“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча Казакстандан атайын жумушчу топ келет

234
0

“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча Казакстандан атайын жумушчу топ келет

17-декабрда Кыргызстанга “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча Казакстандан атайын жумушчу топ келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-декабрда Коомдук каналдагы маегинде билдирди.

Анын айтымында, ГЭС куруу маселеси эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолуккан учурда көтөрүлгөн.

“Казакстандагы эл аралык финансылык борбордун жана казак өкмөтүнүн атайын өкүлдөрү “Камбарата-1” ГЭСин куруу боюнча президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келатышат. Өзбекстан өкмөтү менен “Камбар-Ата-1дин” ТЭО (техникалык-экономикалык негиздемеси) иштеп чыгып жатабыз. Казакстандык кесиптештер келсе алар менен дагы ТЭОлордун баарын иштеп чыгып, бир финансылык моделге келебиз, эмдиги жылдан тарта кура баштайбыз”, – деди өкмөт башчы.

Буга чейин 2017-жылдын 6-октябрында “Узбекгидроэнерго” менен Кыргызстандын “Улуттук энергохолдинги” долбоор боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан. Ал эми, Садыр Жапаров 11-12-марттагы Ташкентке сапары учурунда “Камбар-Ата-1” ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан. Бирок, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдер Орусия Тажикстан-Кыргызстан чек ара окуясын чыгаруу менен эскертүү бергенден кийин токтоп калган эле. Анткени, Орусия Орто Азиядагы ГЭС, темир жол сыяктуу ири долбоорлордун анын аралашуусусуз ишке ашышына бүткүл аракети менен каршы турат.

Демек, Кыргызстан менен Казакстандын ГЭС куруу аракеттеринде дагы эки өлкөнүн кызыкчылыгы болгону менен Орусиянын аралашуусу жок аягына чыгуусу акыйкаттан алыс. Анткени, Орусия Орто Азиянын өз ара интеграциясы анын кызыкчылыгына каршы Батыш долбоору экенин жакшы билет. Ошондуктан, “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу эгер Россия күчүндө турса, ал өз компаниясын алып кирүү менен же Казакстандын Орусиянын ыраазылыгын алуусу аркылуу гана ишке ашуусу күтүлөт.

Түпкүлүгүндө, электр энергиясын өндүрүү үммөт кызыкчылыгындагы иш болуп, бүгүнкү капиталисттик системадагы коррупциялык, монополисттик схемалардын айынан калктын муктаждыгы камсыздалбай келет. Мындай абалдын түзүлүшүнө атайын кризистик абалды жаратуу менен тарифти кымбаттатуу кызыкчылыгы себеп болууда. Тарифтин кымбатташына империалисттик эл аралык уюмдар кызыктар. Маселен, Кыргызстандагы тарифтин кымбатташына байланыштуу Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерде мындай деген: “Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз”. Тарифтин кымбат болушу өндүрүштүн өздүк наркын көтөрүлүшүн шарттап, чет элдик товарлардын агып киришине алып келгендиктен, каржылык уюмдар чет элдик капиталисттердин кызыкчылыгын коргоп беришет.

Жыйынтыктап айтканда, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан калкы алгач бул капиталисттик түзүмдөн баш тартып, колонизаторлорду кууп чыкканга чейин өз мүлкүн өзү эркин колдоно албайт. Ал эми аларды кубалап чыгып, калктын кызыкчылыгын коргоп бере турган система Исламда гана бар. Ушундай болгон соң, калк жана анын башындагылар ушул жолдо аракет кылалы!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here