Россия коопсуздук кепилдиктери боюнча АКШга сунуштаган талаптарын жарыялады

276
0

Россия коопсуздук кепилдиктери боюнча АКШга сунуштаган талаптарын жарыялады

 Кабар: Россиянын тышкы иштер министрлиги АКШ менен коопсуздук кепилдиктери жөнүндөгү келишим о.э. Россиянын жана НАТОго мүчө мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоо чаралары жөнүндөгү келишим долбоорлорун жарыялады.

Документтерде келишинче, тараптар бөлүнгүс жана тең коопсуздук, бири-биринин коопсуздугуна зыян жеткирбестик принциптери негизинде аракет кылышы керек.

Россиянын тышкы иштер министрлиги АКШдан НАТОнун чыгышка кеңейбестиги боюнча жоопкерчиликти моюнга алууну о.э. мурунку СССРдин курамында болгон мамлекеттерди альянска кабыл алуу ыкмасынан баш тартууну талап кылган.

“АКШ  мурда СССРдин курамында болгон жана НАТОго мүчө болбогон мамлекеттердин аймагында аскерий базаларды курбашы, ар кандай түрдөгү аскерий иш-аракет үчүн алардын инфраструктурасынан пайдаланбашы, алар менен эки тараптуу аскерий кызматташтыкты өнүктүрбөшү керек”, – деп айтылат документте.

 Комментарий: НАТО (North Atlantic Treaty Organization) – Түндүк Атлантика аскерий уюму 1949-жылы 4-апрелде Европанын 10, Түндүк Американын 2 мамлекети т.а. Бельгия, Британия, Дания, Исландия, Италия, Люксембург, Нидерландия, Норвегия, Португалия, Франция, АКШ жана Канада мамлекеттеринин өкүлдөрү кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. Ошол кезде бул уюмду түзүүдөн көздөлгөн максат, Европаны экинчи дүйнөлүк согуштан кийин аскерий мүмкүнчүлүгү күчөп кеткен СССРден коргоо болгон. Кийинчерээк Советтер союзу 1955-жылы өзүнө көз каранды коммунистик мамлекеттер менен биргеликте бир альянска (Варшава келишимине) негиз салып, Польшанын борбору Варшаваны анын штаб-квартирасы кылып белгиледи. Андан соң, коммунизмди күч менен өткөргөн Чыгыш Европа мамлекеттерин ушул альянска кошуп алды. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнө жүзү эки лагерге т.а. АКШ башында турган НАТОго мүчө капиталистик мамлекеттер лагери менен СССР башында турган Варшава келишимине кирген мамлекеттер лагери болуп экиге бөлүндү.

1991-жылы СССР кулады жана Россия коммунизмден капитализмге өттү, Варшава келишими бузулуп, ишин токтотту жана коммунизм коркунучу жоюлду. НАТОго мүчө мамлекеттерге каршы эч кандай коркунуч да, НАТО бар болуп турушун актай турган бирер себеп да калбады. Бул уюмдун жоюлушу жана эки лагерге бөлүнүү абалы аякташы күтүлө баштады. А бирок, АКШ Батыш мамлекеттери менен андай кылбады, НАТОну жоюунун ордуна, ага жаңы душманды (Исламды) ойлоп тапты жана НАТО эмне үчүн жоюлбай жатканын ушуну менен актады…

АКШ 2001-жылы 11-сентябрь окуясын уюштуруп, анын артынан Ирак жана Афганистанда баскынчылык согушун баштады. Ал баскынчылык согушу шылтоосунда АКШ НАТО аркылуу Борбор Азиядагы аралашуусун күчөтүүгө киришти. Алгач, 2014-жылдын 16-майында Ташкентте НАТОнун расмий өкүлчүлүгү ачылды. Ачылыш ырасымына НАТОнун Борбор Азия жана Кавказ боюнча атайын өкүлү Жеймс Аппатурай катышкан эле. Кийинчерээк, АКШ Борбор Азиядагы ордун дагы да бекемдөө максатында 2015-жылдын 5-январында Казакстандын борбору Астана шаарында Казакстан менен НАТОнун кызматташуу борборун ачты.

Бүгүнкү күндө АКШ Украинада жасалма аскерий кризис пайда кылууда жана “Россия коркунучуна” каршы НАТО мамлекеттери менен кызматташтыкта Кара деңиз жана Балтика деңизине кирип келүүдө. Мындан тышкары, АКШ Борбор Азия республикалары менен аскерий база ачуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бул болсо, Россияга жакпай турган иш экендиги анык. Ошол себептен да Россия анын НАТО аркылуу кеңейип барышынын алдын алуу ниетинде АКШга ар түрдүү талап жана шарттарды коюп келет. А бирок, азырынча АКШ Россиянын бир да талап жана сунушу менен эсептеше элек.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here