Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен

88
0

(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

            Өзгөртүү жөнүндөгү ижтихаддар

Мусулмандар өздөрү жашап жаткан аянычтуу вакиълыкты сезишкен соң, алардын арасындагы аң-сезимдүү кишилерде Ислам негизинде ойгонуу сезимдери аракетке келип, алар ушул вакиълыкты өзгөртүүгө умтулушту. Натыйжада, мына ушул жаман вакиъды өзгөртүү үчүн бир нече хизб жана жамааттар түзүлдү. Бирок, бул хизб жана жамааттар абдан көп өкүмдөрүндө биз баян кылган шаръий тарыйкат өкүмдөрүнө карама-каршы болгон ар түрдүү жолдор менен кетишти. Мындай ихтилаф жана тафавут алардын анчейин терең жана дакик болбогон (назик каралбаган) ижтихаддарынан келип чыккан эле. Маселен, алардын айрымдарынын сөздөрүнө ылайык; “Халифалык кулатылгандан кийинки мусулмандардын бүгүнкү жашоосу кайры исламий жашоо. Бүгүнкү акимдер Ислам менен өкүм жүргүзүшпөйт. Ошондуктан, аларга каршы кылыч көтөрүп, алар менен күрөшүү керек. Эгер, алар өз иштеринде бут тиреп туруп алышса, аларды өлтүрүү, кийин болсо, Исламды колдоно турган акимдерди алып келүү керек”. Алар өздөрүнүн бул пикирлерине төмөнкү сахих хадисти далил катары келтиришет:  Уббада ибн Самиттен риваят кылынат. Ал киши айтат;

دَعَانَا النَّبِيُّ -صَلَّى الله عَلَيْهِ وَسَلَّمَ- فَبَايَعْنَاهُ، فَقَالَ فِيمَا أَخَذَ عَلَيْنَا: أَنْ بَايَعَنَا عَلَى السَّمْعِ وَالطَّاعَةِ، فِي مَنْشَطِنَا وَمَكْرَهِنَا، وَعُسْرِنَا وَيُسْرِنَا، وَأَثَرَةٍ عَلَيْنَا، وَأَنْ لَا نُنَازِعَ الْأَمْرَ أَهْلَهُ، «إِلَّا أَنْ تَرَوْا كُفْرًا بَوَاحًا عِنْدَكُمْ مِنْ الله فِيهِ بُرْهَانٌ

“Бизди Набий с.а.в. даъват кылды. Натыйжада, биз ага байъат бердик. Байъатта биздин мойнубузга жүктөлгөн вазыйпалар арасында төмөнкүлөр бар эле: биз ал затка кубанычта да, кайгыда да, кыйынчылыкта да, жеңилдикте да кулак салууга жана итаат кылууга, ал затты өзүбүздөн жогору коюп ийсаар кылууга жана Аллах тарабынан хужжатыбыз болгон ачык куфрду жасаганын көрбөй туруп, ишти өз ээлеринен талашпоого байъат бердик”. Бухарий жана Муслим риваяты. Умму Салама р.а. дан риваят кылынат. Расулуллах с.а.в. айтты:

ستكون أمراء فتعرفون وتنكرون فمن عرف برئ ومن أنكر سلم ولكن من رضي وتابع قالوا أفلا نقاتلهم قال لا ما صلوا  “

“Келечекте амирлер болушат. Силер аларды маъруфка буюрасыңар жана мункардан кайтарасыңар. Ким маъруфка буюрса, мойнундагы милдетин аткарган болот. Ким мункардан кайтарса, саламат болот. Бирок, ким аларга ыраазы болсо жана аларга моюн сунса. Ошондо сахабалар: Аларга каршы согушпайбызбы, я Расулуллах, – дешти. Расулуллах с.а.в. болсо: Жок, эгер намазды аткарышса, согушпайсыңар, – деди”. Муслим жана Абу Давуд риваяты. Т.а. эгер Ислам өкүмдөрүн, анын катарында намазды аткарышкан соң, аларга каршы согушпайсыңар. Бул жузъду айтып, куллду ирада кылуу бабына кирет. Маселен, аятта  فتحرير رقبة (моюнду азат кылуу) деп моюн айтылат. Моюн пенденин бир жузъу. Мындан бүтүндөй пенде ирада кылынат. Алар ушул эки хадисти жана мындан башка хадистерди, бүгүнкү күндөгү куфр өкүмдөрүн колдонуп жаткан мусулман акимдерине каршы күрөшүү жана аларга каршы согуш жарыя кылуу важибдигине о.э. куфрдугуна Аллахтан хужжат болгон куфри баввах-ачык куфрду зохир кылууда (ачык көрсөтүүдө) катып туруп алышса, аларды өлтүрүү важиб экендигине далил катары келтиришет.

ومن لم يحكم بما أنزل الله فأولئك هم الكافرون

Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер”, [5:44]

Ушул аятка ылайык, алар кафирлер, аларды өлтүрүү важиб, – дешет.

Ислам жашоосун кайрадан баштоо үчүн мына ушул тарыйкатка жетип келген кишилер биз бүгүн жашап жаткан вакиъ менен хадистер нассы далалат кылган вакиъ ортосундагы айырманы аңдай албай калышкан. Анткени, биз бүгүн көрүп турган куфри баввах-ачык куфр биздин заманыбызда башталган жок. Биз эсибизди тааныганыбыздан бери өзүбүздү мына ушул куфр баткагында таптык. Биз дарул куфрда дүйнөгө келдик. Дагы деле мына ушул куфр диярында кайры исламий жашоодо жашап келе жатабыз. Бул дар жана бул жашоо биздин көз алдыбызда ушул абалга келбеди. Кафирлер Мустафа Кемел малайлыгында Халифалык мамлекетин кулатышкан маалда жашаган жана ошол маалда мукаллаф болгон кишилер бар эле. Халифалык кулатылгандан кийин мусулмандарга куфр түзүмдөрү менен өкүм жүргүзө турган акимдер келген. Мына ошол кезде мына бул ыплас кылмышты көргөн мусулмандарга ушул кылмышкерлерге каршы курал көтөрүшү важиб эле. Ислам колдонуу жолунда катуу каршы туруп алгандарды мына ошол кезде кырып жоготуу керек эле.

Демек, жогорудагылар далил катары келтиришкен хадистер ушуга далалат кылат, эгер акимдер куфри баввахты зохир кылышса, аларга каршы курал көтөрүүгө хытаб кылынган кишилер – бул дарул ислам дарул куфрга айландырылышына күбө болгон мусулмандар. Себеби, салтанат жана коопсуздук мусулмандардыкы болгон. Мына ушул мусулмандар халифага өздөрүнө Ислам менен өкүм жүргүзүшү негизинде байъат беришкен. Эгер, кимдир бирөөсү келип, ушул халифалыкты андан талаша турган болсо, мусулмандарга Аллах түшүргөн нерседен башкасы менен өкүм жүргүзүү үчүн халифадан салтанатты тартып алмакчы болсо – халифалыкты кайтарып бериши же Аллах түшүргөн кылган нерсе менен өкүм жүргүзүшү үчүн андан башка кишиге байъат бериши үчүн – качан ал “хукм-башкарууну талашуучу” Исламга кайтмайынча – мусулмандардын ага каршы согушуусу, эгер, кайтпаса аны өлтүрүшү важиб болот. Себеби, мурунку хадистин нассы мына ушундай;

إلا أن تروا كفرا بواحا

“Болгону куфри баввахты (ачык куфрду) көрсөңөр”. Бул жерде маселе мындай, силер акимдин куфри баввахты зохир кылганын көрбөгөнсүңөр. Силер муну бүгүнкү күнгө келип көрүп жатасыңар. Ошондуктан, бул Исламды куфрга алмаштырылышына күбө болгон кишиге каратылган хытаб. Бул хытаб андай алмаштырууга, өзгөртүүгө күбө болбогон кишилерге туура келбейт.

Бул биринчи жактан. Экинчи жактан, биз бүгүн жашап жаткан вакиъ, өзгөртүүгө муктаж болуп жаткан вакиъ дарул ислам эмес, бүгүнкү жашообуз да исламий эмес. Анткени, дарул исламда биргеликте табылышы керек болгон эки шарт бүгүнкү мусулмандар жашап жаткан өлкөлөрдүн эч биринде табылбайт. Бул эки шарттын биринчиси жашоонун бардык тармактарында Ислам өкүмдөрү колдонулушу жана экинчиси, дардын коопсуздугу мусулмандардын кол астында болушу.

О.э. экинчи хадисте келет;

قالوا أفلا نقاتلهم؟ قال:لا ما صلوا

“… Ошондо аларга каршы согушпайбызбы, – дешти. Ошондо Расулуллах с.а.в.: “Жок, ырасында, намазды аткарып жаткан соң, аларга каршы согушпайсыңар, – деди”.

Бул сөз: “Ырасында акимдер Аллахтын шариятын колдонушса аларга каршы согушпагыла. Эгер, Аллахтын өкүмүн таштап коюшса, ошондо аларга каршы согушкула”, – деген маанини түшүндүрөт. Бул да Исламды колдонгон акимдерди көргөн кишилерге каратылган хытаб.

Бүгүнкү, миладий 21-кылымдын баштарында мусулмандар жашап жаткан жана өзгөртүүгө муктаж болуп жаткан вакиъ болсо, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, хукмдун манаты-манатул хукм жагынан пайгамбарлыктан мурун Расулуллах с.а.в. Меккеде көргөн жана Мусъаб ибн Умайр Мединада тапкан вакиъге окшойт. Өзгөртүү үчүн аракет кылып жаткан даъватчылар өзгөртүү жараянында шаръий тарыйкатты кармашы үчүн, ушул вакиъге ылайык келе турган далилдерди жана шаръий өкүмдөрдү табышы үчүн ушул вакиъдын акыйкатын идирек кылышы керек эле. Бул акыйкат, коомдо Расулуллах с.а.в. Меккеде, ал эми Мусъаб ибн Умайр  Мединада амал кылышкандай жогоруда көрсөтүлгөн баскычтар боюнча аракет кылуудан турат.

Вакиъды өзгөртүүгө аракет кылган хизб жана жамааттардын айрымдары; “Коом исламий коом. Анда айрым кемчилик жана мүчүлүштүктөр бар. Бул коом түптөн өзгөртүүгө эмес, балким оңдоого муктаж”, деп ойлошту. Ошондуктан, алар оңдоо иштери менен алек болушту. Бул иштердин айрымдары мункар-бузук иштерди жоготуу, факир жана муктаждарга жардам берүү сыяктуу маддий болсо, айрымдары шахстардын ахлагын оңдоо сыяктуу маънавий эле. Натыйжада, алардын өздөрү да ишеништи жана төмөндөгү иштерди аткаруу менен туура жолдо экендиктерине башкаларды да ишендиришти:

1) Даъват баскычтарынын баарында маддий иштер менен алектенүү. Ошондуктан, мындай жамааттын мүчөлөрү көчөдөгү дубалдардагы жылаңач аялдардын сүрөттөрүн жыртып салуу, мас кылуучу ичимдик сатылуучу жерлерди талкалоодон, кээ бир коопсуздук кызматынын кызматкерлерин жана жооптуу адамдарды өлтүрүүгө чейинки маддий иштер менен алектеништи. Алар өздөрүнүн бул жолдоруна Расулуллах с.а.в. дын сөзүн камтыган Уббада ибн Самиттин төмөнкү хадисин далил катары келтиришет:

وان لا ننازع الامر أهله إلا أن تروا كفرا بواحا عندكم فيه من الله برهان

“… жана алдыбызда Аллахтан хужжат болгон ачык куфрду көрбөй туруп, ишти өз ээлеринен талашпоого (байъат бердик)”. (удандысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here