Фалестин администрациясы азиз мугалим Хусайн Абу Хажды кайра камакка алды

208
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин администрациясы азиз мугалим Хусайн Абу Хажды кайра камакка алды

Бүгүн Фалестин администрациясы азиз мугалим Хусайн Абу Хажды дагы камакка алды. Байтлахм шаарынын биринчи инстанция соту коопсуздук кызматынын 2021-жылы 17-ноябрда Абу Хажды уурдап кетишине негиз болгон алгачкы айыптоо боюнча камакка алуу жөнүндө токтом чыгарган. Ошондон кийин Хусайн Абу Хаж полиция, профилактикалык коопсуздук жана разведка кызматтары тарабыннан үч апта адилетсиз камакта кармалып, кийин коё берилген эле. Анын болгон «айыбы» окуучуларга Расулуллах ﷺдын байрагы жана мусулмандардын биримдигинин маңызы жөнүндө таалим бергени болду.

Кыязы, администрация жана анын коопсуздук кызматы Баттир, Хусан жана Байтлахм калкынын ардактуу мугалимдери азат кылынганына адамдар шаттанып жатышканына кыжырданып жатышкан көрүнөт. Бул шаттык – Фалестин калкы Ислам байрагына таандыктыгынын, Расулуллах ﷺдын роясын жакшы көрүшүнүн, бөлүнүү жана колонизатор байрактарын жана администрациянын зомбулугун жек көрүүсүнүн белгиси. Ошондуктан, администрация бүгүн Абу Хажды соттун токтому менен кайра камакка алды. Негизи, сот режимдин жана анын коопсуздук кызматынын каалоосуна моюн сунуп, Аллах Тааладан да, Ислам жана анын байрагына душмандык кылуу акыбетинен да коркподу.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өз сайтында билдирүү чыгарып, ушуларды баса белгиледи: «Бирок, Фалестин администрациясы, анын жуундукорлору жана коопсуздук кызматы билип коюшсун, Фалестин калкы өз Исламына таандык, хабиби ﷺды жакшы көрүшөт жана аларды мындан бүткүл жер жүзүнүн күчтөрү да кайтара албайт. Фалестиндеги азиз калк администрацияга, анын кылмыштарына жана кыянаттарына ар дайым каршы турат. Фалестин калкы бул администрацияга окшоп бир күн да малайлык кылбайт. Администрация Батышты жана яхудийлерди ыраазы кылуу үчүн Ислам жана мусулмандарга душмандык кылууну ыраа көрүүдө».

 Роя гезити, №369, 2021-жыл, 15-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here