ШАЙЛОО: ДЕМОКРАТИЯ ИШЕНИМДЕН КЕТТИ

87
0

ШАЙЛОО: ДЕМОКРАТИЯ ИШЕНИМДЕН КЕТТИ

Кыргызстанда 2021-жылы 28-ноябрда жаңы системанын негизинде парламенттик шайлоо болуп өттү. Эске сала кетсек, былтыр, 2020-жылы октябрда парламенттик шайлоо өткөн жана анда нааразылык жаралып, элдик толкундоолордун натыйжасында ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. Акыбетте бийлик алмашкан.

Бул жолку шайлоо – мурунку бийликтер айтып келгендей эле – азыркы бийлик тарабынан да «таза өттү» деп бааланууда. Жана адаттагыдай эле, оппозиция тарабынан «ыфлас» өткөндүгү белгиленүүдө. Негизи, буга чейин бир да шайлоо таза өткөн эмес, азыркысы да алардан айырмаланган жок. Болгону, ыфлас шайлоонун «формасы» гана өзгөрүп, «мазмуну» ошол бойдон калды. Айрым адамдар бул шайлоодо административдик ресурс жана добуш сатып алуу салыштырмалуу аз колдонулгандыгын айтышууда. Ооба, бирок, электрондук шайлоо системасы аркылуу бийлик белгилеп койгон натыйжа жүзөгө чыгышы анык болгон соң, административдик басым менен добуш сатып алуунун эмне кажети калмак эле. Болгону, мындагы айырма, бийликке келмекчи болгон байлар элге акча чачпастан шайланып алышты. Алдын ала белгилеген натыйжа демекчи, бул шайлоонун жыйынтыгы мурун айрым эксперттер алдын ала болжолдолгон «прогнозго» дал келип калды. Ал божомолдордо бийликчил канча талапкер, оппозициядан канча талапкер парламентке келери тууралуу баяндалган эле. О.э. партиялык тизме менен өтүп келген талапкерлердин катар номерлери да муну тастыктап турат. (Бул орунда сервердеги «сбой» тууралуу кеп кылбайбыз, ал өзүнчө кеп кылууга арзый турган маселе).
Эмки кебибиз болсо шайлоого элдин катышуусу жаатында болмокчу. Мурунку бардык шайлоолорго салыштырмалуу бул шайлоого элдин катышуусу эң аз көрсөткүчтө болду. Бийлик катышууну 35% деп көрсөтүүдө. Бирок, бул көрсөткүч да алдын ала белгиленип, көбөйтүлүп көрсөтүлгөнү. Бирок, чыныгы абал 30%дан азды түздү. Негизи, мурунтан шайлоого катышуулар алдын ала о.э. элди ишендире тургандай көрүнүштө белгиленип келген. Учурдан пайдаланып, алардын айрымдарын эске сала кетебиз:

Президенттик шайлоолор:
1991-жыл – 89%
2005-жыл – 75%
2011-жыл – 61%
2017-жыл – 56%
2021-жыл – 39%

Референдумдар:
1998-жыл – 96%
2007-жыл – 81%
2010-жыл – 72%
2016-жыл – 42%
2021-жыл январь – 40%
2021-жыл апрель – 37%

Парламенттик шайлоолор:
2007-жыл – 74%
2010-жыл – 56 %
2015-жыл – 59%
2020-жыл* – 57%
2021-жыл – 35%

Ушулардан көрүнүп тургандай, элдин уламдан-улам шайлоолорго аз катышып баратканы адамдардын демократиялык (т.а. капиталисттик) системага болгон ишеними азайып бара жатканын көрсөтөт. Себеби, абал жакшылангандан көрө улам жамандашып жатканын адамдар жон-териси менен сезип жатат. Жалпысынан, өлкөбүздө үч жолу төңкүрүш жасалды, алардын ар бири шайлоо артынан болду. Эл ар бир шайлоонун, ар бир төңкөрүштүн артынан жакшы жашоону үмүт кылышты. Бирок ар сапар элдин үмүтү таш каап, кайрадан эле капиталисттер бийликти ээлеп алышып, калктын жашоосуна кам көрүлгөн жок. Тескерисинче, капитализмдин зулуму күчөдү.

Мына ушулардын акыбетинде, эл демократиядан үмүтүн үзгөнүн шайлоого 35% катышуусу менен көрсөттү. Андан тышкары, адамдар шайлоо бурмаланганын, алдын ала кимдер, кайсы партиялар өтөрү белгилеп коюлганын билсе да, ошондой эле, оппозиция шайлоонун натыйжасына нааразылык билдирүүгө чакырса да, эл «бириң өлүп, бириң кал» таризинде, активдүү аракеттерге өткөн жок. Ошондуктан, былтыркы шайлоодогудай толкундоолор болбоду.

Азыр, биз, мусулмандардын алдында хикматтуу алтын учур турат. Эл капитализмдин зулумун түшүнүп жетип, идеологиялык боштук пайда болду. Бирок, өлкөдөгү мусулмандарда капитализмге альтернатива боло турган, анын ордун ээлеп, адилеттик орното турган башка система т.а. Ислам жөнүндө коомдук пикир жок. Ошондуктан, биз бул алтын учурдан пайдаланып, Исламды идеология, бүтүндөй бир система катары көтөрүп чыгып, элге жеткирүүбүз керек. Ислам системасы дүйнө турмушубуз үчүн гана жакшы жашоону алып келбестен, ахыреттеги жашообуз үчүн жакшылыкты кепилдей турган Аллахтын дини экенин түшүндүрүшүбүз зарыл. Албетте, бул даъватчыларыбызга көп мээнеттерди милдеттендирет.

﴿لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ﴾

«Амал кылуучулар мына ушундай (түбөлүк бакыт) үчүн амал кылышсын!» [Ас-Саффат – 61]

Туркистон 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here