Умматтын Сириядагы козголоңу колонизатор кафир Батыштын кекиртегине сайылган сөөк болуп кала берет

75
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Умматтын Сириядагы козголоңу колонизатор кафир Батыштын кекиртегине сайылган сөөк болуп кала берет

АКШнын Сириядагы атайын өкүлү Жеймс Жеффри Жо Байден администрациясын Сирия козголоңун артка сүрүү кооптуу экенин эскертти. Жеффри «Форрин Афферс» журналында жарыялаган макаласында: «Асад режиминин жеңиши бүткүл дүйнөдөгү зордукчул акимдерге массалык кыргын бийлигин сактап калуу үчүн эң пайдалуу тактика деген ишарат жолдоодо», – деди. Ал бул сөзү менен Россия жана Ирандын регионго дагы да тереңирээк кирип барышы мүмкүн экенин каңкуулады.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы устаз Ахмад Абдулваххаб мындай дейт: «Шам калкы бүгүн козголоңду жок кылуу үчүн уюштурулуп жаткан фитналарды өтө жакшы түшүнүп калышты. Алар акыркы он жылда ушул фитналардын үрөй учурган акыбеттерин башынан өткөрүштү. Бул жылдар алар саясий, аскерий жана экономикалык сыяктуу түрдүү тармактарда иш жүзүндө сабак алышына жетиштүү болду».

Устаз Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу үчүн жазган түшүндүрмөсүндө ушуларды кошумчалады: «Козголоңдун акыркы он жылы – жер жүзүндөгү бир да күч козголоңдун таасирин, айрыкча, Шам калкынын козголоңдордо берген эсепсиз курмандыктарын оңойлук менен өчүрө албашын далилдеди. Умматтын Сириядагы бул козголоңу кафир Батыш үчүн чоң кооп туудуруп жатат жана Аллах Азза ва Жалланын уруксаты менен, Шам албетте кайра Ислам диярынын борборуна айланат. Бул Аллахка жеңил».

 

Роя гезити, №370, 2021-жыл, 22-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here