүү массалык кыргын куралдары менен Сирия режимин тымызын колдоп-кубаттады… Экинчи тараптан, Америка Сириянын чет элдеги оппозициясын Эрдаган аркылуу каражат, башбаанек, саясий жана маалымат, мейманканалар менен камсыздап, тизгиндеп алды. Т.а. Америка Сирия козголоңун бүтүндөй баса алса, саясий абал нугуна түшкөндөн кийин келечектеги малайларын ушул оппозициядан тандап алууну көздөдү! О.э. Америка Дамаск режими үчүн коркунуч туудура турган ар кандай түрдөгү курал-жарактын козголоңго жетишине да түрдүү шылтоолор менен жол бербей келүүдө. Бул нерсе – Американын Сириядагы планы боюнча – Сирияны Америка таасиринен чыгарууга аракет кылгандар алдында эмансипация-азаттык дарбазалары жабылышын камсыздады.

Түпкүлүгүндө, Америка козголоң отун өчүрүүгө мажбур болгондуктан Россияны Сирияга аскерий жактан аралашууга чакырды. Себеби, Америка Дамасктагы өз малайынын пайдасына абалды чечүү үчүн башка бардык күчтөрдү сапарбар кылды, бирок, алар бул аракеттин өтөөсүнөн чыга алышпады о.э. анын малай режими жана коопсуздук күчтөрү, баары коркунуч астында калып, жар жакасына келди. Бирок, Америка Россиянын Сирияга аралашуусуна уруксат бергенде Россияга Сирия козголоңунан кийин жаңы Сирияда эч кандай роль болбошун камсыздап койгон эле. Негизи, Россия Сирия саясий борборунда эч кандай таасирге ээ эмес. Кремлдеги орус кылмышкерлеринин тобу мындай акааратка, кордукка көңүл бурушпайт. Себеби, алар канкор кылмышкерлер жана өлтүрүү, бомбалоо, ойрон кылуудан башка нерсени билбеген арамзалар. Ушул себептен улам, Америка планы боюнча саясий чечим ишке ашуусу менен эле орустар чыгып кетүүгө дуушар болушат. Алардын айрым базалары гана калышы мүмкүн. Орустар чыгып кеткен соң, кыргын, өч алуу, качкынга айлантуу сыяктуу кезектеги жырткыч ролдорду күтүп турушат. Бул кылмыштарга алар мусулман өлкөлөрүндө, же башка мамлекеттерде АКШнын талабына жана муктаждыгына карап чакырылат. Же орустар күтүп турган бул арада региондо мусулмандардын чыныгы мамлекети тикеленип, алардын бирин калтырбай кууп чыгарат, жок кылат! Орустар Шам же башка исламий өлкөлөрдүн биринде мына ушул нерсенин жүз беришинен баарынан көбүрөөк коркуп жатышат! Учурда Америка Сириянын ушул маанилүү аймагында аскерий күчтөрү менен турат, аны жакынкы келечекте кошуундарын алып чыгууга мажбур кыла турган бир да күч жок. Америка Сирия жана Иракта региондогу өз долбоорун – эгер кудуреттүү болсо – аягына жеткирмейинче калмакчы. Ушул себептен улам, учурда Америка Дамаскта ага кызмат кылган режимди бекемдөөгө жана калган араб мамлекеттерин – кудум Сирияда эч нерсе болбогондой – аны менен мамилелерди нормалдаштырууга үндөп жатат. Бул жөнүндө АКШнын БУУдагы өкүлү 2018-жылы 16-апрелдеги билдирүүсүндө: «Сирия өз максатына жетмейин биз ал жерден чыкпайбыз», – деген. (Рейтер).

Жогоруда айтылгандарга таянып мындай дейбиз, Америка туңгуюктан чыгууга катуу аракет кылып жатканына карабастан, бардык тармакта токтоосуз артка кетүүдө… Эл аралык майданда болсо, бүтүндөй мунун тескерисин көрсөтмөкчү болуп жатат! Ал бирер региондо, айрыкча, мусулман өлкөлөрүндө мындан кийин согуштук күрөш алып бара албай калды. Себеби, дүйнөлүк атаандаштык, айрыкча, Кытай менен атаандаштык кескин күчөгөн шартта, Америка аскерий кагылышуулардын өз экономикасына болгон терс акыбеттерин эсепке алып, материалдык жана инсаний жоготууларды көтөрө албай калды.

 

Роя гезити, №370, 2021-жыл, 22-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here