Исламды жана анын өлчөөлөрүн күрөштөн четтетүү саясий жактан өз өмүрүнө кол салуу болуп эсептелет

57
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Исламды жана анын өлчөөлөрүн күрөштөн четтетүү саясий жактан өз өмүрүнө кол салуу болуп эсептелет

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты тарабынан чыгарылган «Тахрир» апталык гезитинин башкы макаласы Тунис козголоңу жетип келген кризистерге арналды. Макалада автор устаз Мухаммаднасир Шувайха мындай дейт: «Туура, козголоңдо коркуу дубалы кулатылып, залим репрессиячыл күчтөр рекорддук убакыт ичинде кулашты. Бирок, эң негизги нерсе дагы эле ишке ашпады. Мунун себептери:

Биринчиден: жыландын башы жанчылбады т.а. Британия өлкөбүздү өз өкүмдарлыгы астында кармап туруу үчүн дагы эле фитна саясатын алып барууда. Франция аны менен атаандашып, күрөшүп жатат. Америкалыктар болсо, өлкөбүздө таасирин жаюу үчүн ыңгайлуу учурду табышты. Аыр алар эски колонизатордун (англистердин) олжолоруна шерик болууга урунуп жатышат.

Экинчиден: Тунис малай жана алсыз акимдердин өкүмдарлыгы астында калууда. Бул акимдер Батышка дагы эле азгырылышууда. Демек, алар колонизаторлукту жана азаттыкты кайдан түшүнүшмөк эле?!

Үчүнчүдөн: түпкүлүгүндө эң негизгиси да ушул. Козголоңчулар кырсыктуу катага жол коюшту. Т.а. «демократиялык башкаруу» деген жемди жутуп, ага илиништи, Ислам жана анын өкүмдөрүн четтеткен шайлоолорду өткөрүштү… Козголоңчу күчтөр кирип калган мындай туңгуюктан чыгуунун жалгыз жолу – күрөштүн маңызын түшүнүп жетүү. Алар ушуну билиши керек – чечим парламентте эмес, себеби, парламенттеги биринчи кадам – бул режим ойлоп тапкан конституцияны урматтап ант ичүү. Демек, кантип биз душман менен касташып, ошол эле учурда, ага кайрылабыз?! Ислам жана анын өлчөөлөрүн күрөштөн четтетүү саясий жактан өз өмүрүнө кол салуу болуп эсептелет. Батыш өлүм төшөгүндө жатат… бардык айып-кемчиликтери эбак эле ачылды. Ислам болсо, Батышты жана анын пикирлерин күрөшкө чакырууда, анын шариятты колдонуу жолунда өлүмгө даяр турган Умматы бар».

Устаз Шувайха мындай таянак кылды: «Саясий күчтөр бул күрөштө эч качан ийгиликке жетишпейт. Себеби, ийгиликке жетүү үчүн бул саясий күчтөр шексиз Уммат денесинен болушу о.э. козголоң илманий түзүмдү түп тамыры менен кулатып, Умматты колонизаторлуктун баткагынан куткара турган исламий козголоң болушу шарт. Бул вазыйпаны аткарууга Умматка Ислам менен чыныгы жетекчилик кылган жетекчи гана кудуреттүү».

 Роя гезити, №368, 2021-жыл, 8-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here