Дин тутуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты

257
0

Дин тутуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Бул тууралуу koomtalkuu.gov.kg сайтында жарыяланды.

Анда Кыргызстандын жарандарынын дин тутуу, диний бирикмелердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам долбоорунда Кыргызстанда дин жана диний бирикмелер мамлекеттен бөлүнгөнү белгиленген. Ошондой эле бардык диндер жана диний бирикмелер мыйзам алдында бирдей экени, бир дагы дин же атеисттик идеология мамлекеттик же милдеттүү боло албай турганы айтылган.

         Белгилүү болгондой, Кыргызстан СССР ураган соң капиталисттик идеологиянын светтик акыйдасын кабыл алууга мажбур болду. Башкача айтканда, дин турмуштан ажыратылган акыйдага негизделген республика пайда болду. Бирок, Кыргызстан калкы атеисттик доордо да өз акыйдасынан, тагыраагы Аллахтын жалгыздыгына жана анын мыйзам чыгаруучу сыпатына болгон ишенимден кайтпаган. Ошондуктан, светтик доордун башталышы менен өлкөдө Исламдашуу процесси күчтүү түс алды. Мындай абал колонизаторлордун кызматчысына айланган бийлик жетекчилерин жана капиталисттик мабданын түркүктөрү болгон эл аралык уюмдарды кооптондурду. Мындан улам, алар мусулмандарды экстремизм, терроризмде айыптап, Исламга каршы маалыматтык согуш алып барышты. Муну менен эле чектелбей, өлкөдө Исламдын жайылуусуна тосук коюу үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү да көздөп жатышат.

Түпкүлүгүндө, динди мамлекетке аралаштырбоо саясаты бүгүнкү Батыш дүйнөгө таңуулап жаткан куфр түшүнүк болуп эсептелет. Алардын мындай акыйдасы Аллах бар болсо да адамдардын жашоосуна аралашпашы керек, адамдар өздөрүнүн жашоосун тартиптөөгө, мыйзам чыгарууга кудуреттүү дегенди түшүндүрөт. Негизи, Ислам биздин жеке ибадаттарыбыздан тартып, мамлекетти башкарууну, саясат кылууну, экономиканы кантип өнүктүрүүнү, бюджетти кандай бөлүштүрүүнү, жаза-чараны кандай белгилөөнү, саламаттыкты сактоону, таалимди туура берүүнү жана аял-эркек алакасынан келип чыга турган социалдык маселенин баарын тартипке салып бере турган толук дин! Аны мамлекетке аралаштырбоо бүгүнкү күндө мусулмандар башынан өткөрүп жаткан кордукка дуушар кылат. Ал эми мамлекеттик деңгээлде колдонуу хулафаи рошидиндердин доорунан тарта Усманий халифалык кулаганга чейин уланып келген адилеттүү системаны, бакубат жашоону камсыз кылат. Мисалы, Умар ибн Хаттаб разиаллаху анху Египеттен түшкөн кирешелердин үчтөн бирин көпүрө, канал курууга жана суугаруу иштерин жолго коюуга сарптаган. Ушул эле халиф аялдар жөлөк пул алуу үчүн балдарын эрте эмчектен чыгарып жатышканын угуп: «Балдарыңарды эрте эмчектен чыгарбагыла, Исламда төрөлгөн ар бир балага жөлөк пул берилет», – деп жар салды. Ушул күндөн баштап бүткүл Халифалык аймагындагы ар бир төрөлгөн балага жүз дирхамдан, бала чоңойгондо эки жүз дирхамдан бериле баштады жана бала мектепке бара турган жашка жеткенде жөлөк пулдун көлөмү көбөйтүлдү. Ал эми, бешинчи рошид халифа деп атыккан Умар ибн Абдул-Азиз Ирактагы Абдулхамид ибн Абдуррахманга кат жөнөтүп, адамдарга акыларын берүүнү буйруду. Абдулхамид: «Адамдарга акыларын бердим, байтулмалда каражат артып калды», – деп кат жөнөттү. Умар ага: «Карап көр, ким ысырапкерчиликке жол бербестен карыз болгон болсо, анын карызын төлө», – деп кат жиберди. Абдулхамид: «Карыздарды төлөп койдум, байтулмалда дагы каражат артып калды», – деп жазды. Умар: «Кара, үйлөнмөкчү болгон, бирок, акчасы жок бойдоктор болсо, аларды үйлөндүрүп кой», – деп кат жазды. Абдулхамид: «Андай адамдардын баарын үйлөндүрдүм, байтулмалда дагы каражат артып калды», – деп кат жиберди. Умар: «Кара, эгер жизя төлөй албай жаткандар болсо, ишине жардам болушу үчүн аларга алдын ала карыз берип тур. Анткени, алар бизге бир же эки жыл үчүн гана керек эмес», – деди.

Андыктан биз, мусулмандар, өз Исламыбыздын өкүмдөрүн толук ишке ашыруу жолунда аракетибизди дагы да тездетип бара беришибиз шарт. Ал эми дин душмандарынын айла-амалдары Аллахтын айла-амалы астында кыпынга да арзыбай калаары анык.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here