بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Fitch агенттиги Иорданиянын кредиттик рейтингин жогорулатканы адаштыруу болуп, максат – мамлекетти сүткордук карыздар менен банкрот кылуу
Шейшемби күнү Fitch агенттиги Иорданиянын кредиттик рейтингин терстен оңго жогорулатты о.э. бул «Иорданиянын фискалдык консолидация жана экономиканы тикелөөдө жетишкен ийгилиги» деп баалады.
Бул тууралуу Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаятынын маалымат бөлүмү өз билдирүүсүндө мындай дейт: «Бул кредиттик рейтинг агенттиги Американын куралы экенинде эч бир күмөн жок. Иордания экономикасы жаман абалдан андан да жамандашууда. Калктын төрттөн бири жакырчылыктан кыйналууда, жумушсуздук 50 пайызга жетти, өлкө карызы бул жылы 50 миллиард долларды түзүүдө. Бюджеттен көрүнүп тургандай, өкмөт сүткордукту, төлүнүшү шарт карыздарды жана бюджеттин дефицитин жабуу үчүн дагы 7 миллиард доллар карыз алууну максат кылганын көрсөтүүдө».
Билдирүүдө ушуларга көңүл бурулду: «Мындай караңгылыкты ушул чындык менен гана түшүндүрүүгө болот: Иордания өкмөтүнө кезектеги 7 миллиарддык пайыздык кредит алуу мүмкүнчүлүгүн жаратуудан максат – мамлекетти карыз баткагына бүтүндөй матырып, банкроттук жарыя кылууга мажбурло о.э. калкты колонизатор кафир Батыштын колундагы туткунга айлантуу. Бул режим бийлик башында калышына же кетишине карабастан, карыздарды ким мойнуна алышын таптакыр ойлонбой жатат.
Умматтын мол байлыктары режимдердин эмес, мусулмандардын жалпы мүлкү. Акимдер өздөрү үчүн адал кылып алып, колонизатор кафирге кош колдоп тапшырып жаткан бул мүлктөн пайдалануу үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө зарыл. Исламдагы экономика түзүмүн колдоно турган Халифалык мамлекети колонизаторлордон сүткордук карыздарды алуу жана анын пайыздарын төлөө жолуна эч качан кадам таштабайт. Жумушсуздукка жана жакырчылыкка чекит коюп, ач көз колонизатор мамлекеттердин мусулман өлкөлөрүнө капитал жаткыруусуна таптакыр жол бербейт. Тескерисинче, мусулмандардын халифасы шарият өкүмдөрүнө ылайык ар бир дирхамды орду-ордуна сарптайт. Экономикалык проблема, өзгөчө, Аллах Таала берген улуу байлыктарга ээ өлкөлөрүбүздө өндүрүш менен эле эмес, байлыктарды бөлүштүрүү менен чечилишин билет».
Роя гезити, №370, 2021-жыл, 22-декабрь.